Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Чеченстан: кенебестик менен уялчаактык кеселди күчөтүүдө


Түндүк Кавказдагы түрмөлөрдө кургак учукка текшерүү уюшулуп турат

Түндүк Кавказдагы түрмөлөрдө кургак учукка текшерүү уюшулуп турат

Согуштан жабыркаган Чеченстандагы көйгөйлөргө кургак учук эпидемиясы кошулду. Бийликтегилердин кенебестиги, медицина тармагындагы начар акыбал, ооруну жаап-жашыруу адаты жугуштуу кеселдин арышын кеңейтти.

Марет Маашева адегенде деми кысылып, кыркырап калганын кош бойлуулуктун кесепети деп жүрдү. Бирок боюнан бошонуп, бала төрөгөндөн эки ай өтпөй соо туруп эле аба жетпей, кышылдап барып сулк жыгылды. “Түн ортосунда ойгонсом, аба жетпей демим кысылып баратыптыр. Дем алалбай, бүткөн боюм буралып, жерге кулап түштүм. Андан кийин жөтөл басылбай, сүйлөөгө дарман келбей калды”, - деп эстейт Марет ал күндү.

35 жаштагы келин эки ымыркай баласын үйгө таштап, айылынан 40 чакырымдай аралыктагы борбор шаар Грозныйга ашыкты. Ал жерде догдурлар кургак учук экенсиң деген диагноз коюшту.

Ооруканадан чыкпай 15 ай жаткандан кийин үйүнө кээде барып учурашып келип, кургак учукту дарылаган жабык диспансерде жүргөнүнө 3 жыл болду. “Биринчи жолу балам эки айга толо элегинде келдим эле. Кызым 1 жарымда болчу. Ал мени “сен үйгө келбейсиң, бизди унуттуң” деп күнөөлөйт. Догдурлар үйүңө барып, балдарыңа көрүнүп эле кайра кел. Алар менен турганга болбойт дешет”, - деп кайгырат Марет.

Далай жылдарга созулган согуш, элдин жакырдыгы, тамак-аш тартыштыгы Чеченстанда кургак учуктун кеңири кулач жайышына түрткү болду. Ушу тапта Чеченстандагы ар 100 миң кишинин 325и кургак учуктун ар кандай түрүнө кабылган, адистер бул өтө такталбаган көрсөткүч дешет. Салыштыра кетсек, Орусиянын өзүндө ар 100 миң кишинин 77сине ушундай диагноз коюлган.

Орточо эсеп менен, кургак учук менен ооруган адам жылына 15-20 кишиге жуктураарын эске алганда, дартты убагында аныктап, кечикпей дарылоо жүздөгөн өмүрлөрдү сактап калуунун бирден бир шарты. Чеченстанда бирок, ооруп калган адам далайга чейин өз алдынча дарыланып, кургак учукту жуктурганын билсе да, аны башкалардан жаап-жашырып, уялып жүрө бермейи кендирди кесет.

Чөлкөмдөгү Эл аралык медициналык корпустун орус бөлүгүн жетектеген Семен Разин эпидемия кооптуу деңгээлге жеткенин айтат. “Бул чыныгы эпидемия, - дейт ал. - Чеченстанда кырдаал болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Советтер Союзу кыйраган 20 жылдан бери 15 жыл согуш оту токтобогон өлкөдө кургак учук азыр сайран куруп турган кез”.

Семен Разин ооруну жуктургандар тынымсыз дары ичип, догдурлардын тыкыр көзөмөлүндө болушу керектигин, тилекке каршы, Чеченстанда медициналык кызматкерлер жетишсиз, ага кошумча оорулуулар көңүлү айнып, табити бузулганын жактырбай, дарыны ичпей токтотуп коерун айтат.

Чеченстандын бийликтери абал кыйын экенин билишет. Чечен президентинин ыраматылык атасы Ахмад Кадыровдун атындагы кордон бөлүнгөн акчага кургак учукту дарылаган бейтапкана курулуп бүттү. 70 орундук оорукана бирок, эпидемияны ооздуктоого чоң салым кошо албайт.

Орусия өкмөтү бир кезде согуштун айынан кыйраган чоң бейтапкананы кайра курууга 9 миллион доллар бөлүнгөнүн билдирди. Аны күтүп отурбай, кургак учук былтыр Чеченстанда 139 кишинин өмүрүн алып кетти, бир миллиондон аз гана көбүрөөк калкы бар жумурият үчүн бул чоң жоготуу экени талашсыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG