Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Британияда эки партия заманы бүтүшү мүмкүн


Негизги атаандаштар - консерваторлордун лидери Дэвид Кэмерон (солдо) лейбористтердин лидери, азыркы премьер-министр Гордон Браун менен телетаймаш башталар алдында. Мындай саясий телеэрөөлдөр өлкөдө быйыл биринчи мерте өткөрүлдү.
Негизги атаандаштар - консерваторлордун лидери Дэвид Кэмерон (солдо) лейбористтердин лидери, азыркы премьер-министр Гордон Браун менен телетаймаш башталар алдында. Мындай саясий телеэрөөлдөр өлкөдө быйыл биринчи мерте өткөрүлдү.

Британияда бүгүн – жалпы элдик шайлоо. Коомдук пикирдин акыркы күндөгү көрсөткүчтөрүнө таянып, байкоочулар консервативдүү партия негизги атаандаштардан 5-6 процент алдыга чыгарын жосмолдоп жатышат. Эгер ушул жоромол чын чыкса, анда өлкөдө көп жылдардан соң биринчи мерте курама өкмөт пайда болушу мүмкүн.

Британияда бир кылымга чукул мезгилден бери алмак-телмек бийликте болуп келаткан эки партиянын – консерваторлор менен лейбористтердин – үстөмдүгүн бул жолу либерал-демократтар бузушу ыктымал.

Коомдук пикирдин акыркы күндөрдөгү натыйжалары шайлоочулардын 35 проценттейи торилерди, 30 проценттен саал ашыгы – лейбористтерди, ал эми 24 проценти либерал-демократтарды колдой турганын көрсөттү.

Ушундай көрсөтүчтөргө таянып, айрым гезиттер кечээ өздөрүнүн жоромол-жосмолдорун жарыялашты. Financial Times, мисалы, эгер шайлоо жарышы өйдөкүдөй жыйынтык менен аяктай турган болсо, парламент "асылган" абалда калат, биринчи орунду алган торилердин лидери Дэвид Кэмерон либерал-демократтар же Түндүк Ирландиянын партиялары менен келишим түзөт да британ парламентинде башкы оюнчу болуп калат деп болжолдоду. Кокус анте албаса, Кэмеронго мөөнөтсүз кайра шайлоо өткөнгө чейин консервативдүү азчылыктын өкмөтүн жетектегенге туура келет.

Ошол эле "асылма парламент" абалында лейбористтер либерал-демократтарды коалиция кураганга көндүрүп, өкмөт башчылыгына азыркы премьер-министр Гордон Браунду же анын партиясынан башка бир талапкерди көрсөтүп, бийликте кала алат.

Иши кылып, кимдин бийликке келери бул жолу либдемдерге жараша болот шекилденет. Бирок алардын лидери Ник Клегг "эски саясий эки кликанын –лейбористтер менен консерваторлордун оюну" аны "өлөрчө жадатканын, бул эки партия өздөрүн жаралгандан эле өлкөнү алгоолошуп башкарганга укук алгандай эсептерин" айтып, шайлоочуларды "көп жылдардан бери кожоюн болуп келаткан ушул эки партиянын ортосундагы жолду - аларга теңтайлаш жолду тандап алганга" чакырды.

Кечээ атаандаш партиялар шайлоочуларды өз тарабына тартканга акыркы аракеттерин жасашты. Консерваторлор соңку сааттарда "оор артиллерияны" – ирак маселесин саясий майданга алып чыгышты. Алар британдыктарды Ирактагы согушка тарткан лейборист Тони Блэр болгонун электоратка эскерткен чакан үгүт тасмаларын ар кайсы телеканалдар аркылуу байма-бай көрсөтүп турушту.

Лейбористтер да бийликке консерваторлорду койо бербес үчүн колдон келген бардык айла-амалдарын жасашты. Өз тарапкерлерин алар лейбористтердин чамасы жетпеген жерлерде либерал-демократтарды колдоп добуш бергенге чакырып, Ирактагы согушка каршы консерваторлор эмес, дал ушу либерал-демократтар башынан эле катуу каршы чыгышканын эске салышты.

Ник Клегг болсо өз максатын өлкөдөгү эки партиялуу системаны,айрыкча аларга артыкчылык берген можаритардык шайлоо системасын өзгөртүүдөн көрөт. "Шайлоо укугун реформалоо жаңы өкмөттүн биринчи кадамы болуп калууга тийиш, ишти баарыдан мурда саясий системага калктын ишенимин бекемдөөдөн баштоо керек", - деп билдирди ал.

Соңку сексен жыл бою торилер менен лейбористтер бийликти башка партияларга бербей, өлкөнү алмай-телмей башкарып келишти. Алардын ушул саясий ооматы сакталып калар-калбасы, премьерлик кызматка жаңы киши келер-келбеси бир-эки күндөн соң, атүгүл бүгүн түн жарымына барып эле дайын болуп калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG