Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Спорт: Олимпиада оюндары, АФК Кубогу


Ванкувер: Канада-АКШ беттешүүсү
Ванкувер: Канада-АКШ беттешүүсү

Ванкувер олимпиадасында кыргызстандык лыжачы Ольга Решеткованын жолу болбоду. Азия Футбол Конфедерациясынын Кубогунда Кыргызстан Түркмөнстанга утулду.

21-февралда Ванкуверде алты комплект медаль ойнотулду. Анда биатлон, түгөйлөр арасында көркөм муз тебүү, тоодон ылдамдыкта түшүү, коньки тебүү жана фристайлдан чемпиондор аныкталды. Хоккейден Чехияны жеңген Орусия, Канаданы уткан АКШга кошулуп Швеция менен Финляндия жарым финалга бет алды.

Алдыда дагы төрт жолдомо үчүн жеңилүүгө учураган сегиз курама команда мөрөй талашканы турат. Командалык эсеп боюнча АКШ жети алтын менен топ башына чыкса, Германия алты, Норвегия беш алтын менен алдынкы катарда баратышат. Ал эми коңшу мамлекеттерден эки алтын жеңген Орусия он биринчи, бир күмүш жеңген Казакстан 24-орунда турат.

Ванкувер олимпиадасына катышып жаткан кыргызстандык лыжачы Ольга Решеткова 17-февралда таймашка чыкты. Ал 1,5 чакырым аралыкта мөөрөй талашып 4 минута 32,96 секундада марага жетти. Бул көрсөткүч менен спортчу Решеткова 54 лыжачынын ичинен акыркы орунга ээ болду. Бул жарышта марага 3 минута 38 секундада жеткен норвегиялык Марит Бжорген алтын медаль тагынды.

Кыргызстандын намысын коргоп жаткан экинчи спортчу Дмитрий Трелевский 23-27-февралда тоодон лыжа менен түшүү боюнча мөөрөй талашат.

Кыргызстандык тай-боксчунун Кытайдагы жеңиши

Бээжин шаарында өткөн Эл аралык турнирде тай-боксчу Валентина Шевченко кытайлык атаандашын жеңип алды. Турнир 50 миң күйөрмандын катышуусунда өтүп, рейтингдик салгылашуулар менен жыйынтыкталды. Анда мөөрөй талашкан Шевченко ушу-саньда боюнча Кытайдын чемпиону Нинг Ли менен мөөрөй талашты. Оюн болгону бир раундга созулуп, Валентинанын таамай тийген эки соккусунан улам кытай спортчусу таймашты уланта алган жок. Белгилеп өтсөк Валентина Шевченко тай бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону. Ал бир жарым айдан бери Кытайда машыгууда.

Кыргызстан -Түркмөнстан 0:1

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Шри-Ланкада өтүп жаткан Азия футбол Конфедерациясынын чакыруу Кубогунда жеңилүүгө учурады. “А” тобунда мөөрөй талашкан өлкө футболчулары алгач Индия командасын 2:1 эсебинде жеңген. Кийинки таймаш 19-февралда уланып Түндүк Корея кыргыз оюнчуларын 4:0 упайы менен утуп алды. Топ ичиндеги чечүүчү таймаш 21-февралда Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосунда жүрдү.

Негизинен мелдеш курч мүнөөздө өтүп, оюндун 70-мүнөтүндө футболчу Нурмурадов гол киргизүү менен Ашгабад оюнчуларын алдыга сүрөп чыкты. Натыйжада АФК чакыруу Кубогунун жарым финалына Түндүк Корея менен Түрмөнстан бет алды. Бул мелдештин жеңүүчүсү аталган курама Азия-2011 Кубогуна жолдомо алат.

Кыргызстан курамасынын жеңилиши жана алдыдагы максаттарга футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаев токтолуп өттү.

-Негизинен Түркмөнстан менен болгон чечүүчү оюн тең мүнөздө эле өттү. Таймаш минималдык эсеп менен аяктап алар бир упайга жеңип алгандыктан кийинки бөлүккө бет алашты. Спортто күтүлбөстүктөргө да даяр туруш керек. Өлкөнүн башкы машыктыруучусу Анарбек Ормонбеков мелдешке жаш футболчуларды алып барган. Эми келечекте алар жакшы оюн көрсөтөт деген үмүттөмүн. Бул Кубокко Мирлан Мурзаев, Максим Агапов сыяктуу алдынкы оюнчуларыбыз катыша албай калды. Кураманын капитаны Айбек Бокоев кызыл карточка алгандыктан акыркы оюндарда беттешке чыккан жок.

Алдыда кыргыз футболчуларын күткөн мелдештер

Жаз айларында өлкөнүн чемпиону “Дордой-Динамо” АФКнын чакыруу Кубогунда мөөрөй талашат.
Жайында Өзбекстандын чемпиону “Бундекер” клубу менен Кыргызстандын курамасы жолдоштук беттешүү өткөрүшөт.

Бул жумага белгиленген спорттук иш-чаралар:

20-28-февралда Кыргызстандын “Абдыш-Ата” клубу Түркмөнстандын президентинин Кубогунда мөөрөй талашат.
20-24-февралда Кыргызстандын дзюдочулары Индиянын Жайпуре шаарында Эл аралык Rajiv Gandhi турниринде күч сынашат.
25-26-февралда дене-тарбия жана спорт Академиясында жеңил атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтөт.
24-26-февралда цирк аренасында “Кыргыз күрөш” боюнча Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган Эл аралык мелдеш өтөт.
XS
SM
MD
LG