Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Буш Кабулда болду


Хамид Карзай Кабулда Жорж Бушка медаль тапшырды
Хамид Карзай Кабулда Жорж Бушка медаль тапшырды

АКШ президенти Жорж Буш дүйшөмбү күнү күтүүсүз сапар менен Кабулда болду. Ооганстандагы кырдаалга баа берип, Буш тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн дагы көп күч-аракеттер керек болорун белгиледи.

Кабулга келер замат Буш АКШнын Баграмдагы аскер базасында болуп, америкалык жоокерлер менен жолугушту. Азыркы Ооганстанды мындан сегиз жыл мурдагыдан таптакыр башка өлкө катары мүнөздөп, Буш америкалык контингент көпкө үмүттөндүргөн ийгиликтерге жетишип жатканын кошумчалады.

Буш Ооганстанга кошумча аскер күчтөрү керек болорун бышыктады жана бул жагынан жаңы президент Барак Обаманын планын колдоду.

Кабулда президент Хамид Карзай менен өткөргөн сүйлөшүүлөр учурунда эмдиги администрациянын тушунда да АКШ Ооганстанга колдоо көрсөтө берерине ишендирди. Ооган лидери өз кезегинде Ооганстанга көрсөтүлүп жаткан эл аралык жардамдар үчүн ыраазылык билдирди. Кабулдагы маалымат жыйынында Карзай өкмөт “терроризмди жана экстремизмди жеңип чыкмайынча, коркунучтардын баарын четтетмейинче эл аралык коомчулук менен кызматташууну уланта берерин” белгиледи.

Жергиликтүү кабарчылардын бири соңку сегиз жыл ичинде АКШ ооган калкынын коопсуздугун бекемдөөдө олуттуу натыйжаларга жетише албаганын айтты эле, Буш буга макул болгон жок. “Талиптер калкка такай дүмөк салып турган эле, эми алар бийликтен четтетилди. Бу жагынан талашсыз ийгиликтер болду”,-деп белгиледи Буш. Ошол эле учурда ал алдыда дагы көп иштер турганын да моюнга алды. Талиптерди толук талкалоо үчүн ал ооган бийликтерин Пакистан менен тыгыз кызматташ болууга чакырды.

Ооганстанга Буш Ирактан учуп келди. Жекшемби күнү Багдадда ал премьер-министр Нури ал-Малики менен коопсуздук келишимине кол койду.

Багдаддагы маалымат жыйынында кабарчылардын бири Бушту албууттана сөгүп-сагып, ботинкасы менен атып урду эле, тийбей калды. Аны адегенде ирак журналисти дешкен болчу, териштире келгенде Египеттин “Ал-Багдадиа” телеканалына иштеген кабарчы болуп чыкты.

Ким бирөөгө бут кийимин ыргытуу ислам салтында мазактоонун эң жаман түрү деп эсептелинет. “Бул сага ирактыктардан белек болсун, иттин баласы! Жесир калган аялдардан, жетим калган балдардан, Иракта жайран болгон маркумдардан сага таберик болсун!” –деп буркулдады кабарчы.

Сакчылар аны кармап чыгып, тергөө мекемелерине тапшырышты. Кабарчыны аерде суракка алышты. Буш кийин бул окуяны комментариялап, “таза кызык иш болду” деп тамашалады.

Буштун Багдаддагы жана Кабулдагы визиттери анын президент катары акыркы сапары болду. Эмки айда ал бийлигин тапшырат.

XS
SM
MD
LG