Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

Кытайда баңгизатты контрабанда кылганы үчүн айыпталган британ жаранына чыгарылган өкүм аткарылды. Элүү үч жаштагы Акмал Шайх Кытайда акыркы жарым кылымдан ашуун убакыт ичинде өлүм жазасына тартылган алгачкы европалык болду.

Беш баланын атасы, теги боюнча пакистандык, бирок британ жараны Акмал Шайх Үрүмчү шаарынан 2007 –жылы кармалган эле. Маалыматтарга караганда, ал Үрүмчүгө Тажикстандан келген жана чемоданынан 4 киллограм героин табылган. Айыпкердин өзү сотко чейин, сотто да күнөөсүн такыр моюнга алган эмес. Кытай бийликтери Шайх өлкө аймагына алып келген 4 киллограм героин 26800 адамдын өмүрүн кыйууга жетиштүү деп эсептегендиктен, аны өлүм жазасына кескен өкүмдү 2008-жылдын декабрында чыгарышкан. Кытайдын Жогорку Соту айыпкердин соңку арызын быйыл жыл башында четке каккан болчу.

Өтүнүчтөрдөн майнап чыккан жок

Өкүм чыккандан бери Шайхтын үй бүлөсү, британ өкмөтү, адам укугун коргоочу уюмдар кытай тарапты айыпкер психикалык жактан орулуу болгондуктан, өкүмдү аткарбоого үндөп келишкен. Өкүм аткарылар алдында, дүйшөмбү күнү эле Британиянын тышкы жана шериктештиктин иштери боюнча мамлекеттик министри Айвэн Льюис төмөнкүлдөрдү айткан:

-Акыркы эки жыл ичинде биз кытай бийликтерине Шайхтын иши боюнча өкмөт башчысы, министр деңгээлинде 27 кайрылуу жасадык. Эми азыркы соңку баскычта да биз алар психикалык жактан орулуу адамды өлүм жазасына тартууго болбой турганын түшүнөт го деген үмүттөбүз.

Анткен менен кытай бийликтери британ тараптын чакырыктарына моюн сунбастан, өкүмдү шейшемби күнү эртең менен ишке ашырды. Ахмал Шайхка аны мерт кылуучу ийне Үрүмчүдөгү түрмөдө сайылган. Өкүм аткарылар алдында, айыпкерге аталаш эки бир тууганы менен жолугууга мүмкүнчүлүк берилген.

Кытайдын расмий “Синьхуа” жаңылыктар агенттиги өлкөнүн Жогорку сотуна шилтеме жасап кабарлагандай, британ тарап Шайхтын акыл-ээси ордунда эмес экендигин далилдеген документтерди бере алган эмес.

Британ жаранына карата чыгарылган өкүм аткарылгандыгы тууралуу кабардан соң премьер- министри Гордон Браун жана тышкы иштер министри Дэвид Милибанд кытай тараптын кадамын айыпташты жана расмий Бээжин көптөгөн сураныч-өтүнүчтөргө көңүл бурбаганына иренжүү билдиришти. Ал эми мекендешинин өмүрү кыйылганына нааразы болгон британ жарандары Кытайдын Лондондогу элчилиги алдына жыйналышты.

Жалган кыял жана алдануу

Адам укугун коргоочулардын жана туугандарынын ырастоосунда, Акмал Шайх наркосоода менен алектенген кылмышкерлерге алданып калган. Ал психикалык жактан орулуу болгондуктан өзүн-өзү толук көзөмөлдөй алуучу эмес. Британиялык “Reprieve” деген бейөкмөт уюмдун маалыматы боюнча Акмал Шайх поп –жылдыз болом деген жалган кыялга жетеленип жүргөн. Кытайга мына ушундай максат менен бара жатам деп ойлогон. Британиянын эки жараны аталган уюмга Акмал Шайхка Польшада ыр жазууга жардам беришкенин, ошол замат эле ал психикалык жактан соо эмес экенин сезишкенин айтышкан.

Алгачкы европалык

“Reprieve” бейөкмөт уюмунун маалыматы боюнча Ахмал Шайх ошондой эле Кытайда соңку жарым кылымдан ашуун убакыт ичинде өлүм жазасына тартылган алгачкы европалык. Буга чейин Кытайда ушундай тагдырга Европадан италиялык учкуч Антонио Рива кириптер болгон. Ал 1951-жылы ал кездеги Кытай лидери Мао Цзедун жана башка коммунист жетекчилерге каршы кутумга тиешеси бар деп табылгандан кийин атылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG