Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Тувада “Прогресс” кораблинин чачырандысы табылды


"Прогресс" корабли
"Прогресс" корабли

“Прогресс” космостук кемесинин чачыранды бөлүктөрү Тува республикасында табылды. Бул тууралуу Орусиянын ӨКМи кабарлады.

Бейшемби күнү кырсыкка учураган “Прогресстин” бөлүгүн жергиликтүү чабандардын бири таап алган. Ал 90 сантиметр диаметриндеги тегерек темир болгон. Полиция “Роскосмостун” кызматкерлери келгенге чейин чачыранды табылган жерди курчоого алды.

1-декабрда “Прогресс” кемеси эл аралык космос станциясына бара жатып, Тува республикасынын аймагына жеткенде күйүп кеткен. Учурда кырсыктын так себеби аныктала элек. (SDz)

XS
SM
MD
LG