Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Грузия КМШдан чыкты, 11 мүчө калды


Саакашвили былтыркы согушта курман болгондорду эскерүүдө
Саакашвили былтыркы согушта курман болгондорду эскерүүдө

Грузия бүгүн Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинен биротоло чыкты. Тбилиси мындай нийетин былтыр августта Орусия менен согуштун мезгилинде жарыялаган.

2008-жыл, 12-август. Грузиядан бөлүнүп кеткен Түштүк Осетиянын баш калаасы Цинхвали үчүн согуш жаңы бүтүп жаткан. Орус аскерлери шаарды өз көзөмөлүнө алып, айрымдары Грузиянын талашка түшпөгөн аймактарын да басып алышты.

Мына ошол когалуу көз ирмемде Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Күнкорсуз Мамлекеттер шериктештигин бул согушту болтурбай кала албагандыгы үчүн күнөөлөп, Грузия андан чыгаарын жарыялады:

– КМШдан чыкпаска айлабыз жок. Эл аралык уюм катары анын колунан эч нерсе келген жок. КМШ пост-советтик уюшма, ал трагедияны болтурбай койо албады. КМШдан кетүү менен биз Советтер Союзу менен биротоло коштошуп жатабыз.


КМШ 1991-жылы түзүлгөндө, ага балтиялык үч жумурияттан башка бардык мурдагы советтик республикалар кирген. Андан берки 18 жыл ичинде шериктештик Москванын экс-советтик аймактагы таасирин сактоонун куралы болуп келди. Бирок ал таасирлүү же пайдалуу уюм катары да баркталган жок. Ошондуктан Грузия чыга турган болгондо, КМШнын кереги-жогу тууралуу өйдө-төмөн сөз кайра күч алды.

Грузиялык саясий аналитик Торнике Шарашенидзе Орусия Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныгандан кийин, Грузияга баары бир КМШдан кетиши керек болчу деп эсептейт:

– Башкы мүчөсү башка мүчөнүн аймактык биримдигин сыйлабаса, андан уюмда кантип калууга болот? КМШда калса, бул Грузиянын баш ийгенин, Орусия түзгөн турмуш чындыгын кабыл алгандыгын билдирмек. Биз убагында, туура эле кетип жатабыз. Эртерээк болгондо, чагым салды деп эрөөн көрүшмөк.

Чыгуу жараяны аяктап жаткандыгын жарыялаган Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Давид Жалагания кабарчыларга өлкө КМШнын эркин соода жана визасыз жүрүү сыяктуу бир нече келишиминде кала берээрин билдирди. Грузиянын КМШнын калган мүчөлөрү менен эки тараптуу макулдашуулары да бар. Грузин жетекчилери өлкөнүн башкы экономикалык шериктери болгон Украина жана Казакстан менен жаңы келишим түзүүгө артыкчылык берилерин айтышууда.

Грузиянын кетем дегенин Орусия башында укмаксанга салган эмес. Азыр Москвада Тышкы иштер министрлиги «ар бир өлкө каалган уюмга кошулуп, же андан чыгууга сувередүү укугу бар» экендигин билдирди. Ал эми Мамлекеттик думанын эл аралык байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Леонид Слутский Грузиянын КМШдан кетүү чечимин «ойлонулбай жасалган кадам» катары мүнөздөп, Грузия чыкса, КМШнын кылы кыйшайбай тургандыгын, бирок грузин элине оорчулук келээрин белгиледи.

Ошону менен Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинде 11 өлкө калды. Украинаны кошпогондо калгандары түгөл Москва менен ымалаш өлкөлөр.

XS
SM
MD
LG