Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Британияда шайлоо жүрүп жатат


 Утушка жетет делинген атаандаш үч партиянын - либерал-демократтардын лидери Ник Клегг (солдо), лейбористтердин жетекчиси Гордон Браун (ортодо) жана консерваторлордун башчысы Дэвид Кэмерон (оңдо).
Утушка жетет делинген атаандаш үч партиянын - либерал-демократтардын лидери Ник Клегг (солдо), лейбористтердин жетекчиси Гордон Браун (ортодо) жана консерваторлордун башчысы Дэвид Кэмерон (оңдо).

Британияда добуш берүү кыйгас кызып баратат. Бириккен падышачылыктын 44 миллион жараны шайлоочу болуп катталган, алардын канчасы добуш бергени келет – бул бүгүн кечинде билинет. Буга катарлаш парламенттин төмөнкү палатасындагы 650 мандат талапкерлерден кимдерге тийгени маалым болот.

Добуш берүүчү жайлар жергиликтүү убакыт боюнча эрте мененки саат жетиде ачылды, кечки саат ондо жабылат.

Парламентке өткөргөнү ондогон партиялар өз өкүлдөрүн талапкер кылып көрсөтүштү. Алардын саны жалпы эсепте 4150дөн ашат. Бүт өлкө 650 шайлоо округуна бөлүнгөн, ар биринен бирден гана депутат шайланат.

Өз өкүлдөрүн талапкер кылып көрсөткөн партиялар арасында шотланд жана уэлс улутчулдары, жашылдар сыяктуу олуттуу күчтөр бар, ошол эле учурда саясий эргежээл эсептелген, атүгүл шакаба үчүн түзүлө калган "Жаңы миң жылдыктын буурчактары" өңдүү партиялар да бар.

Мандат үчүн күрөш негизинен өз ара эгешип-таңашып, эгей-шыгай күч боло алар үч партиянын – лейбористтер, консерваторлор жана либерал-демократтар ортосунда болмокчу. Алардын лидерлери Гордон Браун, Дэвид Кэмерон жана Ник Клегг британ шайлоо тарыхында быйыл биринчи ирет түз ободо телетаймаштардын түрмөктөрүн өткөрүштү. Быйыл ошондой эле биринчи мерте өлкөдө коалициялык өкмөт куралып калышы мүмкүн.

Адатта өкмөт түзүү укугу жалпы мандаттардын теңинен ашыгын алган партияга берилет. Коомдук пикирдин кечээки көрсөткүчтөрүндө колдоочуларынын көптүгү жагынан консерваторлор саал алдыга чыкты, ал эми лейбористтер менен либерал-демократтардын шайлоочулар арасындагы тарапкерлери теңме-тең болду.

Үч партиянын лидерлери акыркы апталарда үй бетин көрбөй, тыным билбей бүт өлкөнү кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүштү.

Кечээ жалпы шайлоочуларга кайрылып, азыркы премьер-министр Гордон Браун: "Баарыңар келгиле, лейбористтер үчүн, лейбористтер өкмөтүнө добуш бергиле",- деп чакырды.

"Өзгөрүү үчүн добуш бергиле, консерваторлорго добуш бергиле, өлкөгө үмүт бергиле. Биз биргелешип күчтүү, мыкты өлкө түзөбүз, Британиянын урматы үчүн жеңип чыгалы, достор!" – деп үндөдү Дэвид Кэмерон.

Либерал-демократтардын жетекчиси Ник Клегг болсо жол тандай турган маал келгенин, эски, өткөндөгү саясат менен жаңы келечектин саясаты ортосундагы жолду тандоо зарылдыгын эске салды.

Британдык шайлоочуларды кайсы лидердин чакырыгы көбүрөөк ийиткени бүгүн кечинде белгилүү болот. Шайлоонун ырасмий жыйынтыктары эртең таңга барып жарыяланат.

XS
SM
MD
LG