Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Буш мажара жазды


АКШнын экс-президенти, кенже Жорж Буштун жаңы эле дүкөндөргө сатыкка түшкөн китеби.
АКШнын экс-президенти, кенже Жорж Буштун жаңы эле дүкөндөргө сатыкка түшкөн китеби.

АКШнын экс-президенти кенже Жорж Буш Ак үйдө өткөргөн сегиз жылын эскерип, китеп жазып чыгарды. Жарым миңдей беттен турган мажарасында ал эң талаштуу чечимдерин коргоп, саясий жана экономикалык чөйрөдө кетирилген каталыктарды моюнга алган.

Ак үйдөн кеткенден бери Жорж Буш эки жыл бою эл көзүнө көрүнбөй калган эле. Ушул аптанын башталышында ал кайрадан жаңылыктардын башкы темасына айланды. Буга анын жаңы эле басмадан чыгып, китеп дүкөндөрүнө түшө баштаган саясий мажарасы себепчи болду.

Беш жүз беттен турган китеп "Түйүндүү чечимдер" деп аталат. Буш өзүнүн президенттик жылдарындагы бурулуш учур катары санаган он төрт чечим жана алардын кабыл алыныш таржымакалын баяндаган.

NBC телеканалындагы уламал кебинде Ирактагы согушту Буш эң кыйын чечим деп атады. Айрыкча Ирактан массалык апаат куралдары табылбай калганын өзгөчө чоң өкүнүч менен белгиледи. Ошол эле учурда Иракка басып киргенге көрсөтмө бергенин азыр да туура чечим деп эсептейт. Буштун айтымында, бул согуш 25 миллиондой ирак калкын Саддам Хусейндин чеңгелинен бошотуп, эркиндикке жол ачып берди.

Бушту,анын ичинде АКШны осол абалда калтырган дагы бир жагдай катары китепте америкалык аскерлердин Абу-Грейб түрмөсүндөгү айыш-аширет иштери аталат. Бирок Буш баары бир согуш үчүн кечирим сурагандан баш тартты.

"Кечирим суроо - ошол чечим жаңылыш болгонун моюнга алуу болмок, бирок мен аны натуура болгон деп эсептебейм",-деп айтты Буш.

Экс-президент террорчу деп шек туудурган туткундарды сууга тумчуктуруп суракка алган ыкмаларды да коргоду.

"Кеңешчилеримен: "Ушул ыкма мыйзамдуубу? "- деп сурадым. Алар мыйзамдуу дешти. Анда аларды колдонгула деп айттым. Азыр да айта алам: бул ыкмалар көп адамдын өмүрүн сактап калды", -деп ырастады Буш.

Китепте ошондой эле Буш Ирандын атом жайларына сокку уруу планын иштеп чыкканга көрсөтмө бергени, бул маселеде Ак үйдөгү кеңешчилер эки ачакей көз карашта болушканы айтылат. Мындан тышкары Буш терең талдап-таразалап чыккан соң Иранды абадан бомбалоону сунуш кылган Израилдин демилгесинен баш тартканын тастыктайт.

Ички турмуштагы иштерден Буш "Катрина" капсалаңы маалында чоң калпыстык кылганын эскерет. Атактуу ырчылардын бири Бушту кара түстүүлөргө караманча камкордук көрбөгөнү үчүн айыптап, аны расист деп атаганын эстеп, буга абдан ачуусу келгенин, муну дегеле президенттик мезгилиндеги эң жаман учур деп эсептей турганын моюнга алды.

Буш экономикада башталган төмөндөө арымына анчейин маани бербей койгону үчүн да өкүнөт.

Британияда чыгуучу "Таймс" гезитиндеги уламалында Буш ошо кездеги британ премьери Тони Блэрге ирак согушуна катышпай эле кой деп өтүнгөнүн, бирок ал кантсе да АКШнын планына кошулганын ырастады.

Буштун сөздөрүнө караганда ал мындан ары саясаттан оолак болгусу келет шекилденет. Кабарчылардын бири республикачыл партиядан вице-президенттикке талапкер болгон Сара Пейлиндин 2012-жылы боло турган шайлоодогу чама-чаркы тууралуу сурады эле, Буш ага: "Сиз мага кайра ушул сазга киргенди сунуш кылып жатасызбы?"-деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG