Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

КМШ кимге керек?


Молдова - КМШнын Кишиневдогу жыйынына борборазиялык өлкөлөрдөн төрт президент келген жок

Молдова - КМШнын Кишиневдогу жыйынына борборазиялык өлкөлөрдөн төрт президент келген жок

КМШнын Кишиневдогу саммитинен кийин байкоочулар шериктештиктин келечегинен түңүлө башташты. Жыйынга борборазиялык өлкөлөрдөн бир гана кыргыз президентинин келгенин айрымдар "регионалдык бойкот" катары карашты.

КМШ дегеле кимге керек? Өзгөчө анын борборазиялык өлкөлөргө канчалык кажети бар?

Айрым эксперттер шериктештиктин келечегине ишенген-ишенбеген күндө деле бу түзүм борборазиялыктарга ушу тапта турсун жакынкы болочокто да эчтеме бере албайт дешет. КМШ алар үчүн негизинен эки мааниде: биринчиден, башкалардын, өзгөчө Россиянын эсебинен акча жана башка каражат алуу зарылдыгы чыкканда, экинчиден, өздөрүндө иши жок "ашыкбаш" катмарга айланган жумушчу күчтөргө ошол эле Россияга визасыз барып-келип турганга гана кереги бардай көрүнөт.

Аймактагы өлкөлөр өз ара пайдалуу чөйрөлөрдө карым-катнашты өнүктүргөнгө да кызыкдарлыгын көрсөтүшө элек. Мунун ордуна айрымдары чек араларын миналап, аң казып, коңшуларынан "чоң коргон" менен коргонуп алышты.

Буга чейин аймактагы интеграция үчүн жалгыз гана казак президенти күйүп-бышып аракет кылып жүрдү эле, акыры коңшу-колоңдордун тетириленген тейинен биротоло түңүлгөн соң эл аралык структураларга, Кытайга ыкласын төшөй баштады.

Казак президентинин интеграциялык жигерине көп жагынан Өзбекстандын "аймактын аталыгына" талаптанган дымагы суу септи дешет. Ырасмий Ташкен Батышка "багалчагы батпай" калганда гана КМШнын түзүмдөрүнө кирип, Батыш менен оту күйүшө түшсө эле дароо алардан чыга качат.

Лондондогу Jane’s маалымат тобунун Евразия боюнча аналитиги Мэтю Клементс Өзбекстан Коллективдүү коопсуздук келишим уюму турсун Россиянын таасири бар бардык түзүмдөрдөн оолактай баштаганын бөлүп көрсөттү. Мындан бир нече күн илгери Ташкен Шанхай кызматташтык уюмунун алдыдагы аскерий машыгууларына да катышпай турганын жарыялады, мунун баарынан өзбек бийлиги орустардын Борбор Азиядагы таасирин күчөтүү жолун көрөт.

Түркмөнстан болсо коңшулардын кысымын сезгиси келбей өзүнүн "бейтарап статусуна" бекинип алып оокат кылганды оң көрөт. КМШнын айрым жыйындарына түркмөн президенти тийип-качып катышып жүргөнү менен ырасмий Ашхабаддын чындап алака түзгөн эч кандай шериги жок.

Кыргызстан менен Тажикстан аймактагы интеграциялык иштерге мамлекеттик казынанын жыртыгына эптеп эле тыгынчык болгудай бир жардам алуу максатын көздөп катышып жүрөт.

Ырасмий Бишкек акыры кездери Батышты, айрыкча АКШны, Россияны жана Кытайды бирдей өлчөмдө "бөлкөнтай" өндүрүүнүн булагы катары пайдаланууга өттү. Адегенде америкалыктар жетектеген Батыш коалициясынын базасын жапканын жарыя кылып, мунун эсесине Москвадан ири суммада насыя өндүргөнгө жетишти. АКШ базанын үстөк акысын көбөйткөнгө макул болгон соң аны өткөөл пункт кылып өзгөртүп, ордунда калтырды.

Ырасмий Бишкектин бул үйүтүн эми тажиктер үйрөнө баштады. Бул өлкөдө жайгашкан орустардын 201-дивизиясы үчүн өкмөт Москвадан акы төлөөнү талап кылды.

"Менимче, биздин өкмөт койгон талапка көнбөгөнгө Россиянын аргасы жок, - деп айтты "Азаттыкка" тажик эксперти Зафар Мирзоев. – Аму-Дарыянын аркы өйүзү тарапта НАТО өз күчтөрүн эки эсе көбөйтүп, бекемделип жатканда Россия региондо өз позициясын чыңдабай кое албайт. Андай экен биз ага: "Эгер биздин жерди пайдалангың келсе,анда буга акы төлө,байкеси!"-деп айтышыбыз керек".

Иши кылып, Борбор Азияда КМШнын өтөлгөлүү иштеген интеграциялык бир да формасы жок. Бул уюмдан Грузия чыкты, Украина,ага кошо Молдова Батышка бурулуп, ошо жакты эңсей баштады. КМШ азыр бир гана Россияга керек өңдүү көрүнөт.

Билинбей отуруп кокус бир күн КМШ таркап кетсе, анын саясий салакасы кандай болот?

Байкоочулар мындай шартта бул уюмдун түркүгүн кармап, аны өз максатына пайдаланып жатат делинген Россия, арийне, кыйрап калбайт дешет. Ал эми ансыз деле башы бирикпей жаткан аймактар, айрыкча борборазиялыктар КМШнын ордун басчудай башка бир кызматташтык уюмун түзө алабы, маселе ушунда турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG