Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Экономика: Британ бюжети кризистин тереңдигин айгинеледи


Дарлинг келерки жылдын бюжетин салган папкеси менен, 22-апрел, 2009-жыл
Дарлинг келерки жылдын бюжетин салган папкеси менен, 22-апрел, 2009-жыл

Британиянын каржы министри өлкөнүн жаңы бюжетин жарыялаганда, экономика канчалык оор абалда экендиги айгине болду. Алистер Дарлинг экономика быйыл үч жарым пайызга төмөндөй тургандыгын билдирди. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң начар көрсөткүч. Ал ошондой эле карыз алуу Улуттук дүң өндүрүшүнүн 12 пайызына жетээрин эскертип, бир эле мезгилде, жыл аягына чейин кайра өсүш башталат деп ырастады.

Дарлинг Британияда жумушсуздук өсүп, 2.1 миллионго жеткен, өкмөт акыркы финансылык жылда рекорддук 126 миллиард доллар карыз алган тапта жаңы бюжетин жарыялады. Комментаторлор белгилегендей, ал өз планында кризисти өкмөт мамлекеттик казнаны жайдак калтырбай жөнгө сала алаарын көрсөтүшү керек болду.

Ал ошондой эле элди өлкө жакын арада кайра оңолуунун жолуна түшөөрүнө ишендирип, бир эле мезгилде куру оптимизм жаратпашы зарыл эле. Натыйжада парламенттеги сөзүндө каржы министри кыйынчылыкты моюнга алуу менен катар үмүттүү оюн да ортого салды:

– Улуттук дүң өндүрүшүнүн өсүшү боюнча менин божомолум - минус 3 жарым пайыз. Бул башка көз карандысыз прогноздорго шайкеш. Бирок биздин ички резервивизди, өлкөдө жана эл аралык деңгээлде көрүлүп жаткан чараларды эске алганда, жыл аягына чейин өсүш башталат деп эсептейм.

Мындай жандануу, Дарлингтин айтымында, улам тездеп отуруп, келерки жылы 1.25 пайызды, андан кийинки жылы 3.5 пайызды түзөт. Бирок Дарлиң өкмөт 245 миллиард доллар карыз алууга мажбур болоорун эскертти. Бул Британиядагы бардык өндүрүштүн 12 пайызынан ашат.

Министр жумушсуз калгандарды колдоого жана эски машиналарды жаңысы менен алмаштырууга дээрлик эки жарым миллиард доллар сарпталаарын да бышыктады. Бул каражатты чогултуу үчүн, 2010-жылдан тартып, эң бай деген британдар кирешесинен 50 пайыз салык төлөөгө тийиш болот.

Бюджет бийликтеги лейбористтик партия келерки жайда өтө турган жалпы шайлоого камтама болуп турган мезгилде жарыяланды. Өкмөт башында 1997-жылдан берки турган бул партия сурамжылоолордо оппозициядагы Консервативдик партиядан артта келатат.

Дарлингдин бюжетине байланыштуу консерваторлордун жол башчысы Давид Камерон өкмөт өлкөнүн экономикасын астын-үстүн кылды деп ырастады:

- Бул министр бизге мамлекеттик карызды эки эселенте тургандыгын айтып жатат. Демек ал келерки эки жылда 348 миллиард фунт стерлинг карыз алат экен. Бул деген Биртанияда акыркы 300 жылда бардык өкмөттөр алган карыздардын баарын кошкондон да көп.

Консерваторлордун күйүп-бышканы, эгер келерки шайлоодо жеңип чыкса, аларга балким кыйсыпыр түшкөн экономиканы «мураска» алууга туура туура келет.

– Менимче, Консерваторлор менен лейбористтердин ортосундагы ажырым - сурамжылоолордогудан кыйла аз. Ошондуктан консерваторлор көч башында келатат деген аша чапкандык болот. Бирок эгер өкмөт акция базарларынын ишенимине кире ала турган, эл жакшы кабылдай турган саясат менен чыкса, мындай ажырым дагы кыйла азаймак, - деди Шеффилд университетинин саясат боюнча окутуучусу Мэтю Флиндерс.

Бирок жумушсуздук өсүп, жыл аяына чейин үч миллион киши ишсиз калат деп жатышкандарына караганда, азыркы өкмөттүн алдында дагы көп кыйынчылыктар бар.

XS
SM
MD
LG