Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Ж. Жоробеков: Өзбекстандын ЕврАзЭШтен чыгышы кошуналарга таасирин тийгизбейт


Өзбекстан Евразия экономикалык шериктештигинен чыгаарын жарыялады. Бул маселенин тегерегинде саясат таануучу Ж. Жоробеков “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

-Жолборс мырза, Өзбекстан Евразия экономикалык шериктештигинен чыгуу арызын бергени айтылууда. Сиздин оюңузча, мунун башкы себеби эмнеде?

-Мындай болушу мурда эле күтүлгөн. Буга эки себеп бар. Биринчиси: Каримов ЕврАзЭШ башталгандан баштап эле дайым ушул президенттердин чогулушунда же өзүнчө интервьюларында дайыма бул уюм эффективдүү кызмат кыла албай жатат деген нерсени айтып келет. Экинчи жагы болсо, албетте Борбор Азия чөлкөмүндө ким лидерлик кыла алат деген айтылбаган атаандаштык өкүм сүрүп турат. ЕврАзЭШ убагында Назарбаевдин демилгеси менен уюшулганы үчүн ушул жагынан да кандайдыр бир нерселер бар. Бирок эгерде бул уюмдан чындап эле Өзбекстан чыга турган болсо бул трагедияга алып келбейт. Бирок кыйынчылык нерселер болсо, бир гана Өзбекстандын өзү үчүн гана болушу мүмкүн, дагы бир нерсени белгилеп коюш керек, эртеңкинин алкагындагы мамлекеттер айрыкча ШКУ болсун, же башка уюмдар болсун сөзсүз бул эртеңки, бүрсүгүнкү, мындан 10 жылдан кийинки биздин алакалар үчүн абдан жакшы тепкичтерди түзгөн болоор эле. Тез-тез призденттер жолугушуп, тез-тез маселерди чечиш керек .


- Авторитардык өлкө эсептелген Өзбекстан демократ президентти тандаган АКШнын колдоосуна ээ болушу мүмкүнбү?

-АКШнын колдоосуна ээ болуп, биздеги суу проблемаларды ошолордун таасири менен чечет деген бул албетте алыс саясат, андай болушу мүмкүн эмес. Суу маселелерин биз өзүбүз эле чечкенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул жөнүндө өткөндө болгон самитте да айкын болду. Ал эми Москвадан башка жактагы аналитиктердин бул КМШнын курамынан, ЕврАзЭШтин курамынан чыгып, анан Америкага жакындашып, ошолор аркылуу бизге кысым көрсөтөт дегени бул менин оюмча, түккө турбаган нерсе. Өзбекстандын мындай тышкы саясатындагы бурулуш менин оюмча, жакын турган тили бир, дини бир, жерибиз бир, суубуз бир мамлекеттерге терс таасирин тийгизбейт. Себеби Каримов өзү жалгыз Орто Азиянын алкагынан чыгып алып, башка саясат жүргүзгөнгө ойлонуп турат, ошон үчүн чыныгы гана азыр экономикалык тез арада таасир бере турган нерсе болбой жатат деп айтып келген өзүнүн сөзүн ишке ашырды. Ал эми биротоло Казакстан же Кыргызстан, Тажикстан менен алакаларын токтотот же кыйындатат дегенге да ишенүү кыйын.

- Аны бекемдеши мүнкүнбү?

-Бекемдейт. Биздин чек араларыбыз бир болуп турган мамлекеттер менен алакасыз кандай мамлекет болбосун өтө кыйын болот. Каримов да бул жагын байкап турат, биз менен мамилесин начарлатпайт.

- Демек сиз Өзбекстан Америка баштаган батыш менен мамилесин чыңдайт деген ойдон алыссызбы?

-Чыңдаса чыңдайт. Бирок ал биз үчүн жаман таасир эте турган жагдайлар эмес. Өзбекстан ким менен болсо да мамилесин чыңдашы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG