Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

КМШ саммити Борбор Азиянын лидерлерисиз өтөбү?


Бейшемби күнү Кишиневде КМШ өлкөлөрүнүн жыйыны ачылат. Дүйнөлүк финансы-экономикалык кризиске каршы күрөшүү-күн тартибиндеги башкы тема.

Бирок жыйынга Борбор Азиянын беш лидеринин ичинен Кыргыз республикасынын президенти Курманбек Бакиев гана барат. Грузия былтыр августта Россия менен болгон согуштан кийин КМШдан чыкканын билдиргендиктен, президент Саакашвили Кишиневге барбайт.

Молдова премьер-министри Влад Филат.
Саммит алдында Молдованын жаңы бекитилген премьер-министри Влад Филат «Азаттыкка» берген интервьюда КМШнын жыйындары беймаани чогулушка айланып баратканын жашырбады:

-КМШнын түзүмү (структурасы) жашоого ылайыксыз. Аны өзгөртүү керек. Бирок уюм бизге өз кызыкчылыктарыбызды талкуулоого мүмкүндүк берет.

Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештиги-КМШга Азербайжан, Армения, белорус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина кирет. Грузия өткөн августта Россия менен болгон согуштан кийин шериктештиктен чыкканын жарыя кылган.

1991-жылдын 21-декабрында 12 экс-советтик республика Алматы декларациясын кабыл алынгандан тарта эле КМШ өлкөлөрү саясый-экономикалык, коопсуздук жана башка маселелер боюнча эчендеген чечим кабыл алганы менен алардын көбү аткарылбай келет.

Анүчүн ар жыйында уюмдун ишин кантип жакшыртуу жагы сөзсүз талкууланат. Ушундан улам серепчилер демейде жыйындан тыш убакта өтчү кездешүүлөргө көп көңүл бурушат.

Президент Виктор Ющенко Пасха майрамында чиркөөдө. 18-апрель 2009-ж.
Бул ирет талдоочуларды Украина президенти Виктор Ющенко Кишиневге келер-келбеси кызыктырууда. Эмне үчүн? Биринчиден, Россия президенти Медведев августта Украинанын азыркы жетекчилиги тушунда, Москва-Киев арасындагы мамиленин нормалдуу өнүгүшү мүмкүн эмес экенин ачык жазган.

Экинчиден, Влад Филаттын “Азаттыкка” айтышынча, Молдова Украина менен чогуу Евроатлантикалык институттарга кошулууга аракеттенет. Ошон үчүн, Ющенко Кишиневге барса, Молдованын батышчыл жаңы жетекчилигине чоң колдоо көрсөтмөк, деп боолгошот кээ бир талдоочулар.

Президент Ющенкого КМШ саммити Кишинев-Киев альянсын түзүүгө ыңгайлуу болуп турат. Бул, украиналык саясатчы Александр Чалыйдын сөзүнчө, Ющенко үчүн Медведев менен болуп калчу эки жактуу кездешүүдөн да баалуу:

- Ющенконун Кишиневго барганы чоң мааниге ээ. Анткени, Молдовада бийлик алмашпадыбы. Молдова жана анын биримдиги Украинанын тышкы саясатындагы стратегиялык максаттардын бири. Ошон үчүн Ющенконун визити Украин дипломатиясы үчүн дагы өтө маанилүү. Муну Медведев менен мүмкүн болчу эки жактуу кездешүүдөн да маанилүү деп айтаар элем.

Александр Чалый- Украинанын тышкы иштер министринин мурдакы орун басары жана Ющенконун администрация башчысынын экс-орун басары.

Экс-советтик Борбор Азиянын беш лидеринин ичинен президент Бакиевдин гана Кишиневге барары айкын. Кыргыз президенти жыйыныга Россия убада кылган 2 миллиард доллар кредит колго тиет деген үмүттө баратат, деп жазат Москванын “Свободная пресса”
Ислам Каримов жана Нурсултан Назарбаев Кишиневге барбай Россияга сыр көрсөтүшүүдөбү?
басылмасы.

Түркмөнстан жана Өзбекстан КМШ боюнча келишимди эгерим бекитишпегендиктен, алардын президенттери ылхами келген учурда гана уюмдун саммитине барышат. Ошентсе да, тажик жана түркмөн президенттеринин, айрым булактар маалымдагандай, Кишиневге баргандын ордуна Ашхабадда кездешмек болгону, эки өлкө Москва менен араздашып калганбы деген күдүк ойго түртөт.

Ал эми КМШнын талбас сүрөөнчүсү президент Назарбаевдин Кишиневге эмне себептен барбай калганы түшүнүксүз. Ырасмий Астана анын жүйөсүн али түшүндүрө элек.

XS
SM
MD
LG