Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Москванын чечен лидерине ишеними жоголдубу?


Маалыматы бар байкоочулар Москвада Рамзан Кадыровго ишеним кете баштады деп эсептешет.

Маалыматы бар байкоочулар Москвада Рамзан Кадыровго ишеним кете баштады деп эсептешет.

Чеченстандын президентинин кызматына Рамзан Кадыров расмий киришкенине быйыл 5-апрелде эки жыл толду. Бирок анын бул кызматты мындан ары да ээлөө мүмкүнчүлүгү тездик менен азайып жаткандай. Маалыматы бар байкоочулардын ишениминде, Орусиянын жетекчилиги акыр аягында Кадыров алар үчүн кыйынчылык менен катар коркунуч да жаратарын түшүндү.

Байкоочулар ириде Орусиянын президенти Дмитрий Медведев чечен лидери менен байланыштарын болушунча чектегенин белгилешет. Медведев былтыр майда бийликке келгенден бери Кадыров менен көз-көз бир ирээт гана кездешти. Атүгүл коңшу Ингушетиянын жаңы жетекчиси менен сүйлөшүү үчүн бул республикага барганда, Чеченстанга баш баккан эмес.

Ал эми кезинде Рамзан Кадыровду бийликке алып келген Орусиянын мурунку жетекчиси, азыркы премьер-министр Владимир Путин анын менен өткөн айда болгон кездешүүсүндө федералдык бюджеттен бөлүнгөн акчалардын кандай пайдаланылганы боюнча катаал суроолорду берди. Бирок Медведевден айрымаланып, Путин азыркы кызматы учурунда да Чеченстанга барууга үлгүрдү. Путин былтыр октябрда Грозныйда чоң мечиттин ачылуусуна катышкан. Байкоочулар Рамзан Кадыровдун өзү да мурдагыдай эле Путиндин колдоосун сактап калууга артыкчылык берерин айтышат.

Өткөн айдын соңунда болсо президент Медведевдин администрациясындагы булактар чечен лидеринин Кремль 31-мартта Чеченстанда “контртеррордук операция” аяктаганын расмий жарыялайт деген ырастоосун четке кагышты жана мындай жарыя жасалган жок.

“Азаттык” радиосунун Кавказ боюнча талдоочусү Лиз Фуллер расмий Москванын Кадыровго ишенимине доо кетирип жаткан факторлордун бири катары төмөнкү жагдайды атайт:

- Кадыровдун өзүнө каршы иштөөсү мүмкүн алсыз жактарынын бири – анын чыгармачылык менен айтылган сөздөрү. Маслен регнум.ру деген интернет сайттагы жакындагы интервьюсунда ал “ислам терроризминин” башкы соккусун өзүнө алуу менен “Чеченстан Орусияны сактап калды”,- деп ырастады.Чеченстан Орусиянын сойкулук, наркомания, социалдык башка илдеттер кеңири жайылган башка чөлкөмдөрү үчүн моралдык үлгү гана болбостон, патриоттулукту кайра тикелеген жана алга жылдырган катализатор катары да кызмат кылып жатканын кошумчалады.

Рамзан Кадыровдун өзү болсо бийликке келгенден берки башкы жетишкендиктери катары эки үч нерсени мактаныч менен айтып жүрөт. Маселен согуштан талкаланган Грозныйда, башка шаарлар менен кыштактарда жүргүзүлгөн курулуш иштеринин масштабын аз гана киши талашса керек. Бирок адистер курулуштардын көбүнүн сапатынын начардыгын, федералдык бюджеттен чектөөсүз бөлүнгөн акчанын эсебинен каржыланганын, балким бюджеттен айлык алгандардын “өз эрки менен” делген салымдары да кошумча болгонун белгилешет.

Анткен менен түрдүү программалар боюнча федералдык бюджеттен бөлүнгөн акчалардын канча үлүшү согуш учурунда үй-жайын жоготкон карапайым чечендерге компенсация ирээтинде төлөнүп берилгени белгисиз. Ошол эле учурда Чеченстандан эч ким Кадыров өзүнүн таза кандуу аргымактары, кымбат баалуу спорттук автоунаалары үчүн каражатты кайдан алып жатканын сурай албайт.

Бирок соңку кездери Москва федералдык бюджеттен бөлүнгөн акча кандай коротулганына жакындан көз салууга киришкенин белгилери байкала баштагандай. Чеченстандын жаңы прокурору Михаил Савчин алардын мекемеси 2008-жыл боюнча бюджет мыйзамын бузуунун 10 миң, антикоррупциялык мыйзамды бузуунун 1,5 миң фактысын тапканын өткөн айда эле айтып чыкты.

Чечен президенти мактаныч менен айтып келе жаткан экинчи жетишкендиги - козголоңчулардын саясий жана аскерий күч катары нейтралдаштырылуусу. Кадыровдун ырастоосунда, учурда тоолуу аймактарда согушкерлердин саналуусу гана калды. Бирок козголоңчулар азыр Чеченстанга караганда, коңшу Ингушетия менен Дагестанда активдүү.

“Азаттык” радиосунун Кавказ боюнча талдоочусу Лиз Фуллердин пикиринде, бул биринчи кезекте чечендердин улуу мууну психологиялык жактан жүдөп бүткөнүнө, Кадыров жана анын миңдеген куралдуу сакчылары жараткан террор атмосферасына байланыштуу.

Козголоңчуларды тынчытканына кошумча Кадыров мурдагы Ичкерия Чечен республикасынын бир нече министрлерин сүргүндөн мекенине кайтууга көндүрө алганын айтат. Бирок алардын кеминде бирөөсү кайтууга коркутуулардан жана шантаждан улам барууга аргасыз болгонун билдирди. Чечендердин сүргүндөгү лидерлеринин эң белгилүүсү - Ахмад Закаев мурдагыдай эле Лондондо кала берүүдө.

Ошол эле учурда кезинде Кадыровго өнөктөш болгон, бирок кийинчерээк аны менен келише албай кеткен бир нече адам бозгунда жүргөн жеринен киши колдуу болушту. Алардын эң соңкусу - өткөн айда Бириккен араб эмираттарынын Дубай шаарынан атып кетишкен Сулим Ямадаев. Былтыркы жылдын май айына чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин “Чыгыш” деп аталган атайын батальонун жетектеген, кезинде Орусиянын Баатыры наамын алган Ямадаев Рамзан Кадыровдун болочоктогу ыктымал атаандашы катары эсептелүүчү.

“Азаттык” радиосунун Кавказ боюнча талдоочусу Лиз Фуллердин көз карашында, азыр Орусиянын башка жактарында Чеченстандын лидерлиги үчүн Кадыровдун айрымаланган жана саясий, башкаруу жөндөмү жагынан даярдыгы кыйла жакшы талапкерлер бар. Анын үстүнө орус президенти Дмитрий Медведев былтыр октябрда коңшу Ингушетиянын президенттигине Юнус-Бек Евкуров деген аскер адамын сунуш кылуу менен булганбаган жаңы кадрлар сырттан алынып келингидей өрнөк жаратып койду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG