Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Апта: Барак Обаманын каты, Өзбекстандын аңы...


АКШ президенти Барак Обама Курманбек Бакиевге кат жолдоп, Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга кошкон салымы үчүн өлкө жетекчилигине ыраазылык билдирди. Кыргыз-өзбек чек арасында өзбек тарап аң каза баштады. Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын башчысы Бакыт Бешимов Конституциялык Сотко кайрылды.

Барак Обаманын каты

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Кыргызстан президентине кат менен кайрылды. 11-июнда Курманбек Бакиевге тапшырылган катында Барак Обама эки мамлекеттин кызматташууларын андан ары өнүктүрүү үчүн жогорку деңгээлдеги делегация жиберерин, ошону менен бирге Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүү, террорчулук жана баңгизаттарын ташууга каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн Кыргызстан элине жана жетекчилигине ыраазылыгын билдирген.


Кыргызстан Барак Обаманын катына жооп даярдашка киришти. Ал тууралуу тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев билдирди:

- Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев министрлик жана мекемелер менен биргеликте жооп катты даярдоону мага тапшырды. Жооп катта кызматташууларды өнүктүрүү боюнча биздин сунуштар камтылат.

Барак Обама өнүктүрүүнү көздөгөн Кыргызстан менен АКШнын мамилесин сереп салсак, эки өлкөнүн соода байланышы өнүккөн эмес. Бирок Вашингтон Кыргызстанга ири финансылык жардам берген жана берип келаткан дүйнөлүк финансылык уюмдардын өтө таасирдүү мүчөсү. Андан сырткары АКШ өзү Кыргызстанга олуттуу гуманитардык жардамдарды берип келатканы белгилүү. Бирок эки өлкөнүн байланышындагы негизги фактор алгач Кыргызстандын демократиялык жолду тандап алышына байланыштуу болсо, андан кийин "Манастагы" база менен байланыштуу. Белгилүү болгондой, 2001-жылдагы АКШдагы террордук чабуулдардан кийин "Манас" аба майданына антитеррордук коалициянын аскерий базасы жайгаштырылган. Базанын жайгашуусу менен АКШдан Кыргызстанга инвестиция агылып кеткен жок. Ал эмес Кыргызстандагы демократиялык жараяндарды бузууга Вашингтон көз жума баштады деген пикирлер пайда боло баштаган.

Андан кийин Россия менен АКШнын геосаясий таймашуулары, Кыргызстандын Камбар-Ата ГЭСтерин куруу аракети жана базадан көбүрөөк экономикалык пайда көрүү ниети "Манастагы" базаны чыгаруу чечимине алып келди.

Ал эми Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүүгө өз тышкы саясатында артыкчылык берип жаткан Барак Обама үчүн "Манастагы" аскерий базаны калтыруунун мааниси канчалык зор экени белгилүү. Мына ошондуктан эки тараптын келечектеги сүйлөшүүсүнүн негизги өзөгүн да базанын тагдыры түзмөкчү.

Бирок бул маселени Кыргызстан жалгыз эмес, Россия менен кеңешип чечери да айкын. Ошондуктан 14-июнда Москвада боло турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун президенттеринин саммити учурунда маселе талкууланышы ыктымал.

Ал саммитте Кыргызстандын АКШ менен кайрадан тил табуушу ниетине олуттуу каршылык болушу да күмөндүү. Анткени АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын жүктөрүн өз аймагынан Ооганстанга ташып өтүүгө ЖККУга кирген бардык өлкөлөр макулдугун берген. Демек Кыргызстан алардын катарында болууга ниеттенип жатат.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов базаны чыгарууга шарт жок дейт:



- Базаны чыгарууга эч кандай шарт жок. Ошондуктан эл аралык коомчулук Кыргызстанга, кыргыз бийлигине кайрылып, базаны калтырууну сунуштап жатат. Бул туура ой болуп жатат. Анткени Ооганстандагы коркунуч дүйнө жүзүнө тарай турган коркунуч. Биз болсо тескери саясат жасап жатабыз. Эми эртели кеч биздин бийлик болуп жаткан проблемаларды туура түшүнсө экен. Ошого жараша караштырып, базаны калтырыш керек деп ойлоймун. Ошон үчүн Барак Обама бекеринен кайрылган жок..

Саясатчылар жана серепчилер, Кыргызстан менен АКШнын ортосунда база боюнча жакынкы убактарда сүйлөшүүлөр болуп, анын натыйжасында аскерий база статусун өзгөртүп, бирок Кыргызстанда кала берет, ошол эле мезгилде Кыргызстандын да экономикалык таламдары кайсы бир деңгээлде канааттандырылат деген пикирде болууда.

Өзбекстандын аң казмайы...

Кыргызстанда түшүнбөстүктү жана түпөйүлдүүлүктү жараткан окуя узап бараткан жумада кыргыз-өзбек чек арасында болду. Өзбекстан бийлиги Кыргызстан менен чектеш аймактарына тереңи жана туурасы 3 метрден келген аңдарды каза баштады. Аңдарды өзбектер өз чегинде казып жатышат. Кыргыз бийлиги азыркы мезгилде ал аракетке байкоо жүргүзүп турат.

Бул тууралуу өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди:

- Азырынча негизинен Анжиян облусунун багытында (аң) жасалып жатат. Бирок Аксы жактарда да кооптуу деген жерлерин казып жатат окшойт. Биздин чекке кирип келбесин деп көзөмөлдөп жатабыз. Биз түштүк жактагы адистерди жибергенбиз. Алар бери жакка, биздин жерге кирип келбесин деп айылдык, райондук бийлик, чек арачылар менен биргеликте көзөмөлдөп жатышат..

Бирок эки өлкөнүн чек арасы делимитация жана демаркацияланып бүтө электигине байланыштуу өзбек тараптын аракети чатактардын булагы болуп калышын кыргызстандык адистер эскертүүдө. Маселен, өлкөдөгү эң белгилүү дипломаттардын бири Ишенбай Абдуразаков мындай дейт:

- Кандай болгондо дагы, Советтер Союзунун учурунда администрациялык чек ара деп, чарбалык кызыкчылыкты колдонуп, биздикилер тараптан көп учурларда жер берип койгондор болгон. Ошону документалдык түрдө азыр кайра ордуна келтирип, делимитацияны тактап бүтмөйүнчө ошондой иш-чаралардан алысыраак болгон жакшы болот. Себеби ал потенциалдуу конфликттин негизи болуп калышы мүмкүн. Ошонун баары такталып бүткөндөн кийин ар бир мамлекет өзүнүн чек арасын кандай кылып коргоп алат, ал алардын өзүнүн иши.

Өзбек тарап аңдарды казууну коопсуздугун чыңдоо максаты менен байланыштырып жатат. Бирок аңдар жоочуларды эч качан токтото албашы турган иш. Анткени алар андан татаал тосмолордон өтүүгө жөндөмдүү. Ошондуктан өзбек тараптын аң казуусу биринчи кезекте Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарында сооданы токтотууга алып келет. Андан биринчи кезекте Кыргызстандагы Кара-Суу сыяктуу ири соода борборлору, базарлары, чектеш аймакта жашаган калк зыян тартаары белгилүү.

Кыргыз-өзбек мамилеси Кыргызстандын Камбар-Ата ГЭСтерин куруу аракетине байланыштуу начарлап кеткени маалым. Ошондуктан бул маселеде эки өлкөнүн орток пикир табышына жараша андан аркы мамиле өнүгөт шекилди. Эки өлкөнүн мамилесин жөнгөрүүгө ортомчу болууга Москва оңтойсуз абалда турат. Анткени Москва бир жагынан Тажикстанда Рогун ГЭСин курууда Өзбекстандын таламын талашса, экинчи жактан Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда өзү теңшерик болуп катышуу ниетинде турат. Мындай абалга байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин 14-июндагы саммитинде да, ага удаалаш 15-16-июнда боло турган Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинде да тараптарды кол кармаштыруу оңой эместей.

Талапкерлер катталууда

Вашингтондон кызматташууну сунуштаган кат келген, ал эми жакынкы кошуна бирге баскан жолдорду кетмендеп жаткан жумада ички саясий жараян өз нугунда өнүктү. Ал жараян президенттик шайлоо деген эң ири саясий өнөктүк менен коштолуп жатканына карабай тышкы саясатка байланыштуу ири окуялардын көлөкөсүндө калып жатты.

Узап бараткан жумада Курманбек Бакиев президенттике талапкер болуп биринчилерден катталды. Андан кийин Жеңишбек Назаралиев жана Темир Сариев талапкерлик күбөлүгүнө ээ болду. Ал эми Акбаралы Айтикеев 50 миң кол топтой албаганына байланыштуу

каттоого алынбаганын БШК маалымдады. Эми 17-июнга чейин БШК Алмазбек Атамбаев, Токтайым Үмөталиева жана Нурлан Мотуевдин документтерин жана өз пайдасына жыйынган жарандардын кол тамгасын текшерип чыгууга тийиш. Мына ошондон кийин 18-июндан тарта талапкерлер үгүт кампаниясына киришет.

Азыркы мезгилде талапкерлер ичинен президент Курманбек Бакиев кызмат абалына жараша кыйыр түрдө үгүт иштерин жүргүзүүдө. Ал жума ичинде болуп көрбөгөндөй активдүүлүктү көрсөтүп, көчмөндөр цивилизациясынан тартып, азыркы билим берүү системасын реформалоого чейин көз караштарын жарыя кылды. Бирок Курманбек Бакиев буга чейин коррупцияга каршы жалпы коомчулук күрөшүш керек дегендей эле, билим берүү системасын жакшыртуу да жалпы коомчулуктун милдети деп, маселени коомдун өзүнө жүктөп койду.

Мына ушундай шартта талапкерлердин теңдигин камсыз кылуу талабы менен “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова жума күнү Конституциялык Сотко кайрылды. Конституциялык Сотко 10-июнда Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын башчысы Бакыт Бешимов да кайрылган. Ал өз арызында президент Курманбек Бакиевдин бир эле убакта президенттик милдетти аткаруу менен “Ак жол” партиясынын лидери болуп турушунун Конституцияга туура келер-келбесин тактап берүүнү өтүнгөн.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG