Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Орусия: Чакырылган коноктор келбей койгондо...


Москвадагы жолугушууга Азербайжан жана Армениянын лидерлери да катышты.

Москвадагы жолугушууга Азербайжан жана Армениянын лидерлери да катышты.

Жыл сайын Москвада “Орусия президентинин байгеси” аттуу ат чабыш уюштурулат. Бул иш-чараны “КМШ президенттеринин бейрасмий жолугушуусу” деп да атап коюшат. Бирок бул ирээт айрым президенттер келишкен жок.

18-июлда өткөн ат чабышка Азербайжан, Армения, Казакстан, Тажикстан жана Молдованын лидерлери келишкен. Мындан сырткары ага Абхазия жана Түштүк Осетиянын президенттери Сергей Багапш менен Эдуард Кокойты чакырылган.

Ат чабышка түшкөн күлүктөрдүн он бири Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдуку болгон. Аттар Москвадагы ипподромдо чабылды.

Ипподромдо Дмитрий Медведев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен 1-январдан тарта иштей баштай турган бажы союзун талкуулашты. Бул союзду Москва, Минск жана Астана түзгөнү менен, Беларус прездинети Александр Лукашенко бул жолу келген эмес. Дегеле чакырылган коноктордун жарымынан көбү келген эмес. Кыргызстандын лидери Курманбек Бакиев шайлоого байланыштуу катыша албай калганын айткан.

Дмитрий Медведев Армения жана Азербайжандын лидерлери менен жолугушуп, Тоолуу Карабак маселесин жандандырууга аракет жасаган. Бирок жолугушуу максатына жетпей калды. Тоолуу Карабак – өзүн Азербайжандан күнкорсуз деп жарыялаган армян калктуу анклав. 1990-жылдардын башында армяндар менен азербайжандардын ортосундагы кармашта 35 миң киши мерт кеткен.

Тоолуу Карабакты күнкорсуз деп бир да мамлекет тааный элек. Анын каршысында Грузиядан бөлүнүп кеткен Абхазия менен Түштүк Осетиянын лидерлери Москвада КМШ лидерлеринин жолугушуусуна сый конок катары чакырылышты.

Ат чабышта байгенин бирин Казакстандан алынып барылган ат утуп алды. КМШ өлкө лидерлеринин бейрасмий саммитине Грузиянын президенти Михаил Саакашвили чакырылган эмес. Ал эми Украинанын президенти Виктор Ющенко бул күндөрү Карпат тоосуна чыгып, сыйынып түшүүгө байланыштуу бара албастыгын айткан. Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердимухаммедов бир тууганы ооруп жатканын айтып, келе алган эмес. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов болсо жада калса жооп кат да жөнөткөн эмес.

Ушундан улам “Комсомольская правда” гезити акыркы беш жылдан бери өткөрүлүп келаткан КМШнын бейрасмий саммитине чакырылган коноктордун мынчалык аз келиши мурда болбогонун жазат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG