Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Тажикстан: Коркунучтуу илдеттен 24 киши ажал тапты


Тажикстандын Турсунзаде районунда карахалак эки күндө 24 кишинин өмүрүн алды

Тажикстандын Турсунзаде районунда карахалак эки күндө 24 кишинин өмүрүн алды

Июль-августта Казакстандын түштүгүндө жана Тажикстандын айрым бөлүктөрүндө карахалак же Крым-Конго безгеги деген коркунучтуу илдет катталды.

Бул оорудан Тажикстандын батышындагы Турсунзаде районунда эки күн арасында 24 киши көз жумганы маалымдалды.

Июль айында Түштүк Казакстандын доктурларын коогага салган окуя болду. Түркстан районунун туругуну, 23 жаштагы Шохида Ысмайлованын ичиен кан кетип, аны токтотуу учун кеселге эки операция жасалды. Бирок хирургдар жаш эненени сактай алышпады. Капылет дарт Шохида Ысмайлованы, анын эми төрөлгөн баласынын, операцияга катышкан эки доктурдун жана бир педиатрдын өмүрүн жалмады. Жугуштуу оорунун вирусу дарыгер-педиатрга наристеден жукса, хирургдарга оорукчандын канынан жуккан деп тастыкталды.

Доктурлар беш адамдын өмүрүн жуткан илдетти карахалак же Крым-Конго безгеги деп аныкташты. Бул ооруу оболу 1940-жылдары Крымда андан кийин 1960-жылдардын аяк ченинде Конгодо кене чаккан адамдардан, ошондой эле жапайы жана үй айбанаттарынан табылган.

Августун баш ченинде эки күн ортосунда эле карахалактан Тажикстандын Турсунзаде районунда 24 киши набыт болгон. Кулябда карахалактын вирусу жуккан төрт киши айыкканы маалымдалды. Тажик бийликтери оорууну жайылтпоо максатында аймакка элдин каттамын бекем чектеп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери менен чогуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Америкалык дарыгер Пьер Роллин карахалактын вирусу жуккан адамдарды кылдат дарылоо зарыл экенин айтат:

-Айрым учурда ооруу жеңил өтүшү ыктымал. Биз ооруу эмне үчүн жеңил жана оор болорун билбейбиз. Кээде оорукчан сасык тумоодон айыккандай эле эки-үч күндө айыгып кетет. Кээ учурда: өпкөдө, бөйрөктө жана башка органдарда кан уюп, андан кийин уюган кан көбөйөт. Бул тамакты өздөштүрүү кезинде ичеги карын жабыркап пайда болгон кан кусуу, же кан аралаш ич өткөк болсо, андай оорукчанды өтө этияттап дарылоо шарт.

Крым-Конго безгеги чалдыккан адамдын денеси кескин ысып, оору жеңил болгон кезде да дененин температурасы 39-40 градуска чейин жогорулайт. Алгачкы 3-4 күндө дартка тушуккан адамдын дарманы качып, денеси алсырап,башы, сөөгү жана булчуңдары зыркырап ооруйт. Башы айланып, оорукчан акыл-эсин да жоготушу ыктымал.

Доктордун айтышынча, карахалактын вирусу кене чаккан малдын этин жеген адамга коркунучтуу эмес экен. Бу илдеттен сактануу үчүн доктор Роллин ар бир адам эң алды тазалыкты сактоосу зарыл дейт:

-Колуңузду самын менен тез-тез жууп турсаңыз териге жуккан вирус жок болот. Вирус тери аркылуу кирет деп ойлобойбуз. Бирок айыл жеринде жашаган адамдар колун самын менен мүмкүн болушунча тез-тез жууп турганы жакшы.

Каракалах жуккан адамдар менен мүмкүн болушунча аз байланышуу жана кол алышып саламдашпоо керек деп кеңеш берет америкалык дарыгер:

- Оорукчан менен байланышты кыскартуу керек. Вирус жукчу заттарды кармаганда колуңузга кол кап же пластикалык баштык кийип алгаңыныз оң болот. Вирусту кир жуугуч заттар жок кылат. Шейшепке кеселдин каны жугуп калса, аны кир жуугуч зат салынган чака-дагарадагы сууга жарым же бир саат калтырып койсоңуз вирус өлүп жок болот. Кесел пайдаланган бардык идиш-аяк, кашык, чыны-пиялаларды, инструмент-аспаптарды, отургучтарды тазалоону унутпаңыз. Бул айтылган буюмдардыдын баарын дезинфекциялап, кир жуугуч зат аралашкан суу менен пактап жууп туруңуз. Алар вирусту өлтүрүп, жок кылат.

Доктор Роллин Крым-Конго безгеги менен ооруган адамдан ичинен кан кетип же ич өткөккө чалдыгып, денеси сууну жоготкондуктан, ага суу берип берип туруу зарыл деп эскертет. Ошол эле учурда оорукчандын температурасын төмөндөтүү үчүн “Аспирин” дарысын бербөө керек, себеби “Аспирин” канды кетирет, деп кошумчалайт доктор Роллин.
XS
SM
MD
LG