Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

2009 - уй жылы Кытайдын жылы болду


Кытайдын экономикалык өсүшү Шандун провинциясында желтрубинларды пайда кылды.
Кытайдын экономикалык өсүшү Шандун провинциясында желтрубинларды пайда кылды.

Өтүп бараткан 2009-жылы маанилүү эл аралык окуялардын ортосунда сөзсүз түрдө Кытай турду.

Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсүнө арналган Копенгагендеги конференциясы, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Иранга каршы жаңы санкция киргизүүсү, дүйнөлүк финансылык кризистен чыгуу, мунун баарында Кытай көч башында жүрдү. Дүйнө

Быйыл Кытайда 12,8 миллион жеңил машине сатылат деп күтүлүүдө. Кошмо Штаттарда жеңил машине Кытайдагыдан 2,5 миллион даана аз сатылат.

Кытайга кулак салып турду. Себеби Кытайдын экономикасы мурдакыдан да кубаттуу экенин көрсөттү.

Кытай быйыл Африканын мунай кендерине да олчойгон инвестиция салды.
Лондондо жайгашкан кадыр барктуу Economist Intelligence Unit илиздөө борборунун эсебинче, 2009-жылы Кытайдын экономикасы 8 проценттен кем өспөйт. Бул, албетте, Кытайдын 2008-2009-жылдардагы рецессияга чейинки жылдык орточо өсүүсү-10 проценттен аз.

Ошентсе да, дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн ичинен ички дүң жыйымы-ИДЖнын өсүүсү боюнча Кытай биринчи орунда турат. Быйыл дүйнөлүк экономиканын дөө-шаасы эсептелген АКШда ИДЖ- болжол менен- 2 процентке, евромейкиндикке кирген өлкөлөрдө-4 процентке жана Индияда- 7 процентке жакын өсөт. Буга Кытай кантип жетишти?

Economist Intelligence Unitттин Кытай боюнча эксперти Гарэт Лэженин(Gareth Leather) айтышынча, Бээжин кризиске каршы күрөштө атаандаштары колдонгон эле стратегияны пайдаланган:

-Кытайдын быйылкы (экономикалык) өсүшүнүн негизги шыкакчысы 2008-жылдын этегинде жарыяланган эбегейсиз фискалдык жана банктарды стимулдаштырчу программа болду. Анын натыйжасында инфраструктура аябай өнүктү жана салыктын кээ бир түрлөрүн азайтылды. Бул керектөөчүлөрдү автомобиль жана башка товарларды сатып алууга шердентти жана Кытайдын өнүгүшүнө катуу түрткү берди.

Көпчүлүк байдөөлөт өлкөлөрдө дагы экономиканы стимулдаштыруу чаралары кабыл алынганы менен Кытай гана мындай чоң
Экономикасы туруктуу өсүп жатканы менен, Кытайдын колу көмүр кендерине жете элек.
ийгиликке жетишти. 2009-жылдын биринчи жарымында кытайлык керектөөчүлөргө банктар 1,1 триллион доллар кредит берди. Бул демейде акчаны сарптаганга зыкым кытайларды муздаткыч, лэптоп, жеңил машине, там сатып алууга шыктандырды. Быйыл Кытайда 12,8 миллион жеңил машине сатылат деп күтүлүүдө. Бул Кошмо Штаттардагыдан 2,5 миллионго көп. Бул мурда болуп көрбөгөн окуя.

Ошентип, рецессиядан улам тышкы соода тарткан чыгашанын ордун өлкө ичиндеги кардарлар толуктоодо. Бүгүн Кытайдын валюта кору 2,4 триллион долларга барабар. Бош акчанын олчойгон бөлүгүнө АКШнын өкмөттүк бондору сатып алынган. Кокус Бээжин аманатын сурап калса, Американын экономикасы такасын жоготкон аттай аксап каларын билген АКШнын жетекчилиги маалында келип, Кытай бийликтеринин кепил сөзүн алып кеткен.

Кубаттуу экономикага таянган Бээжин глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү планын эларалык эксперттерге көрсөтүүдөн баш тартты; БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Иранга каршы жаңы санкция колдонуусун колдогон жок; Борбор Азиядан жаңы мунай куурун тартып, өнүккөн өлкөлөрдүн шаштысын алды.

Ошентип, дүйнө мурда ар бир чоң маселе боюнча АКШ, Евробиримдик жана Россиянын сөзүнө кулак түрсө, 2009-жылы адегенде Кытай эмне айтат деп күтчү болду. Ошентип, өтүп бараткан жыл чындап эле Кытайдын жылдызы жанган жыл болду деген натуура болбойт.

XS
SM
MD
LG