Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:16

Бишкекте өтуп жаткан эл аралык маданий форумда Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда маданий алака-катыштарды жандандыруу, байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланууда.

Борбордук Азия мамлекеттеринин эгемендик алышы менен алардын ортосундагы маданий алакалар алыстап кетти. Көптөгөн маданий ишмерлер чет жактарга кетишүүдө. Ал эми жаш муун болсо маданий каада-салттарды сактап калууга кызыкдар эмес.

Борбордук Азия мамлекеттеринин маданий байланыштарын өнүктүрүүгө арналган эл аралык форум ЮНЕСКО тарабынан каржыланып, буга Казакстандын Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Кыргызстандын көркөм өнөр жана маданият ишмерлери, арт-менеджерлер, саясат таануучулар катышууда.

Борбордук Азия маданий байланыштар түйүнүнүн жетекчиси Алмакан Найзабекованын пикиринде Борбордук Азия мамлекеттери өзүнчө бөлүнүп кеткени - ортодогу маданий байланыштар да ыдырап калды. Андыктан форумдун максаты – маданий сүйлөшүү аркылуу маданий байланыштарды, карым-катнаштарды жандандыруу. Өзгөчө материалдык эмес көркөм байлыктын – маданияттын баасын жаш муунга жеткирүү:

-Ар бир элдин, ар бир адамдын өз ыйыктары, өз белгилери болот. Алар – тил, каада-салт, руханий көркөм байлыктар. Учурдагы глобализацияда – мына ушул байлыктарыбыз акырындык менен жонулуп жатат. Андыктан бул байлыктарды коргоп-сактоону жаштарыбызга сабакташыбыз керек. Алдыдагы эки күндүк окууларыбызда жаштар менен пикир алышуулар болот.</i>

Сербия Көркөм өнөр-Арт борборунун менеджери Александр Брикич Борбордук Азияда биринчи ирет болуп жатат.

-Мен маданияты, көркөм өнөрү, этникалык өзгөчөлүктөрү Борбордук Азияга кыйла жакын Балкан аймагынан - Сербиядан келдим. Кечээтен бери пикир алышуулар болуп жатат. Мындай дискуссиялар чоң пайдасын берчүдөй. Ушундай биргелешип иштешүүлөрдөн келечекте жаңы маданий долбоорлор жаралат деген ишеничтемин,-деди А. Брикич.

Ал эми Өзбекстан илимдер академиясынын философия жана укук институтунун директору Бахтияр Каримовдун айтымында, Борбордук Азияда жылдар менен жыйылып калган маданий проблемаларды чечүүгө гана эмес, Бишкекте өтүп жаткан эл аралык форум улуттардын карым-катнашына да шарт түзүп отурат.

Маданият жана маалымат министринин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Тамара Кадырбаева – аталган форумга түштүк сүрөтчүлөрүнүн, кол өнөрчүлөрүнүн, уз-чеберлеринин эмгектерин жетектеп келди.

-Өзүңүздөргө белгилүү Кыргызстандын түштүк аймагы, Фергана өрөөнү – байыркы баалуулуктарга – анын ичинде маданиятка эгедер. Эки жыл илгери биз түштүк аймагында ушундай форум өткөзгөнбүз. Жылыштар болуп жаткан экен – мына эми Эл аралык Форум өтүп жатат. Эгер биз маданияттын келечегине азыртан кам көрбөсөк – биз абалтан келаткан адамзат табиятын жакырлантып алабыз,-дейт Тамара Кадырбаева

Маданият министрлигинин имаратында эки күндөн бери өтүп жаткан форум бүгүн талашып-тартышуулар, талкуулар менен уланды. Эртеңден эки күнгө созулган маданият жана көркөм өнөр маселелерине арналган окуулар өтмөкчү.

Форумдун дагы бир башкы максаты – маданий жетишкендиктерди Борбордук Азия мамлекеттери дүйнөгө өз-өзүнчө көрсөтпөй, биргелешип көрсөтүүгө жетишүү. Борбордук Азия маданий байланыштар түйүнүнүн жетекчиси Алмакан Найзабекованын айтымында , форумдун иши кыргыз өкмөтүнө атайын Кайрылуу жасоо менен аяктамакчы.

XS
SM
MD
LG