Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

9-октябрда Молдовада КМШнын саммити өттү. Бирок бул ирет постсоветтик аймактагы өлкөлөрдүн жети президенти гана ага катышып, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери келишкен жок.

Борбор Азиядагы беш өлкөдөн бирөөнүн – Кыргызстандын – гана президенти Курманбек Бакиев саммитке келди. Калгандары өздөрүнүн өкүлдөрүн гана жиберишти. Грузия болсо КМШнын катарынан чыкканын жарыялап, бул жолу саммитке катышкан жок.

Жогорку деңгээлдеги жолугушууда экономикалык кризис, коопсуздук жана гуманитардык багытта кызматташуу маселелери талкууланып, Улуу Ата мекендик согуш Жеңишинин 65 жылдыгына байланыштуу КМШда 2010-жылды Ветерандар жылы деп жарыялоо чечими да кабыл алынды.

Кишиневдо өткөн саммиттин алкагында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Молдованын президентинин милдетин аткаруучу, парламент төрагасы Михай Гимпу менен жолугушту.

КМШнын уюшулганы, 18 жыл жазбай анын ар бир олтурумуна катышып келаткан Нурсултан Назарбаевдин, анын кошуналары Ислам Каримов, Эмомали Рахмон жана Гурбангулы Бердымухаммедовдун келбей калышы талдоочулар арасында түрдүү ой-пикирлерди жаратты.

Назарбаевдин келбей калышын казак саясатчысы Досым Сатпаев мындайча чечмеледи:

- Албетте расмий деңгээлде “мамлекет башчысынын иши көп болуп, колу бошобой, баралбады” деп жүрөт. Бейрасмий алып караганда, Кишиневдо өткөн жолугушуу Назарбаев үчүн анча кызык эмес.

Саммитке Орусия менен Украинанын лидерлери катышканы менен, экөө жолугушкан жок. Украинанын президенти Виктор Ющенко мындай деди:

- Менин Орусияга чоң урмат-сый менен саясат жүргүзгөнүм белгилүү. Бирок ошол эле учурда, биздин күңкорсуз мамлекет экенибизди капарына албай, башкача маанайда, маселен, көгүлтүр отун өтчү система боюнча соодалашууда Украинага түшүнбөс мамиле жасаганган жол бербейм.

“Азаттыктын” Киевдеги кабарчысынын маалыматы боюнча, Виктор Ющенко Дмитрий Медведевге кат жолдоп, саммит учурунда жолугушууну сунуш кылган. Бирок орус лидери бул катка жооп кайтарган эмес.

Орусиялык саясатчылар бул жолку саммитке төрт президенттин келбей койгонуна карабастан КМШ дагы да кала берет дешет. Анын себебин Москвадагы “Карнеги” борборунун адиси Алексей Малашенко чечмелейт:

- Орусияга КМШ ал мурдагы советтер түшкөн жерлерде өзүн көч башында турган өзгөчө мамлекет кылып көрсөтүү үчүн керек. Алардын башын бириктирчү уюм катары керек. Күңкорсуз мамлекеттер шериктештиги арасында, экономикалык жактан алганда албетте Орусия бардыгынан алдуусу. Ошол себептен ал бейрасмий ала келгенде да алардын лидери болуп чыга келет. Дегинкиси, Грузияны кошпогондо да мынча көп өлкөлөрдүн башы бириккен уюмду табуу азыркы тушта кыйын. Ошол себептен Москва КМШ үчүн күрөшүн дагы да улантат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG