Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

Кытайдан Кыргызстанга темир жол куруу маселеси жана жылып кирме миграция коркунучу жөнүндө “Азаттыкта” эл аралык окуялар боюнча эксперт Кубан Өмүралиев ой бөлүштү.

- Бүгүн премьер-министр Игорь Чудинов Кытайдын баш калаасы Бейжинде өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышканы турат. Коомчулукта ар кандай саясий көз караштагы адамдар ушул ШКУда көптөгөн келишимдер алынганы менен алар аткарылбай келет деген ойлор айтылат. Буга сиз кандай деген баа бересиз?

- Эгер суроого түз жооп болсо, мен бир аз кошулам. Себеби бул эле уюм эмес, биздин шериктеш мамлекеттер уюму, же башка уюмдардын көп эле келишимдери толук эмес, ал эмес 10-15 пайызга чейин да аткарылбай келип жүрбөйбү. Бирок башка уюмдарга караганда бул уюмдун келечеги барбы деген менин оюм бар. Кененирээк убакыт болгондо, аны өзүнчө айтып бергенге мен даярмын

- Кубан мырза, Кытай тарап менен темир жол куруу маселеси көтөрүлүп атпайбы, премьер-министр “Чинарвот” темир жол компаниясы менен дагы кызматташуу боюнча сүйлөшөт экен. Кытайга Кыргызстан аркылуу темир жол куруу канчалык реалдуу?

- Мен биринчи суроого да жоопту ушул жерден издейт элем. Чынында темир жол деп акыркы 15 жыл айтылып эле, бирок ишке ашпай келет. Бирок ушул уюм аркылуу бизге Кытай Эл Республикасы өзүлөрү макулдугун толук берсе, анда бул ишке ашат эле деп ойлойм. Себеби бул темир жол аларга эмес, бизге өтө керек деп ойлойм. Эми билесиздер, бизде кичине саясий да маселе аралашып кетип атат. Мисалы коңшу Өзбекстан муну толук кандуу колдоп кетсе, анда бул долбоор ишке ашат эле.

- Эгерде Өзбекстан колдобосо, анда ишке ашпай калышы да мүмкүнбү?

- Себеби бул алар менен чогуу да. Анан биз аркылуу да өтөт. Бирок менин билишимче, алар колдоп атышат го дейм.

- Айрым Орусиянын талдоочулары айтып атат, Чыгыш тарапта Кытайдын миграциясы күч алып, акырындан жылма миграция каптап келатат деп. Ушундай жол менен басып алуу коркунучу жокпу?

- Бул маселе дайым болуп келген жана болот деп ойлойм. Себеби экономикага караганда бул башка маселе. Биз эле эмес, союздун убагынан бери эле чек арасын жаап, кармап келаткан Орусияда азыр Ыраакы Чыгыш менен Сибирь жакты карасаңыз, кытайлардын жылып келип, кандай кирип кеткенин билбей атышат. Суук экенине карабастан, ал жердин келечеги бар экенин, кен байлыктарга бай экенин билип атышат да. Бизге деле жөн эле Бишкектин көчөсүндө бассаңыз, ал адамдар көрүнө баштады базардан башка жерлерде деле. Бул маселе бар. Бул маселенин үстүндө биздин тиешелүү мамлекеттик уюмдар иштөөсү зарыл деп ойлойм.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG