Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Чеченстандагы "бала мушташ" сынга кабылды


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров балдар арасында эрежесиз мушташ уюштурганы көптөрдү нааразы кылды. Грозныйда Кадыровдун туулган күнүн жана инаугурациясын утурлай өткөн мелдештерге анын үч уулу да катышкан. Орусиянын ММА уюму баланын психикасын бузган мындай таймаштарга жол берилбеши керек деди.

Рамзан Кадыровдун уулу, 10 жаштагы Ахмад өзүнүн 12 жаштагы агасы жана 8деги иниси сыяктуу эле бул турнирде жеңүүчү аталды. 33 килограммга чейинки салмакта ал Сочиден келген Дамир Шевхужев менен беттешке чыгып, алгачкы 14 секундада эле аны боорго тээп, нокаут кылды. Бүрүшүп ичин мыкчып жатып калган баланы догдурлар эптеп өзүнө келтирди.

Интернетке чыккан видеодон жеңилип калган бала бир чети ызасынан, бир чети эти ооруганына чыдабай ыйлап жатканын көрүүгө болот.

Рамзан Кадыров уулу Ахмад бокс, дзюдо, каратэ менен машыгарын, бул эл аралык турнирдин финалдык таймаштарына бир нече айдан бери тынбай даярданып келгенин Инстаграмдагы жеке баракчасына жазып, сыймыктануу менен видеолорун жайгаштырды.

Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

4-октябрда өткөн «Grand Prix Akhmat-2016» турнирин жергиликтүү спорттук телеканал түз эфирде көрсөттү. Чоңдор арасында жети салмактык категорияда WFCA лигасынын чемпиондук куру үчүн жалпысынан 11 таймаш өттү.

Бирок азыр эң кызуу талкууланып жатканы чоңдордун эмес, бул турнирде колуна кийген бокстук мээлейден тышкары бир да коргонуучу каражаты жок бири-бирин аёосуз ур-токмокко алып жаткан балдардын мушташы болууда.

Орусиянын аралаш күрөш өнөрү союзунун (ММА) президенти Федор Емельяненко Грозныйдагы таймашта балдар рингге чыгып, жөн гана оюн көрсөтөт деп айтылганы менен алар чындап мушташканын, бели ката элек жеткинчектер 21 жаштан улуу профессионал мушкерлер үчүн иштелип чыккан эреже боюнча күрөшкөнүн айтып, чечен бийлигин айыптады. "Баланын калыптана элек психикасы үчүн мындай жерлерге аларды көрүүчү катары да катыштырбоо керек болчу", - деди ал.

Емельяненконун айткандарын жакында орус жарандыгын алган америкалык мушкер Жефф Монсон четке кагып, «Балдар деле күрөшкө чыгып, атаандашын жеңүү үчүн аракет кылып жатканынын эмнеси жаман?» деп жооп кайтарды.

Мелдешти уюштурган «Ахмад» клубунун президенти Абузайд Висмурадов болсо “Емельяненкону чакырбай коюшканы үчүн ичи күйгөнүнөн ушинтип айтып жатат, биздин турнирге баа бергидей ал ким экен» деп атырылды.

Федор Емельяненко
Федор Емельяненко

Ал эми орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков «Эгер ошонун баары чын болсо, муну телевизордон көрсөтүшсө, бала немени түз эфирде нокаутка кетирип жатышса, албетте, тиешелүү органдар териштириши керек» деп билдирди.

Кыргызстандын ММА боюнча спорт чебери, Азия чемпиондугунда күмүш байге алган мушкер Алимардан Абдыкааров балдар катышкан таймаштар бизде деле өтөрүн, бирок эрежелердин сакталышына жана баланын коопсуздугуна сөзсүз көңүл буруларын “Азаттыкка” айтып берди:

- Балдарга коргонуучу экипировка кийгизип коюш керек болчу. Себеби алар жараат алып калышы мүмкүн да. Бишкекте деле расмий эмес таймаштарда кээде кичине балдар чыгат. Бирок аларга биз мээлей, шлем, капа сыяктуу экипировканы толук кийгизип чыгарабыз. Албетте, сөзсүз «тизе менен тепкенге, чыканак менен урганга уруксат жок» деген жана башка эрежелер сакталат. Беш-алты айда бир жолу ышкыбоздор арасында оюндар өткөрүлүп турат. Балдар, жеткинчектер, өспүрүмдөр жана чоңдор деген категорияларда.

Жакында интернетке чыккан алты-жети жаштагы эки баланын көчөдө бети-башын канжалата мушташып, жанында чоңдор сүрөп жаткан видеосу кыргыз коомчулугунда катуу талкууланды. Ички иштер министрлиги анын чоо-жайын териштирерин айтты. Бирок айрым интернет колдонуучулар бул Кыргызстанда эмес, башка жерде тартылган видео болушу ыктымал деп жатышат.

Грозныйдагы окуя да интернетте түрдүү комментарийлерди пайда кылды. Айрымдары Кадыровду колдоп жатса, кээ бирлери рингге анын уулдарына каршы чыккан балдар даярдыгы жагынан кыйла бошураак экенин, калыстар республика лидеринин жана турнир ээсинин балдарына тартып койгонун жазышты.

Спорттук иш-чара 4-октябрда, Рамзан Кадыровдун туулган күнүн жана инаугурациясын утурлай уюштурулду. 5-октябрда ал 40ка чыкты. Ушул эле күнү Чеченстандын президенти болуп үчүнчү мөөнөткө отурду.

XS
SM
MD
LG