Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Саакашвили экс-санаалашы Буржанадзенин күйөөсүн да оппозиционерге айлантты


Грузиянын мурдагы төрагасы Нино Буржанадзе
Грузиянын мурдагы төрагасы Нино Буржанадзе

Грузияда автоматтык курал сатып алмак болду деп шектелип он адам, алардын ичинде экс-спикер Нино Буржанадзе башындагы оппозициялык партиянын бир нече мүчөсү кармалды. Оппозиция 9-апрелде президент Саакашвилинин бийликтен кетүүсүн талап кылып, чоң демонстрация өткөрүүнү мерчемдеп жаткан.

Оппозициянын ана башы, экс-спикер Нино Буржанадзе камакка алууларды өзү башындагы “Бирдиктүү Грузия демократиялык кыймылына” каршы уюштурулган террорчулук деп атады.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Шота Утиашвилинин 23-мартта “Азаттыка” билдиришинче, тергөөчүлөрдү камалган адамдардын эмне үчүн кыскартылган Калашников автоматын сатып алмак болгону кызыктырууда. Буржанадзенин күйөөсүнүн айдоочусу, уулунун бир нече досун жана партиясын Аджар аймактык бөлүмүнүн башчысы да камакка алынган.

Камакка алуулар грузин оппозициясы Саакашвилинин президенттиктен кетүүсүн талап кылган көчө жүрүштөргө камданып жатканда жүргүзүлдү. 3-мартта Саакашвили Россияны анын батышчыл өкмөтүн төңкөрүү үчүн грузин оппозициясыны каржылоодо деп күнөөлөгөн. 20-мартта Чалгындоо кызматынын башчысы Гела Бежияшвили парламентте сүйлөп, Москваны Грузиядагы “кырдаалды бейстабилдештирүү аркылуу улуттук өкмөттү алмаштырууну көздөп жатат” деген.

Ш. Утиашвилинин сөзүнчө, кармалгандар куралды эмне максатта сатып алганын тергөө аныктайт:

- Алардын курал сатып алганы жатканын бүгүн далилдей алабыз. Курал эмне максатта колдонулмак болгонун айта албайбыз. Бирок кимдир бирөө Калашников автоматын сатып алса, аны ырасмий каттоодон өткөрө албайт. Бул автоматты үйүндө кармоо үчүн эле сатып алды дегенди билдирбейт.

Утиашвили камакка алуулардын артында саясый жүйө бар деген кепти негизсиз деп, полиция курал жарактын кара базарын Тбилиси жана башка шаарлардагы полицияканаларга жасалган чабуулдардан соң иликтей баштаганын айтты.

Дүйшөмбү күнү Грузиянын өкмөттүк телеканалы 1200 долларга үч даана Стечкин тапанчасын сатып алганы жаткан белгисиз адамдардын жашыруун тартып алынган тасмасын көрсөттү. Бирок тасмадагы адамдардын ысмы айтылган жок. Нино Буржанадзе телеберүүдөн кийин анда көрсөтүлгөн видетасма соттун өкүм чыгаруусуна негиз боло албасын, ага татыктуу эмес деген пикирин билдирди:

- Мен саясатчы эмес, профессионал юрист катары теледен көрсөтүлгөн тасма сотко кимдир бирөөнүн күнөөсүн далилдегенге жарайт деп айта албайм. Мындай видеотасмалар кандай даярдалганын баарыбызга белгилүү.

Буржанадзенин күйөөсү Бадри Бицадзе аны камакка алууну Саакашвили талап кылып жатканын, ага ички иштер министри Вано Мерабишвили эскерткенин “Азаттыкка” билдирди:

- Мени камакка алууну президент талап кылып жатканын жана ага каршы тура албасын Мерабишвили өзү кабарлап, мага өлкөдөн чыгып кет деп кеңеш берди. Мен эч жакка кетпейм. Алар качан камакка алат деп күтүүдөмүн.

Буржанадзе жана Саакашвили 2003-жылкы Розы ынкылабында жакын санаалаштар болушкан. Буржанадзе спикер катары 2007-жылдын ноябрында Тбилисидеги анти-өкмөттүк демонстрацияны суу бүркүп жана көздөн жаш агызчу газ колдонуп таркатууну колдогон. Бирок 2008-жылдын май айындагы парламенттик шайлоо алдында Саакашвили демократиялык баалуулуктарды тепсөөдө деп, оппозицияга өткөн.

“Мыйзамсыз курал-жарак сатып алуу” окуясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:32 0:00

XS
SM
MD
LG