Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

АКШ чочубаган реактордон Израил коркууда


Ирандын Бушехр атомдук электр станциясы
Ирандын Бушехр атомдук электр станциясы

АКШ Ирандын биринчи атомдук станциясын Россия отун менен камсыздагандыктан, Ислам Республикасына уран байытуучу ишкананынын кереги жок деп санайт.

Мамдепартаменттин өкүлү Дэрби Холладейдин ишемби, 21-августта билдиришинче, Ирандын Бушехр АЭСине Россиянын электр энергиясын өндүрчү реакторду куруп бергенин АКШ макул тапты жана реактор ядролук коркунуч туудурбайт деп ишенет. Бирок АКШнын Жакынкы Чыгыштагы союздашы Израил Бушехр АЭСинин реакторуна отунду жүктөөнү “такыр болбогон иш” деп санайт. Израилдин тышкы иштер министрлиги ишемби күнү жасаган билдирүүсүндө эл аралык коомчулукту Иранга кысым жасап, уранды байытууну жана башка реакторлорду куруусун токтоттурууга чакырды. Бушехрдеги реакторду отун менен жүктөө 21-августта Атомдук энерегия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин инспекторлорунун көзөмөлү астында башталган. Реактор үчүн отунду же байытылган уранды Россия берип турат.


Бушехр АЭСинин контролдоо борборунун көрүнүшү.

Бушехр атомдук станциясынын реакторуна отун жүктөп, ишке даярдоого адистер да карма-каршылыктуу пикирлерин айтууда. Британиянын Ирандагы мурдакы элчиси Ричард Дальтондун айтышынча, Бушехр АЭСинин реакторун пайдаланууну эл аралык мыйзамга каршы келбейт.

Бирок өткөн аптада АКШнын Улуттар Уюмундагы мурдакы элчиси Жон Болтон Израилдин Бушехрдеги реакторго сокку уруу мүмкүнчүлүгүнө токтолуп, Израил жетекчилиги андай кадамга эч качан барбайт деген божомолун айтты. “Ошол эле учурда реактор Иранга уранды байытууга катар ядролук куралдуу болууга мүмкүндүк берет. Бул Иран үчүн чоң, чоң жеңиш”, деген Болтон Кошмо Штаттардын Fox телеканалына берген интервьюда. Мындай кепти британиялык экс-элчи Ричард Дальтон көп колдобойт. Ал бирок Бушехр долбоорунун коркунучу бар экенин четке какпайт:

- Ирандын ядролук программасын токтоткусу келгендер өтө аз. Эгер программа толук токтотулбаса, кайсы бир учурда ядролук энергияны кыянаттык үчүн пайдаланчу кадрлар табылат. Экинчиден, Иран мындай адистерди эларалык көзөмөлдөн чыгарып, Россия менен келишимди чанып кетиши мүмкүн. Натыйжада, Иран ядролук куралдарды жайылтпоо келишиминен чыгып калат. Ошондо урандан плутонийиди согуштук максатта бөлүп алганга мүмкүн болот.

Ал эми Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун массалык кыргын салчу куралдарды жайылтпоо боюнча адиси Марк Фицпатриктин Ройтерс агенттигине айтышынча, эл аралык коомчулук Бушехр АЭСине алаксып, Ирандын уранды байытуусун көз жаздымында калтырып койбош керек.

XS
SM
MD
LG