Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Борбор Азия: Орусия башкалар менен эсептеше баштады


Курманбек Бакиев, Дмитрий Медведев, Нурсултан Назарбаев жана Ислам Каримов Тажикстандагы жыйында. 28-июль, 2008-ж.

Курманбек Бакиев, Дмитрий Медведев, Нурсултан Назарбаев жана Ислам Каримов Тажикстандагы жыйында. 28-июль, 2008-ж.

Борбор Азиядагы постсоветтик беш өлкө аймакта кайсы бир чоң мамлекеттин үстөмдүгү орношуна колдон келген каршылыгын көрсөтүп келатат.

“Улуу оюн” деп аталган Борбор Азиядагы тымызын таасир талашы кай багытта баратат?

Чет элдик байкоочулар Борбор Азиянын бай табигый ресурстарына, кеңири аймагына кызыгып, тымызын өз ара мөөрөй талашкан тараптар катары Орусия, Кытай, АКШ жана Европаны аташат.

Мурдагы советтик беш жумурият көз карандысыздык алган 18 жылдан бери региондо таасирин арттыргысы келген тышкы күчтөр өз ара тымызын таймашып келет. Орусия, Америка, Кытай, Европа – Борбор Азиядагы беш өлкө менен коопсуздук, бейпилдик жаатында эки тарап үчүн пайдалуу кызматташтыкты сунуштап, акчалай жардам жана соода-сатык жеңилдиктери үчүн чөлкөмдөгү жаратылыш байлыгын иштетүү укугун алууга умтулат. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өз аймагындагы мунай, газ, уран жана башка кен байлыктарын соодалап, ал үчүн тышкы күчтөрдөн башка маселелерде жеңилдик, айрым учурларда артыкчылык табууну көздөйт.

Бу жылдары 2-3 кылымдан бери Борбор Азияны өз таасири алдындагы аймак эсептеген Орусиянын ролу бир топ өзгөрүп, баарын мыкчыган муштуму бошоду. Вашингтондогу Гэтем борборунун изилдөөчүсү Жеймс Никсей Москва соңку жылдары башка да күчтүү атаандаштар менен эсептешүүгө аргасыз боло баштаганын белгилейт.

- Борбор Азияда Орусия мурдагыдай чечүүчү оюнчу болбой калды. Муну моюнга алыш керек, азыр бул аймак үчүн эрегиш, тымызын күрөш жүрүп жаткан чак. Ага Кытай, Индия, Евробиримдик азыраак деңгээлде, АКШ толук кандуу аралашып калды. Таасир арттыруу саясий, маданий, технологиялык, аскердик жана, албетте, энергетика тармагында да жүрүп жатат.

Эксперттердин баамында, мындай тымызын күрөш Борбор Азия өлкөлөрүнүн чырагына май тамызды, анткени баары бир Орусия башкы фактор бойдон кала берээрин түшүнгөн чөлкөмдөгү өкмөттөр башка сырткы күчтөрдү Москванын үстөмдүгүн чектөө куралы катары пайдалана баштады.

Ушу тапта региондо бардык тараптарды жайгарып, өз оокатын тың жүргүзгөн өлкө катары Казакстанды атаса болот. Орусия жана Кытай менен чектешкен бул аймагы кенен мамлекет эгемендик жылдары Чыгыш жана Батыш менен саясий жана экономикалык байланыштарын бирдей чыңдай алды.

Ошол эле маалда Москва менен Бэйжин да Астананын жылуу мамилесине арзыды. Лондондогу Жэйнс аналитика борборунун эксперти Мэтью Клементс мындай ийкемдүү тышкы саясат ири экономикалык пайда алып келээрин башка Борбор Азиялык өлкөлөр Казакстандан үйрөнсө болот деген пикирде. “Чөлкөмдөгү башка өлкөлөр кантсе да, Казакстандын тышкы саясатынан өрнөк алса болот, Астана көп тараптуу саясаттын аркасында Батыш менен Кытайдан ири экономикалык пайда тапканын көрүп турабыз. Болбосо, жалаң Орусияга таянып, Москваны башкы өнөктөш кылып алганда башка далай келишимдерден куру жалак калаарын түшүнө турган мезгил келди”, - дейт Лондондук серепчи.

Борбор Азиялык бардык өлкөлөр тышкы саясатында көп тараптуу багытты тандадыбы? Ушу тапта региондогу айрым өлкөлөр кээ бир дымактуу экономикалык долбоорлорду кийинки орунга жылдырып, өз аймагындагы коопсуздук, элдин бейпилдиги үчүн башканы тобокелге салууга аргасыз.

Борбор Азиядагы “Улуу оюн” уланууда, анын катышуучулары кырдаалга жараша саясатын улам өзгөртүп турган учурлар да аз эмес. Алар тууралуу сөз алдыда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG