Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Ингушетияда жыйырмага жакын согушкер жок кылынды


12-февралда Ингушетиянын Сунжен районундагы Аршты жана Датых кыштактарынын жанында куралчан согушкерлерге каршы операция өттү. Анын жыйынтыгында атышуу болгон жерден сегиз кишинин денеси табылган.

Интерфакс агенттиги жергиликтүү прокуратурага шилтеме жасап, атышуу жүргөн жерден 14 кишинин сөөгү табылганын, алардын төртөө кокусунан окко кабылган жергиликтүү тургундар болгонун жазган.

Ингушетиянын расмий булактары жумурияттын Сунжен районунда орусиялык коопсуздук күчтөрүнүн атайын чабуулунан 18 согушкер жок болгонун маалымдады. Дагы бир булактын маалыматына ылайык, токойдо согон терип жүргөн 70тей киши атылган октордун алдында калып, төртөө набыт болгон.

Би-Би-Синин жазганына караганда атышуу Алхасты, Аршты, Датых, Жогорку жана Төмөнкү Алкун, Мужичи, Галашки кыштактарында 11-февралда башталып, 12-февраль күнү кечке чейин уланып, 13-февралда таңга жуук басылган.

Бийликтин маалыматы боюнча атышууга катышкандар талаа командири Доку Умаровдун “Имарат Кавказ” уюмунун мүчөлөрү болушкан. Алар жергиликтүү тургундарды калканч катары колдонушкан.

Жакында Орусиянын Жогорку Соту 2007-жылы “Имарат Кавказды” террордук уюм деп жарыялаган.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров каза тапкан тургундардын үй-бүлөсүнө 300 миң рубль берилерин айтты. Ингушетиянын президенти Юнус-Бек Евкуров атайын операцияга катышкандарга ыраазычылыгын билдирди:

- Ингушетиянын токойлуу аймагында жашырынып, жумурият тургундарынын жанын койбой кармашып келаткан террордук топ жок кылынды.

Орусия прокуратурасынын алдындагы Иликтөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкиндин айтымында, кийинки бир жыл ичинде террордук маанайдагы кылмыштуулук эки пайызга өскөн.

Дин жана саясат институтунун президенти Александр Игнатенконун байкашынча, Түндүк Кавказда мындай кол салуулар улана берет.

XS
SM
MD
LG