Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:46

Соңку кездери Борбор Азияда диний мыйзамдар катаалдай баштаганы көп айтылууда. “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын серепчиси жана жаңылыктар бөлүмүнүн улук редактору Мерхат Шарипжан Борбор Азиядагы диний кырдаалга кайрылды.

Мерхат Шарипжандын пикиринде, Борбор Азиядагы мамлекеттердин бардыгынын баш мыйзамы жарандарына ишеним жана дин эркиндигин бергени менен иш жүзүндө ага каршы келген кадамдар жасалууда.

Маселен, 5-мартта тажик парламентти диний уюмдар тууралуу жаңы мыйзам кабыл алды. Ал мыйзам Тажикстанда 1992-жылы кабыл алынган мыйзамга караганда алда канча катаал. Парламент депутаттары бул мыйзамда баардык эле диндерди бирдей карашканын айтышканы менен Тажикстан элинин 90 пайызы тутунган Исламдын “Ханафи” агымына негизги артыкчылык берилип калган. Эгер ага президент Эмомоли Рахмон кол кое турган болсо башка диндердин таралуусуна бөгөт коюлуп калат.

Андан тышкары “Азаттыктын” серепчиси 2009-жылдын январында Кыргызстанда да ошол сыяктуу мыйзам кабыл алынганын, эми бул өлкөдө да миссионердик иш-чараларга бөгөт коюлганын баса белгилейт.

Ал эми Өзбекстанда 1998-жылы эле салттуу динден башка диний уюмдарга ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө расмий түрдө тыюу салынган. Өткөн айда болсо Ташкендеги бир исламдык басылмада иштеген 5 журналистти сот 8 жылдан 12 жылга чейин абакка кесип жиберген. Мерхат Шарипжандын ырастоосунда, ал журналисттер ислам дининдеги өзүнчө агым катары саналган Саид Нурсинин окууларын жайылтууга аракет жасашкан.

Казакстанга кайрылган серепчи, эки эле ай мурда казак соту орус жараны жана “Биригүү чиркөөсүнүн” миссионери Елизавета Дреничеваны эки жылга түрмөгө кескенин эскертет.

Казак бийлиги январь айында Алматага конгон АКШ жаранын да дароо артка айдаган, анткени ал жаран миссионердик максатта келген деп шектелген”,- дейт Мерхат Шарипжан.

Серепчинин айтымында, совет доорунда диний уюмдар көпчүлүктүн жүрөгүнүн үшүн алган коопсуздук комитетине же ошол доордун тили менен айтканда КГБга түздөн-түз баш ийчү жана көпчүлүк өз ишенимин жашырганга аракеттенчү. СССРдин кыйрашы менен көпчүлүк эл өздөрүнүн салттуу динине кайтышып, кыйласы четтен келген агымдарга кирип кетишти.

90-жылдардан кийинки экономикалык каатчылык заман да Борбор Азиядагы элдин көбүн негизинен исламга бурду. Маселен, Казакстандын айылдарында өп-чап турмушта жашаган жаштар шаардын жаштарынын кыйла дурус жашоосун, машине минип, чет өлкөдө саякатта жүрүшкөнүн көрүп нааразы болушуп, теңчиликти жана адилеттикти убада кылган ислам топторуна кошулуп кетишти. Серепчинин айтуусунда, Өзбекстан ислам кыймылына деле көпчүлүк жаштар ушундай себептерден улам тартылышкан.

Мерхат Шарипжандын ырастоосунда, учурда Борбор Азиядагы бардык лидерлер катары барган сайын кеңейип бараткан түрдүү диний агымдардан чочулашып, аларды катуу көзөмөлгө алууга, салттуу диндерден башкасына бөгөт коюуга бет алышты.

Азыр бийликтин көзөмөлүндөгү ырасмий каттоодон өткөн мечиттерде дин кызматкерлери “стан” лидерлерин макташып, аларга дуба-батасын берип калышты”,- дейт серепчи.

Мерхат Шарипжан учурда “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын серепчиси жана жаңылыктар бөлүмүнүн улук редактору. Анын бул жерде айтылган ойлору сөзсүз эле “Азаттык” үналгысынын турумун чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG