Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

“Борбор Азия + Жапония” диалогу Ташкенде өтөт


Ташкенде Кыргызстандагы кырдаал боюнча кеп болот
Ташкенде Кыргызстандагы кырдаал боюнча кеп болот

Бүгүн Ташкенде тышкы иштер министрлеринин «Борбор Азия + Жапония» диалогу башталат. Төртүнчү жылга кетип бараткан маанилүү иш-чарада чөлкөмдүн экономикалык-саясий, коопсуздук маселелери талкууланат.

Жыйын өтөргө чукул токтолго таппаган Кыргызстанда дагы бир ирет бийликти күч менен басып алуу аракети жасалды. Өлкөдөгү абал тууралуу Орусия менен Өзбекстан жетекчилеринин телефон аркылуу пикир алышканы маалымдалууда.

Ташкенде деле Кыргызстан кеби

Стамбулдагы түрк тилдүү мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин бейформал жолугушуусун улай бүгүн Ташкенде өтчү “Борбор Азия + Жапония” диалогунда чөлкөмдөгү карым-катыштарды кеңейтүү, коопсуздук проблемалары жайында кеп болмокчу. Антиштин жөнү удаама-удаа өткөн каадалуу эл аралык жыйындардын текши баарында кийинки кездери Ооганстан маселесинин артынан Кыргызстандагы кырдаалдын сөзсүз талкууланышы адатка айланып баратат. Ташкендеги жыйында гуманитардык көмөк көрсөтүү маселеси козголорун Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ырастады.

- Ошондой эле Борбордук Азиянын регионалдык коопсуздугу боюнча кандай коопсуздук маселелер бар, ошолор талкууланат. Сунуштар берилет. Анан дагы ошолордун арасында биз кыргыз делегациясы Кыргызстандагы кырдаал боюнча өзүбүздүн оюбузду айтабыз. Борбор Азия тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу жолугушуулар болот. Ошонун ичинде өзгөчө Жапониянын Тышкы иштер министри менен болчу кездешүүнү айткым келет.

Р.Казакбаевдин жапон кесиптеши менен жолугушуусуна өзгөчө басым коюп жатышынын себеби деле белгилүү. 7-апрелдеги бийлик алмашуусунан кийин Кыргызстандын убактылуу бийлигин тааныбай келген жапон өкмөтү 27-июндагы референдумдан кийин эки өлкөнүн расмий карым-катышы улантыла тургандыгын билдирген.

Тынчтыктын барк-баасы

Иши кылып Ташкенде өтчү министрлер жолугушуусунда талкууланчу орчун маселе дагыле Кыргызстандагы кырдаал болот окшоп калды. “Борбор Азия + Жапония” диалогунда чөлкөмдүк коопсуздук маселеси сөзсүз талкуулана тургандыгын Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов да белгилейт.

- Экинчиси болсо биз Кыргызстанга кандай жардам беребиз?

Ташкендеги жыйынга чукул Кыргызстанда бийликти тартып алуунун кезектеги аракети майнапсыз аяктады. Жаздан бери жалаң уруш-талаш менен келаткан өлкөдөгү абал Орусия менен Өзбекстан президенттеринин телефон сүйлөшүүсүндө козголгону кабарланууда. Улуттар ортолук жаңжалды болтурбай коюунун жолдорун талкуулаган эки өлкө президенти кандай бүтүм-жыйынтыктарга келишкени маалымдала элек. Кыязы чоң жыйын алдында расмий Ташкен өз позициясын Орусия менен дагы бир ирет бекемдеп алууну көздөгөн окшойт.

Расмий Ташкен кыйладан бери токтолуп калган Кыргызстан менен чек арасын аныктоо-тактоо жумуштарын ыкчамдатуу сунушун билдирүүдө. Андан да Ташкендин “көгүлтүр отун” акысын убагында төлөй албаган коңшусуна кетчү түтүктү жаап салбаганы биралдын таң калтырып туру. Өзбекстан президенти Бухара облусундагы эл менен жолугушуусунда Кыргызстандагы жаңжалды кылымдар бою коюн-колтук жашаган эки эл эмес, кайсы бир сырткы күчтөр жасаганын айтып, бул маселени улам-улам кодулагандар Өзбекстандын душманын экенин жарыя кылган. Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде да бул сырткы күчтөр тарабынан уюштурулган иш.

- Акырындык менен ошол араздашуу Фергана өрөөнүнө өтүп Өзбекстанды талкалоого багытталган болчу, деген сөздү айтты.

Жаңжалдын себеп-жөнү кылдат иликтенип, тактала электе алдагыдай так кесе бүтүм чыгарылып калышы мындан жыйырма жыл илгерки жагдайды эске салууда. Ал кезде деле бир өлкөдө жашаган эки улут ортосунда араздашуу болбогону айтылып, кагылыш үчүнчү бир күчтөрдүн чагымчыл аракетинин натыйжасы экени белгиленген. Эл аралык каржы уюмдары, донор өлкөлөрдүн Бишкектеги жыйынында бүлүнгөн шаар-кыштактарды калыбына келтирүүгө, экономиканы колдоого 1 миллиард 100 миллион доллар бөлүү чечими кабыл алынган. Ал акчанын теңинен көбү быйыл, калганы кийинки жылдары бөлүнөрү ырасталган.

XS
SM
MD
LG