Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:41

Улуттар уюмунун башкатчысы Пан Гин Мун ушул жана келерки апта ичи Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат. Бул – азыркы башкатчынын Борбор Азиядагы алгачкы сапары жана анын максаты аймактык кызматташтыктын жакшыруусуна жардам берүү экендиги айтылууда.

Нью-Йорктон жолго 31-мартта чыгып жаткан Пан Ги Мун Борбор Азиянын беш өлкөсүндө тең болот. Анын сапары учурунда негизги көңүл, башкатчынын өкүлүнүн айтымында, аймактык кызматташтык, өзөктүк куралды жайылтпоо, экология, суу бөлүштүрүү, энергия, климаттын өзгөрүүсү өңдүү маселелерге бурулары күтүлүүдө.

Пан Ги Мун адегенде эле Түркмөнстанга (1, 2-апрель) токтойт. Ашхабадда президент Гурбангулы Бердымухаммедов менен сүйлөшүү өткөргөндөн тышкары БУУнун Алдын алма дипломатия боюнча аймактык борборуна барат. Башкатчынын басма сөз өкүлү Мартин Несиркинин сөзүнө караганда, Пан Ги Мун Борбор Азия лидерлери менен алардын бирдей кызыкчылыгындагы, бирок кээде талаш-тартышка айланып кеткен маселелерди талкуулоону көздөөөдө:

- Бул аймактын өлкөлөрүнө башкача болгон шартта чыңалууга алып баруусу мүмкүн маселелер боюнча чогуу иштөөсүнө, кызматташуусуна жардам берүү дегенди туюндурат.

Борбор Азиянын талаштуу жана түйүндүү маселелеринин көч башында, албетте, суу-энергетика жана кээде адам өлүмүнө чейин алып келип жаткан чек аралардын аныктала албай жаткандыгы турат.

Пан Ги Мундун басма сөз өкүлү Мартин Несирки башкатчы аймакты кыдырган учурда ортомчулук ролду да аткарабы деген суроону комментарийлөөдөн баш тартты. Бирок суу жана энергетика маселелери аймактык кызматташтыктын алкагында караларын белгиледи:

- Мен алар эмне жөнүндө өзгөчө сүйлөшөрүн күн мурунтан айта албайм. Бирок мен айткан аймактык кызматташтык маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде суу ресурстары боюнча аймак канткенде бирге иштеше аларын да камтыйт.

Борбор Азиянын экологиялык системасы бузуларын жүйөө кылган Өзбекстан, маселен, Тажикстандын Рогун, Кыргызстандын Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушу үчүн каршы чыгып келет. Расмий Ташкент мындай курулуштарды жүргүзүүдөн мурда сөзсүз эл аралык экспертиза өткөрүү зарыл деп эсептейт. Өзбекстандын турумуна жакында Ташкентте болгон учурунда казак президенти Нурсултан Назарбаев да колдоо көргөздү. Экспертизага каршы эмес экенин, аны Дүйнөлүк банк аркылуу жүргүзүүгө болорун жакындан бери кыргыз бийлиги да айта баштады.

Бишкектик саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Улуттар уюму мына ушул маселеде жардам бере алмак:

- Бул маселени Бириккен Улуттар уюму эксперттери аркылуу жардам көргөзүп, чечип берсе болот. Экинчиден, БУУнун конфликтерди алдын алуу боюнча жакшы механизмдери бар. Биз дагы биздин аймакка көңүл бурулуп жаткан учурдан пайдалануубуз керек. Бул жакшы жөрөлгө болуп жатат. Бирок БУУнун да опурталдуу жерлери бар. Көп бюрократташып кеткен уюм болгондуктан, айтылган сөздөр декларация бойдон калган учурлар арбын.

Суу-энергетика боюнча талаш-тартышына келгенде, өз турумун эл аралык коомчулукка жеткирүү үчүн БУУнун трибунасын соңку кездери Тажикстан менен Өзбекстан жигердүү пайдаланып келүүдө. Тажик премьер-министри Акил Акилов өткөн аптада эле Башкы ассамблеянын 64-сессиясынын алкагында “Суу жашоо үчүн” деген аталыш менен өткөн жыйынга катышкан учурунда Рогун ГЭСинин суу сактагычы ондогон жылдарда гана барып толорун жана андан экологияга эч зыян жок экенин айтып чыкты:

- Бул суу сактагыч сууну бир же эки жылда эмес, ондогон жылдар аралыгында толтурат. Менимче цивилизациялуу кызматташтык жүргөн шартта, суу-энергетика көйгөйүн бүткүл Борбор Азия элдеринин жыргалчылыгы үчүн чечүүгө болот.

Пан Ги Мун Түркмөнстандан соң Кыргнызстан (3-апрель), Өзбекстан (4, 5-апрель), Тажикстан (5-апрель) жана Казакстанда (6, 7-апрель) болгон учурунда президенттер менен кездешкенден тышкары парламенттерде сөз сүйлөйт же депутаттар менен жолугат. Ал ошондой эле аймактын экологиялык жактан кооптуу эки жери – Арал деңизи менен СССР учурунда өзөктүк курал сыналган Семейди (Семипалатинск) өз көзү менен көрүп кайтат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG