Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:20

Рахмон: Шарт койбодук, ойнободук...


Тажик президенти Эмомали Рахмон Брюсселдеги пресс-конференцияда сүйлөп жатат, 10-февраль
Тажик президенти Эмомали Рахмон Брюсселдеги пресс-конференцияда сүйлөп жатат, 10-февраль

Тажик президенти Эмомали Рахмон Брюсселде Кыргызстандын «Манас» аэропортунда жайгашкан эларалык күчтөргө өлкөнүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берген себебин Ооганстандагы тынчтыкты орнотуу зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Президент Эмомали Рахмон Ооганстандагы терроризмге каршы күрөштө Тажикстан Батышка ишенимдүү өнөктөш боло аларын Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануел Баррозо менен 10-февралда чогуу өткөргөн пресс-конференцияда баса белгиледи. «Биз эларалык терроризмди, маң баскынчылыгын, экстремизмди, каруу жарак аткезчилигин жакындан билебиз,- деди Рахмон. - Бул маселеде бардык улуттардын көз карашы окшош. Ооганстанда тынчтык канчалык тез орносо, ошончолук жакшы».

Тажик лидери Кыргызстан АКШнын «Манас» аэропортундагы авиабазасын жабаарын жарыя кылгандан кийин, ал эч соодалашпай туруп Тажикстандын аба мейкиндигин АКШ башындагы коалициялык күчтөргө пайдаланууга бергенин дыкаттап айтып берди. «Алар келбей туруп эле дипломаттык каналдар аркылуу бизге кат жөнөтүштү. Биз эч кандай шарт койбодук, ойнободук жана соодалашпадык. Мен ошол замат уруксат бердим. Себеби биз Ооганстандагы тынчтыкка кан-жаныбыз менен кызыкдарбыз.»

Рахмондун бул кадамы өлкөнүн Евробиримдик жана НАТО менен болгон кызматташуусун жакшыртуу үчүн өтө маанилүү. Анткени президент Медведевдин Борбор Азияда жаңы электр станциялар бардык коңшу мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алып курулуш керек деген сөзүнөн кийин Дүйшөмбү-Москва алакасы сууй түшкөн. Өз ара мунаса болбосо, Россия эч кандай долбоорлорго катышпайт деп эскерткен эле Медведев Өзбекстандагы сапары учурунда. Анын кесепетинен, Рахмон менен Медведевдин 2-февралга мерчемделген Москвадагы кездешүүсү да болбой калган.

«Азия Плюс» жумалыгын редактору Марат Мамадшоевдин айтымында, Рахмон Брюсселге барар алдында болгон чатак Тажикстан Европа менен кеңири кызматташууга даяр экенин Батышка ишаара кылды. «Тажикстандын Россия жана Өзбекстан менен болгон бул чатагы Тажикстан Европа менен түрдүү формадагы кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин европалыктарга маалымдады», деп айткан Мамадшоев «Азаттыкка» берген интервьюда.

Президент Рахмон Брюсселде суу жана электр энергиясы Борбор Азия үчүн эң чоң көйгөй экенин айтып, проблеманы жөндөөдө Батыштык уюмдардын жардамга чакырды: «Биз бул маселелерди жакынкы жылдары эларалык мекемелердин көмөгү менен чечебиз деп ишенем. Алар көзкарандысыз жана калыс экспертизанын негизинде ГЭСтерди жана суу сактагычтарды куруу кимге пайдалуу экенин аныкташат, бизди гидроэнергетикалык долбоорлор менен камсыздашат деген үмүттөмүн.»

Азыр Тажикстан экономикалык жана энергетикалык кризисти баштан кечирүүдө. Рогун ГЭСи да бүтпөй турат. Ошон үчүн, Европарламенттин мүчөсү Она Юкневисиене мурда болжогондой эле президент Рахмон учурдан пайдаланып, Евробримдик менен соода-экономикалык алканы тереңдетүүгө абдан куштар экенин Брюсселге айкын көрсөттү.

XS
SM
MD
LG