Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Чеченстанда он жылга созулган согуштук режим аяктады


Президент Рамзан Кадыров согуштук режимдин алып салынганынын урматына кубанып бийлеп жатат

Президент Рамзан Кадыров согуштук режимдин алып салынганынын урматына кубанып бийлеп жатат

16-апрелде Чеченстанда, террорчулукка каршы операциялар режимин алып таштоого байланыштуу жумурията элдердин массалуу түрдө майрамдоолору өттү. Ал режим 10 жыл бою созулуп келе жаткан. Ошол себептен Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров 16- апрелди жыл сайын жумуриятта майрамдалчу күн болсун деп жарыялады.

Чеченстанда террорчулук менен күрөшүү мындан ары Орусиянын калган аймактарында кабыл алынган жалпы эреже боюнча жүргүзүлмөкчү. Террорчулукка каршы операциялар режимин алып таштоону Орусия президенти Дмиртий Медведев ылайыктуу деп айткан.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин тапшырмасы менен өлкөнүн федералдык коопсуздук кызматы – ФСБ жетекчиси Александр Бортников буйрук чыгарып, анда 16-апрелден тарта Чеченстанда террорчулукка каршы операциялар токтотулду деп айтылат.

1990-жылдын август айында Чеченстан Республикасына киргизилген террорчулукка каршы күрөш аталыштагы режими ошентип токтогону билдирилет. Ал жолу, так айтканда, мындан он жыл мурда, СССР кулагандан кийин Чеченстанда жикчилдер менен кармаш курчуп, алар жеңип чыгып, жумуриятты орусиялык жааттан бөлүп кетүү коркунучу пайда болгондо Москва ушундай режим киргизген.

Алдыңкы күнү ИНТЕРФАКС, атын атагысы келбеген Орусиянын федералдык бийлик өкүлү маалымдады деп жазышына караганда, Москва Чеченстандан 20 миңдей аскерин чыгарып кетмекчи.

Серепчилер баамында Чеченстан эгемендикке жетип, Жохар Дудаевдин кезинде төрт жыл бою өз алдынча жашап атканда, Москва 1999-жылы террорчулук менен күрөшчүбүз шылтоосу астында аскерин киргизип, жумуриятты басып алган. Ал согушту ачкан азыр да ошондо да өкүмөт башчы - Владимир Путин болчу.

Кийин ал Кадыровдор кланы менен бирге аракет жасап максатына жетти. Элден мурда Ахмад Кадыровго, аны жардырып салышкандан кийин анын уулу Рамзанга таянып иш алып барды.

Отузга жаңы чыгып, оозунун көбүгү кургай элек болсо да Рамзан саясий чөйрөдөн атаандаштарын бүтүндөй кууп салып, федералдык күчтөр менен тебише алгыдай өзүнүн коопсуздук күчтөрүн түзүп, Кремлдин ишенимине кире алды.

Путин менен абдан чукул Рамзан Кадыров бейшемби күнү орусиялык мамлекеттик сыналгыдан чет элдик инвесторлор эми көп болорун каңкуулады:

«Бизде абдан кызык долбоорлор бар. Инвесторлор буга дейре ага катышкысы келбей келаткан. Биздин учактык майдан иштебечү, бажылык кызматыбыз жок эле, ал эми бай кишилер баарыдан мурда өзүнүн коопсуздугун ойлойт. Эми алардын баары бар бизде».

Түндүк Кавказ боюнча саясий талдоочу Андрей Бабитский айтканга караганда жумуриятта бийлик толук бойдон Кадыровдун колуна өтөт:

«Бул, демек, Рамзан Кадыров чындыгында эле ал жердин кожоюну болду дегенди билдирет», - дейт Бабитский мырза.

XS
SM
MD
LG