Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

Москвада бүгүн Коллективдүү коопсуздук келишим уюму менен Евразия экономикалык жамаатташтыгынын жыйындары ачылат. Күн тартибиндеги маселелерден тышкары аларда Борбор Азиядагы суу проблемасы негизги тема болчудай.

Бери эле дегенде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Москвага ушул маселенин башын ачканы келди. Мунун айынан ал бүгүнкү жыйындарга катышуудан баш тартты деген кабарлар таркаган эле.

Суу маселеси Борбор Азиядагы өлкөлөрдү көптөн бери эле кер-мур айтыштырып келатат. Бирок жакында анын суру чындап сыртка чыкты. Буга орус президенти Дмитрий Медведев себепчи болду. Өткөн айдын этегинде Өзбекстанда визит менен болгон кезде ал аймакта ар кандай ГЭС курардан мурда бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу зарылдыгын айткан эле.

Буга катарлаш Москва Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушун финансылоодон айнып калганы тууралуу сөздөр чыккан. Россиялык, жергиликтүү маалымат каражаттары, эксперттер жана аналитиктер мунун баарынан Ташкен менен мамилесин жакшыртуу үчүн Москва Тажикстанды орто жолдо сайга аркандап кетти деген бүтүм жасашкан.

Өзбекстан быйыл чын эле Тажикстанга өп-чап газ берип, атүгүл Түркмөнстандан электр энергиясын да өткөрбөй, коңшуларды кыйын жагдайда калтыргансыды. Азыркы энергетикалык кризис үчүн тажиктердин көбү Өзбекстанды айыпташат.

Рашт өрөөнүндөгү тургундардын бири кыштын кычыроон суугунда өтө жаман абалда калышканын, арга жоктон алма багын кыркып,отунга жагып жатканын айтып берди. Алма бактан бул үй-бүлө оокат-ашка тыгынчык болгудай киреше алып турчу эле.

Ушундай эле каатчылыкка кабылган Кыргызстанга кечээ Россия 2 миллиард доллар суммасында кредит бергенге, мындан тышкары Камбар-Ата ГЭСинин курулушун теңшерик негизде курганга макул болду. Москванын бул чечимине бүгүнкү жыйындарда айрым өлкөлөр, айрыкча Өзбекстан өз мамилесин билдириши мүмкүн деп чочулашат.

Москвадагы Карнеги фондусунун эксперти Алексей Малашенко Россия Борбор Азиядагы суу талашына ортомчу болгонго аракет кылганы менен иш жүзүндө буга жөндөмү жетпейт деп эсептейт.

“Москва кызыкдар эки тарап тең кабыл алгыдай кылып өз позициясын так аныктай албайт. Өзбекстан менен Тажикстан канчалык кер-мур айтышпасын, баары бир бир-бирине керек экенин мыкты билишет, андыктан башка бир шарттарда башка бир ортомчуларды тапканга аракет кылышат. Эгер андай арачы табылса, бул Россиянын позициясын начарлатат”,-деп айтты Малашенко “Азаттыкка”.

КМШ өлкөлөр институтунун Орто Азия бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозиндин айтымында, Өзбекстан да, Тажикстан да ар түрдүүчө, бирок бирдей өжөрлүк менен Москвага: “Бизге ориентир кылгыла!” – деген ойду жеткиргени жатат.

"Бу болсо Россияга оңтойлуу эмес. Эгер ал Рогун ГЭСин кура турган болсо, анда Өзбекстандагы бир катар пландарын,анын ичинде газ долбоорлорун токтотконго мажбур болот. А кокус толугу менен Өзбекстанга ориентир жасаса, анда Россиянын Тажикстандагы экономикалык кызыкчыларын да унутканга туура келет”.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG