Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:55

"Борбор жана Түштүк Азиядагы туруктуулук үчүн аймактык алакалар чечүүчү мааниге ээ",- деп эсептейт АКШдагы Атлантика кеңешинин адиси Александрос Петерсен (Alexandros Petersen) "Азаттык" үчүн жазган серебинде.

АКШдагы Атлантика кеңешинин трансатлантикалык энергия коопсуздугу боюнча эксперти жана Евразия энергия борборунун орун басар директору Александрос Петерсен "Азаттык жана Эркин Европа" үналгысы үчүн жазган комментарийинде оболу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти өз структурасында Түштүк жана Борбор Азияны бир бөлүмгө бириктиргени геосаясатты талдагандардын баарына эле жага бербесин белгилейт:

- Бул жерде балким Ооганстан менен тарыхый байланыштар болуусу мүмкүн. Бирок алар Каспий-Борбор Азия чөлкөмүнүн Орусия, Батыш, атүгүл Кытай менен байланыштарына салыштырганда, кунарсыз боло түшөт. Чынында эле энергия жана коопсуздук боюнча геосаясат жана Евразиядагы өнүгүүлөр чыгыш-батыш (Батышка ыктоо) жана түндүк-түштүк (Орусияга ыктоо) ортосундагы байланыштардын чегинде каралат.

Анткен менен АКШ Мамлекеттик департаментинде Борбор жана Түштүк Азиянын бир топто каралуусу, талдоочу Александрос Петерсендин пикиринде, Кошмо Штаттарга дос Индия жана Казакстан сындуу өлкөлөр ортосундагы байланыштарга дем берүү боюнча узак мезгилге эсептелген саясатты чагылдырып турат. Мындай байланыштар өз кезегинде Орусиянын пост-советтик аймакта экономика жана коопсуздук жагынан үстөмдүк кылуусуна альтернатива болмок.

Аталган көз-караш акырындык менен ишке ашырылууга жакындап бара жаткандай жана бул президент Барак Обаманын администрациясы Ооганстанды турукташтырууга жана өнүктүрүүгө көңүлдү кайрадан буруп жатканына эле байланыштуу эмес. Аймактык оюнчулар да өздөрү алдыга чыгууда.

Маселен өткөн аптада эле Казакстанда жеңил өнөр-жай, маалымат технологиялары, айыл-чарба, тамак-аш, фармацевтика жаатында биргелешкен ишканаларды түзүүнү талкуулоо үчүн Индиянын ири делегациясы болду. Кеңири чөйрөдөгү мындай сүйлөшүүлөр үчүн эшик Индияга президент Нурсултан Назарбаевдин быйыл январда мамлекеттик майрамга тушташ жасаган визитинен соң ачылды.

Бул иш сапардын учурунда Казакстан Индиянын өзөктүк кубат боюнча улам кеңейип жаткан долбоорлорун өзөктүк отун же уран менен камсыздоосун, ал эми Индия тараптын Казакстандын Каспийдеги Сатпаев мунай кенин өздөштүрүүгө ири инвестиция салуусун караган келишимдерге кол коюлган эле.

Индия ошондой эле өзүн Ооганстандын өнүгүүсүн ыкчамдата алуучу долбоорлордун кызуу колдоочусу катары да көргөзүп келүүдө. Алардын маанилүүсү: Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия газ кууру. Төрт өлкө бул долбоор боюнча алгачкы келишимге былтыр кол койду. Түркмөн газы аталган куур менен тез эле агып кетеринен шек саноолор бар экенине карабай, Индиянын инвесторлору бул долбоор өлкөнүн энергия коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин түшүнүү менен Пакистан менен алакадагы ажырымга көпүрө орнотууга умтулууда.

Ушул айда болсо Казакстандын элчиси Исламабадда Пакистан тарап менен эки өлкө ортосундагы жол катнашын өнүктүрүү боюнча пландарды талкуулады.

Бирок Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрү ортосундагы алака-катыштын гүлдөп өнүгүүсүнө Пакистан менен Ооганстандын аймактарынын басымдуу бөлүгүндө коопсуздук вакуумунун өкүм сүрүшү жолтоо кылууда. Атлантика кеңешинин эксперти Александрос Петерсен өз комментарийинде белгилегендей, Кошмо Штаттар мындай байланыштарга көмөктөшүү боюнча аракеттерди күчөткөн шартта, ал кубаттоого гана арзыбастан, акыр аягында аймактык оюнчулар да демилгени өз колуна алганы оң:

- Индия менен Пакистан Каспий чөлкөмүнүн табигый ресурстарына чаңкап турганы факт. Борбор Азия өлкөлөрү болсо мында инвестиция гана эмес, Түштүк Азиядагы байланыштары тартуулоочу геосаясий альтернативага да ээ болот. Казакстандын алдыда аймактык кызматташтыкка жана чек ара коопсуздугуна көңүл буруучу ЕККУда төрагалык кылуусу, Индиянын Борбор Азиянын базарына чыгуу аракетинин күчөөсү, балким, АКШ Мамлекеттик департаменти өз структурасын уюштурууда карманган көз карашты (Түштүк жана Борбордук Азияны бир топто карооосун) аңдап-билүүгө кандайдыр бир деңгээлде жардам берет.

P.S. Макалада айтылган ой-пикирлер автор Александрос Петерсендин жеке өзүнө гана таандык жана сөзсүз эле "Азаттыктын" көз-карашын чагылдырбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG