Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Берлин дубалы жана Чыгыш Европа: Эл пикиринде эмне өзгөрүү?


Жыйырма жыл мурда чек арадагы темир коргондун кулашын кубаныч менен тосуп алган венгерлер арасында ушу тапта коммунисттик доорго салыштырмалуу азыр материалдык жактан уттурдук деп эсептегендер басымдуулук кылат.
Жыйырма жыл мурда чек арадагы темир коргондун кулашын кубаныч менен тосуп алган венгерлер арасында ушу тапта коммунисттик доорго салыштырмалуу азыр материалдык жактан уттурдук деп эсептегендер басымдуулук кылат.

Берлин дубалынын ураганына 9-ноябрда жыйырма жыл толду. Бул окуяны утурлай кезинде Темир көшөгөнүн артында жашаган мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө жүргүзүлгөн сурамжылоолого караганда, эл арасында андан бери орун алган өзгөрүүлөргө карата канааттанган да, нааразы да маанайлар бар.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан "Пю" изилдөө борбору (the Pew Research Center) өзүнүн азыркы сурамжылоосун Германиянын чыгышында (мурдагы ГДР аймагында), Болгария, Венгрия, Словакия, Чехия, Польша, Литва жана Орусия менен Украинада быйыл август жана сентябрь айларында өткөргөн. Аталган өлкөлөрдүн тургундарына бул ирээт да 1991-жылы коммунисттик түзүлүш биротоло кыйраар замат жүргүзүлгөн сурамжылоо учурунда берилген суроолор жолдонгон.

"Пю" изилдөө борборунун баяндамасында белгиленгендей, акыркы сурамжылоонун жыйынтыгын 1991-жылкы сурамжылоонун тыянактары менен салыштыра келгенде, ал өткөрүлгөн өлкөлөрдүн көбүндө калктын басымдуу бөлүгү жалпысынан 20 жыл мурдагы жашоосуна караганда, азыркы турмушуна көбүрөөк ыраазы. Бирок демократия менен капитализмди колдогондордун катары ошол учурдагыга салыштырмалуу суюлган.

Изилдөө акыркы жыйырма жыл ичи орун алган өзгөрүүлөргө курагы 50 жашка чейинки жарандар алардан улгайгандарга салыштырмалуу көбүрөөк канаатанарын көргөздү.

Муундар арасындагы мындай ажырым өзгөчө Болгария менен Орусияда байкалган. Аталган өлкөлөрдө көп партиялуу системаны курагы 65 тен ашкан адамдардын үчтөн бир бөлүгүнөн азы (27%ы), ал эми 18-29 жаш курактагылар арасынан үчтөн эки бөлүгү (65%) жакташат.

Чыгыш жана Борбордук Европадан мекени демократияны көздөй оогонуна кубангандардын көбү - Чехиянын, Польшанын жана мурдагы Чыгыш Германиянын жарандары.

Ал эми мындай жараянга нааразы пикирлерин көбүнесе Орусия, Украина жана Болгариянын тургундары билдиришкен.

Дегеле демократия менен капитализм жашоосуна алып келген өзгөрүүлөргө канааттанбангандардын эң калың катмары украиналыктар арасында катталган. Эгерде "Пью" изилдөө борборунун 1991-жылкы сурамжылоосу элдин үч чейрегине жакыны (72%) демократиянын кубаттаганын көргөзсө, азыр мындайлардын саны калктын үчтөн бир бөлүгүнө да (30%) жетпейт.

1991-жылы украиналыктардын жарымынан көбү (52%) өлкө капитализмге көчкөнүн жакташса, азыр мындай турумду кармангандар элдин үчтөн бир бөлүгүнөн (36%) бир аз гана ашат. Ошондой эле соңку сурамжылоодо украиндердин 62%ы 1991-жылга чейин азыркыдан жакшы жашаганын айтышкан.

Мындан сырткары "Пю" изилдөө борборунун сурамжылоосу 1990-жылдары экономикасы өргө чаап бара жаткандай көрүнгөн Венгриянын калкы арасында коммунисттик доорго караганда материалдык жактан азыр көбүрөөк уттурдук деп эсептегендер эң арбын экенин ачыктады. Жогорудагыдай пикирди суралган венгерлердин 72%ы айткан. Ага катар капитализмди колдогондор саны Венгрияда 1991-жылы 80% болсо, азыр 46%га түшкөн.

Бир кезде реформалардын лидери катары эсептелген Венгрияда мындай маанай өкүм сүрүшүнүн себеби эмнеде? Биз менен кыргызстандык илимпоз, учурда Будапеште илимий долбоору менен алектенип жаткан Сайрагүл Матикеева ой бөлүштү:

- Менин баамыма караганда, бул жерде элдин жашоо деңгээли, экономиканын өнүгүүсү Европанын башка мамлекеттерине салыштырмалуу төмөнүрөөк, жакырчылык жогорураак. Бул дароо эле көзгө көрүнүп турат. Атайын изилдөө өткөрбөгөндөн кийин элдин мынча пайызы жакшы, мынча пайызы жаман жашайт деп айта албайм. Бирок аймактын башка өлкөлөрүнө караганда, абал кыйын экени ачык байкалат. Ошол эле мезгилде венгерлер менен сүйлөшүп, пикир алышып калганда, менин байкашымча, коммунизм жөнүндө көпчүлүгү тескери пикирди айтышат. Бизди социализмге байлап койбогондо, Батыштын мамлекеттери менен тең эле даражада өнүгөт болчук деген өкүнүч сөздөрдү көп эле уктум.

Орусияда "Пю" изилдөө борборунун сурамжылоосуна караганда, калктын жарымына жакыны (45%) жыйырма жыл мурунку турмушун суктануу менен эстешет экен. Ага катар капитализм алып келген өзгөрүүлөрдү азыр орусиялыктардын жарымы эле (50%) колдошсо, ошол эле сандагысы (53%) демократияга көз карашы түз экенин билдиришкен.

Бирок иликтөө көргөзгөндөй Орусияда 1991-жылдан бери улутчулдук маанайы күчөгөн. Азыр орустардын жарымынан көбү (54%) “Орусия орустар үчүн “ деген ураанды кубаттайт. 1991-жылы мындайды жактагандар элдин бир чейрегинен (26%) гана бир аз ашчу.

Тасмада: Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл

Берлин дубалы ураганына жыйырма жыл толду. Бул окуяны утурлай Бишкектин көчөлөрүндө "Сиз бул тууралуу кабардарсызбы?" деген суроо узаттык. MiT.

Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG