Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Кубанын лидери Москвада


Кубанын президенти Рауль Кастро Москвада, 28-январь, 2009

Кубанын президенти Рауль Кастро Москвада, 28-январь, 2009

Кубанын лидери Рауль Кастро Орусияда бир апталык сапар менен жүрөт. Эртең ал президент Дмитрий Медведев менен көрүшөт. Р.Кастро – «кансыз согуш» аяктагандан бери Орусияга келип жаткан алгачкы кубалык лидер.

Ошентип, дээрлик чейрек кылымдан кийин кубалык лидер Москвага келип отурат.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун (Sergei Lavrov) айтымында, Рауль Кастро (Raul Castro) менен Дмитрий Медведев (Dmitry Medvedev) энергетикага, соода-сатыкка, каржы жана инвестицияга, ошондой эле, маданий жана гуманитардык байланыштарга тиешелүү келишимдерге кол коюшат.

Куба окуулары боюнча Лондондо жайгашкан эларалык институттун аналитиги Стефан Уилкенсон (Stephen Wilkinson) «Азаттыкка» билдиргенине караганда, көп жылдар бою экономикалык алыш-бериши бир гана тарап менен байланышкан Куба мунун кесепетинен көп зыян тартып, эми катыштарды кеңиртүүгө аракет кылып жаткан чагы.

20-кылымдын биринчи бөлүгүндө Кубанын байланыштары испан колониалдык бийлиги менен түзүлдү. Кийинчерээк азыркы президент Раулдун агасы, социалист-революционер Фидель Кастронун (Fidel Castro) бийликке келиши Советтер Союзу менен байланышты күчөтүп, бүт мамиле ушу менен гана чектелип калгансыды. СССР кулагандан кийин Куба оор мезгилге туш болот.

«Кубанын көзкарашынан алып караганда, СССР таркап кеткенден бери алар мүмкүн болушунча көбүрөөк дос тапканга аракет кылып келишти, - дейт аналитик Уилкенсон. - Андыктан азыр, эгерде Орусия Кубага инвестиция жасайбыз деп келе турган болсо, кубалыктар кучак жайып тосуп алышат. Ушундай эле багытта Куба азыр Кытай, Иран, Индия жана, албетте, Венесуэла жана Бразилия менен мамилелерин чыңдап жатат».

Аналитик Уилкенсон азыр эмнеге эле Орусия Куба менен дос боло калууну максат кылып жатканын былтыркы орус-грузин согушунан кийин кеңиртилген саясий максаттар менен байланыштырды.

Москва менен Гавана 60-жылдардын башында өтө тыгыз мамиледе болуп, акыр аягында Кубага советтик өзөктүк ракеталардын жайгаштырылышы айтылуу «кариб кризисине» алып келген. Ал учурга салыштырмалуу, бул жолку сүйлөшүүлөр алда канча жайбаракат мүнөздө өтүп жаткандай.

1962-жылы АКШ СССРден Кубадагы ракеталарын чыгарып кетүүнү талап кылып, мунун оордуна Фидель Кастронун режимине тийбей турганына ишендирди. Ошондо советтик лидер Никита Хрущев (Nikita Khrushchev) сунушка макул болуп, 38 күнгө созулган кризис чечилген.

Азыр эми Кошмо Штаттардын жаңы президенти Барак Обама (Barack Obama) АКШ-Куба мамилелериндеги музду ээритип, Америка Кубага дээрлик жарым кылымдай мурда салган соода санкцияларын алып салат го деп күтүлүүдө. Ошентсе да, азыр америкалык жетекчилик ушул күндөрү орус-куба сүйлөшүүлөрү кандай өтөөрүнө кылдат кулак түрүп турат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG