Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин Борбор Азияда болочок ГЭСтердин курулушу боюнча жакында Ташкентте айткан сөздөрүнөн кийин Тажикстан Орусияга нота жолдоду. Кыргызстанга болсо орус өкмөт башчысынын орун басары мурда жарыяланбаган иш сапар менен келип кетти. Ал эми айрым байкоочулар Москванын айткандары менен жасагандары шайкеш келбей жатканын белгилешүүдө.

Орус президенти Дмитрий Медведев өткөн аптанын соңунда Ташкентте расмий сапар менен болгон учурунда Борбор Азиянын суу байлыктарын пайдалануунун тартиби боюнча Өзбекстандын турумун колдогондой билдирүү жасаган эле. Башкача айтканда чек араларды кесип өткөн дарыялардын башында жаңы ГЭСтерди курууда суунун төмөнүндөгү өлкөлөрдүн кызыкчылыгы да эске алынуусу керектиги белгилеген:

- ГЭСтер коңшулардын пикирин эске алуу менен түзүлүүсү керек. Бул жерде обочодо аракеттенүү мүмкүн эмес. Эч кандай жыйынтыкка алып келбейт же карама-каршылыктарды жөнгө салуунун коркунучтуу багыттары менен ыкмаларын айтпаганда да, экономикалык эмес, саясий ыкма менен чечүүгө туура келген чыңалууну жаратат. Андыктан гидро-энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө сөз жүргөн кезде, тигил же бул заказдарды аткарууда Орусия Федерациясы өзүндө бир нерсе кургусу келген ар бир мамлекет коңшулары менен макулдашуусу керек деп эсептейт.

Дмитрий Медведев менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында өзбек президенти Ислам Каримов орус президентинин сапары өз маалында болгонун, өзү жана Өзбекстан үчүн көп нерсе "айкындалганын" айтты.

Борбор Азияда, атап айтканда Кыргызстан менен Тажикстанда жаңы ГЭСтердин курулушуна карата расмий Ташкенттин туруму мурдатан белгилүү. Былтыр күздө Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги атайы билдирүү жасап, жаңы ГЭСтерди курулушу аймакта ирригациялык режимди бузарын айтып, ага каршы экенин каңкуулаган болчу.

Андыктан орус президентинин Ташкенттеги сөздөрүн расмий Дүйшөмбү Москванын суу маселесинде эми Өзбекстанды колдоосу катары кабыл алгандай. Тажик Тышкы иштер министрлиги 26-январда Орусиянын Дүйшөмбүдөгү ишенимдүү өкүлү Вячеслав Светличныйга нааразылык нотасын тапшырган. Министрликтин өкүлү Рашид Сулаймондун билдиргенине караганда, орус президентинин сөздөрү Тажикстанды "айран-таң" калтырды.

- Тажик тарап орусиялык тараптын Ташкентте айтылган азыркы турумуна айран-таң калганын билдирет. Ал Орусия федерациясынын Рогун ГЭСинин курулушун бүтүрүүгө эки тарапту негизде катышууга даяр экендиги боюнча мурдагы турумуна шайкеш келбейт. Тажик республикасынын өкмөтү Өзбекстандын пикирин эске алуу менен эл аралык көз-карандысыз экспертиза өткөрдү. Тилекке каршы өзбек тарап эч бир жүйөөсүз эле бул багыттагы кызматташуудан баш тартуу менен Тажикстандын аймагында кандай болбосун гидро-энергетикалык курулуштун түшүшүнө караманча каршылыгын билдирүүдө.

Тажикстан азыр Вахш дарыясынын боюнда Рогун, ал Зарафшан дарыясынын боюнда Яван ГЭСин курууга аракеттенүүдө жана Вахш чек араны кескен дарыялардын катарына кирбейт деп эсептейт. Экспертиза болсо, тажик Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рашид Сулаймондун айтымында, Зарафшан дарыясында курулуучу Яван ГЭСине байланыштуу жүргүзүлгөн.

Ал эми Орусиянын Рогун ГЭСинин курулушуна катышуусу сүйлөшүүлөрдөн ары жыла элек.

Москвада чыгуучу "Коммерсанть" гезитинин бейшембиде жазганына караганда, нота тапшырлгандын эртеси Тажикстандын Орусиядагы элчиси Абдулмажид Достиев орус Тышкы иштер министрлигине чакырылып, расмий эмес, бирок катуу кагуу жеген.

Бирок Москвадагы тажик элчилигин өкүлү Салим Хатлони бейшембиде "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун тажик кызматы менен болгон маегинде "Коммерсанттын" маалыматын төгүндөдү.

Кыргызстан Тажикстандан айрымаланып орус президентинин Ташкенттен айткан сөздөрүнө расмий мамилесин билдирген жок. Тескерсинче, Бишкекке орус өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин келип, кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдө башка маселелердин катарында Орусиянын Камбар-Ата ГЭСтерине инвестициясы салуусунун жолдору да талкууланган. Мурда жарыяланбаган бул визит орус президентинин Ташкенттеги сөздөрүнөн кийин Бишкекте да түшүнбөстүктөр жаралуусун алдын-алуу максатын да көздөдүбү же жокпу, белгисиз. Анткен менен саясат таанучу Орозбек Молдалиев мындай дейт:

- Эгерде Орусия энергетикалык чөйрөдө коңшулар менен мамилеси жакшы мамлекет болсо, бизге акыл үйрөтсө туура келет эле. Кош стандарт деген чоң мамлекеттер менен державалардан ушундайда чыгат. Калыс сөздү айткандын ордуна, мындай пикир берип койгону региондогу мамлекеттерди ынтымакташтырып жибербейт. Тигил жактан курулушту макулдашыш керек деп коюуп, бул жактан ГЭС курганга жардам берелик, чогуу куралы дейт. Анда Орусия Камбарата-1ге инвестиция жумшайлы деп жаттык элек, бул туурабы же туура эмеспи деп Ташкент менен макулдашуусу керек болот. Ушундай логика келип чыгып жатпайбы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG