Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Тажик президенти БУУда суу көйгөйүн көтөрдү


Эмомали Рахмон - Борбор Азиядан Башкы асасмблеянын быйылкы жыйынына барган эки президенттин бири.

Эмомали Рахмон - Борбор Азиядан Башкы асасмблеянын быйылкы жыйынына барган эки президенттин бири.

Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 64- сессиясында Борбор Азия өлкөлөрү үчүн аймактык көйгөй болуп жаткан маселелер көтөрүлдү.

Борбор Азиядан БУУнун Башкы ассамблеясында азырынча Тажикстан менен Түркмөнстандын ага барган президенттери Эмомали Рахмон менен Гурбангулы Бердымухаммедов гана сөз алышты. Ал эми аймактын калган үч өлкөсүнүн делегация башчылары: Кыргызстандан премьер- министр Игорь Чудинов, Казактандын мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министри Канат Саудабаев, Өзбекстандан тышкы иштер министри Владимир Норовдор алдыдагы күндөрү сүйлөрү күтүлүүдө.

Башкы ассамблеядагы жалпы талкуулардын биринчи күнү 23-сентябрда трибунага көтөрүлгөн тажик лидери өз сөзүндө аймактын талаштуу маселеси -суу бөлүштүрүү менен жаңы ГЭСтердин курулушуна да токтоло кетти. Эмомали Рахмондун айтымында, арзан жана экологиялык жактан таза энергияга керектөөнүн такай өсүүсү менен ГЭСтерди жана өзгөчө кургакчыл жылдары суунун кепилденген өлчөмү менен камсыз кылуучу суу сактагычтарды куруу зарылчылыгы да күчөөдө:

-Гидроэнергетикалык обьектилер суу керектебестен аны пайдалануу менен энергия чыгарууда. Мындай жайлар Таджикстандын өзү үчүн гана эмес, бүткүл Борбор Азия чөлкөмүнүн суу –энергетикалык, социалдык -экономикалык секторунун өнүгүүсү жана айлана –чөйөнү корголушу үчүн олуттуу мааниге ээ.

Тажик президенти ага катар гидроэнергетикалык рксурстары жагынан дүйнөдө сегизинчи орунда турган Тажикстан акыркы он сегиз жылдан бери жылына сегиз айдан энергетикалык кризисти баштан кечирип жатканын эске салып, андыктан өлкөсүнүн гидроэнергетиканы өндүрүүсү акылга сыярлык иш экенин белгиледи. БУУдагы сөзүнүн гидроэнергетикалык ресурстарды пайдаланууга арналган бөлүгүндө тажик президенти ал канткенде аймактын баары үчүн кызмат кыларына да токтолду:

-Тажикстан карамагында суунун ири кору бар өлкө катары дарыянын жогорку жагындагы сууга бай жана углеводороддук ресурстар топтолгон төмөн жагындагы өлкөлөр ортосунда суунун жана энергия ресурстардын агымы үчүн экономикалык механизм түзүү мамлекеттер ортосунда узак мөөнөткө эсептелген өз ара пайдалуу кызматташтыкка алып барат деген ишенимде.

Ошентип тажик президенти жаңыдан курулуп же курулуучу ГЭСтер суунун төмөн жагындагы өлкөлөр ырастагандай, алар үчүн зыян эмес деген ойду БУУнун башкы асасмблеясындагы сөзүндө дагы бир ирет каңкуулады.

Жаңы куруулуучу ГЭСтерден же эски ГЭСтердеги суу сактагычтардын ирригациялыкка караганда, энергетикалык режимде көбүрөөк иштөөсүнөн дарыянын төмөн жагындагы өлкөлөрдүн зыян тартары жөнүндө өзгөчө Өзбекстан айтып келе жатат. Соңку кездери болсо Ташкент Кыргызстан менен Тажикстандын эски ГЭСтеринде орун алуусу мүмкүн ыктымал кырсыктардын Өзбекстанга тийүүчү кесепеттери жөнүндө көп сөз кыла баштады.

Андыктан өзбек тарап айрым байкоочулардын баамында, суу маселесин БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасынан быйыл да көтөрөрү күтүлөт. Анын үстүнө өзбек тышкы иштер министри Владимир Норов жакында Евробиримдик менен Борбор Азиянын Брюсселде министрлер деңгээлинде өткөн экинчи жыйынында анын өлкөсү Чек арадан өткөн суулар менен эл аралык көлдөрдү коргоо жана пайдалануу боюнча БУУнун конвенциясына артыкчылык берерин ишара кылган эле.

Башкы ассамблеянын былтыркы отурумунда болсо өзбек тышкы иштер министри Владимир Норов мындай деген болчу:

-БУУнун конвенциясынын негизги талабына ылайык, Борбор Азияда чек араларды кесип өткөн дарыялардагы суунун агымын пайдалануу боюнча баардык чечимдер, анын ичинде гидроэнергетикалык курулуштарды салууда, аймактын экологиясына зыян клтирбөөсү жана канатташ өлкөлөрдөгү элдин кызыкчылыгын тебелебеши, чек араларды кесип өткөн дарыялардын суусун анын бассейнинде жайгашкан баардык өлкөлөрдүн пайдалануусу боюнча калыптанып калган балансты бузпоосу керек.

БУУнун Башкы ассамблеясынын алгачкы иш күнүндө түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов да сөз алды. Аймактын газга бай жана анысы менен көптөрдүн көзүн арттырган бул өлкөсүнүн азыркы президенти өз сөзүндө энергия боюнча глобалдык коопсуздук механизмин түзүүгө чакырды:

-Бүгүн сөз кандайдыр бир профилактикалык чараларды кабыл алуу, отунду ташууну кээ бир аспектилери боюнча жергиликтүү деңгээлдеги макулдашуулар жөнүндө эмес, дүйнөлүк энергетикалык мейкиндиктеги мамилелердин жаңы универсалдуу моделин түзүү жөнүндө болуп жатат. Ал модел кызыкчылыктарды тең салмактоого, көз караштарды шайкеш келтирүүгө жана энергия коопсуздугунун глобалдык архитектурасы жөнүндөгү түшүнүккө негизделүүсү керек.

Газ байлыктарын эл аралык базарга чыгаруудагы жолдорду көбөйтүү азыр Түркмөнстан кызыкдар болуп турган маселе. Президент Бурдымухаммедов өз сөзүндө кошумчалагандай, анын өлкөсү глобалдык энергия коопсуздугунун механизминин долбоорун даярдоо үчүн БУУ баштаган эксперттер тобу түзүлүүсүн колдойт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG