Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Алматыдагы Арал саммити талаштарды дагы бир ирээт айкындады


Арал деңизиндеги бир кездеги порттун бүгүнкү көрүнүшү

Арал деңизиндеги бир кездеги порттун бүгүнкү көрүнүшү

Казакстандын Алматы шаарында Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык кордун саммити өттү. Бирок жыйындын жүрүшүндө расмий күн тартиптен тыш билдирүүлөр да жасалып, саммит аймактагы суу көйгөйүн ачык талкуулоо мүмкүнчүлүгү катары да пайдаланылды. Борбор Азия лидерлери пикир келишпестиктерди бул ирээт да жеңе алган жок.

Карама –кайчы билдирүүлөр

Алматыдагы 28-апрелде өткөрүлгөн саммит Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан президенттеринин биргелешкен билдирүүсүн кабыл алды. Долбоорду талкуулоо учурунда тажик президенти Эмомали Рахмон билдирүүдө аймактагы жаңы гидрокубат курулуштар жана суу пайдалануу маселелери жөнүндө сөз болуусуна ачык каршы чыкты жана алар документке киргизилген жок:


- Биз суу–энергетика маселелерин талкуулабайбыз деп макулдаштык элек. Мен ушундай сунуш берип, кесиптештеримдин баары тарабынан кабыл алынды эле. Бул жерде болсо кызуу талкуу жүрүп кетти. Анда менде да айта турган нерсе бар. Экспертизаны гидродолбоорлор менен курулуп жаткан ГЭСтерде эле жүргүзүү керек эмес, экспертиза дарыянын төмөнкү бөлүгүндөгү өлкөлөрдө курулуп жаткан, көлөмү Арал деңизинен эки эсе чоң суу сактагычтардан башталуусу керек. Биз ушуну талап кылабыз.

Саммиттин акырында мунаса менен кабыл алынган билдирүүдө Борбор Азия өлкөлөрү суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу боюнча аймактагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алган механизмди иштеп чыгууга кызыкдар экенин кайрадан ырастаары гана айтылат.
Экспертиза көлөмү Арал деңизинен эки эсе чоң суу сактагычтардан башталуусу керек.



Айткандай эле Алматыдагы саммиттин расмий күн тартибинде Арал корунун гана маселелери турганы менен жыйын Борбор Азиядагы суу бөлүштүрүү көйгөйүн дагы бир ирээт жогорку деңгээлде талкуулоо мүмкүнчүлүгү катары да пайдаланылды.


Саммитте жалгыз эле маселени талкуулоо макулдашылганын өз сөзүндө өзбек президенти Ислам Каримов да белгилегени менен ал гидроэкубаттык курулуштардын экспертизасы жөнүндөгү маселеге кайрылды.


Дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зелликтен жакында Өзбекстандын турумуна колдоо көргөзүлгөн кат алганын белгилеген Ислам Каримов ГЭСтер атүгүл совет доорунда да талаптагыдай эскпертизадан өтпөгөнүн эске салды:


- Мен ишенем, бир нече ирээт ишенем, бул (совет заманында ишке ашырылган) улуу долбоорлордун баары, анын ичинде бул жерде сөз болгон обьекттердин эч бири да олуттуу ойлонулбаган. Алар эл аралык турмай, кандайдыр бир эксперттик баадан да өткөн эмес.


Өзбекстан Борбор Азияда жаңы ГЭСтердин курулуусуна каршы экени жашыруун эмес.

Ислам Каримовдун ырастоосунда, Өзбекстандын турумун Дүйнөлүк банк, Азия банкы эле эмес, Евробиримдик да колдоодо. Ал Борбор Азия лидерлерин талаштуу, ар тарап өзүнүн бүгүнкү эле эмес, келечектеги кызыкчылыгын коргоп жаткан маселе боюнча үчүнчү өлкөлөрдүн кийлигишүүсүсүз жана талкууну саясий аспектиге чыгарбастан мунаса табууга үндөдү. Анткени Каримовдун пикиринде, бул талкууга аралашкысы келген үчүнчү тараптар өз кызыкчылыгын көздөйт. Өзбек президенти суу маселеси боюнча Борбор Азия өлкөлөрү ортосундагы кызуу талаш–тартыштар менен талкууларды табигый көрүнүш деп эсептейт.

Кыргыз президенти Курманбек Бакиев болсо саммиттеги сөзүндө суу топтогон кызматы үчүн Кыргызстанга коңшу өлкөлөр компенсация төлөөсү керектигин ишара кылып, өлкөдөгү суу сактагычтар Арал деңизине суунун куюлушун азайтпаганын белгиледи:



- Токтогул гидротүйүнүнүн алабында суунун агымы баардык мезгилдерде табигый деңгээлинен төмөндөгөн эмес. Калган учурларда, өзгөчө суу аз болгон кезде Токтогул суу сактагычынын компенсациялоочу жөндөмүнөн улам атүгүл табигый деңгээлден да ашып турган. Андыктан биз курулган суу сактагычтар суу ресурстарынын Сыр-Дарыя менен Аралга куюлган бөлүгүнүн байып кетишине таасир берген жок деп эсептейбиз.

Президент Курманбек Бакиев ошондой эле өз сөзүндө азыркы учурдун чечүүнү талап кылган эң маанилүү маселеси катары төмөнкүнү атады:

- Бул жерде чечүүнү талап кылган стратегиялык маселе - сууну агызуунун ирригациялык жана энергетикалык графиктерин жакындаштыруу жана компенсация ирээтинде отун ресурстарын берүү гана болушу мүмкүн. Бул - кызыкдар тараптардын мамлекет аралык кызматташтыгынын жана сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуунун предмети болуусу керек.


Аралды сактоо улантылат, бирок натыйжасы арсар

Какшып калуу коркунучунан арыла элек Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык корго азыр Казакстан төрагалык кылат.

Кор 1993-жылы Аралды сактоо, деңиздин бассейниндеги экологиялык абалды оңдоо багытындагы практикалык аракеттер менен программаларды биргелешип каржылоо үчүн Борбор Азиянын беш өлкөсү тарабынан түзүлгөн эле. Суу жана отун-кубат маселелери боюнча алатоолук эксперт Базарбай Мамбетовдун пикиринде, андан бери кордун ишинен олуттуу натыйжа деле көрүнбөй келет:

- Ошол 1993-жылдан бери 15 жыл өтүптүр да. Менин билишиме караганда, ошол корго эл аралык корлор, донор мамлекеттер 150 миллион доллардан ашуун акча караган экен жана ал каражаттын баары өздөштүрүлүптүр. Бирок Аралды сактап калуу боюнча иштерде эч кандай реалдуу натыйжа көрүнбөй турат. Кыргызстандын болсо Аралды сактап калуу боюнча эл аралык корго катышуусу символикалуу эле. Биздин ага эч тиешебиз жок. Канча суу келсе ошончону өткөрүп турабыз.

Буга чейин ишке ашырылган ар кандай долбоорлор Арал деңизинин бассейнидеги баардык көйгөйлөрдү чечүүгө олуттуу таасир көргөзүп, аймактагы экологиялык кризисти токтото албаганын эл аралык кор дагы моюнга алат.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин айтымында, 1961–жылдан бери Арал деңизинин көлөмү он эсеге азайган.

Деңиздин жылаңач түбү атмосферага 120 миллион тонна туз, кум жана башка заттарды чыгарууда жана алар бүткүл Евразиянын аймагына шамал аркылуу чачылып жатат.

Суу жана отун-кубат маселелери боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун көз карашында, Арал деңизин калыбына келтирүү ага суу өткөн кылымдын 60-жылдарындагы деңгээлде куюлуп туруусу керек дегенди туюндурат. Суу талашка түшүп жаткан азыркы шарттарда бул дээрлик мүмкүн эмес. Базарбай Мамбетов биз менен маегинде Арал көйгөйүнүн тарыхына мындайча токтолду:


- 1961-жылга чейин Арал деңизине Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыя бириккенде жылына эки дарыядан 60 миллиард кубометрге чейин суу келип туруучу экен. Азыркы убакта болсо бул эки дарыядан Аралга куйган суунун көлөмү 5 миллиардга да жетпейт. 1961-жылдан бери мына 48 жыл өттү. Ушул мезгил аралыгында Борбор Азия мамлекеттери, эң негизгиси, Өзбекстан суунун баарын айыл чарбасына керектеп, 1961-жылдан баштап 8 миллион гектар жерди өздөштүрүп, суунун баарын өзүнө буруп алган.

Деңизди мурдагы көлөмдө калыбына келтирүү жөнүндө сөз жүрүп жатпаганын Алматыдагы саммитте казак президент Нурсултан Назарбаев да белгиледи. Назарбаевдин айтымында, “сөз сууну тазалап, калкка таза суу берүү жөнүндө жүрүп жатат”.

Кордун аткаруу комитетине Арал деңизинин бассейниндеги калкка жардам көргөзүү боюнча жаңы программаны иштеп чыгуу, эл аралык уюмдар менен кызматташуу, кордун ишине сүрөөнчүлөрдү (донорлорду) тартуу үчүн зарыл болгон чаралардын баарын көрүү милдеттери тапшырылды.

“Арал деңизинин бассейнидеги экологиялык, экономикалык–социалдык абалды жакшыртуу боюнча конкреттүү аракеттердин программасы” деп аталган алгачкы документ 1994-жылы бекитилген. Экинчиси 2002-жылы Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитте жактырылган эле. Программа 2003-2010 жылга чейин эсептелген болчу. Казак президентинин айтымында, эми Арал боюнча үчүнчү жаңы программа түзүлөт жана келерки жылы деңиз көйгөйлөрүнө арналган эл аралык форум өткөрүлөт.



Тасма: Сыр-Дарыянын кайгы-муңу. АА.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG