Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

27-29-июлда Кытайдын Ички Монголия автоном аймагынын борбору Хух-Хото шаарында Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын жылдык отуруму өттү.

Жыйынга катышкан окумуштуулар Ички Монголиянын түштүк бөлүгүндөгү Ордос аймагын кезип, Чыңгыз-хандын күмбөзү же көрүстөнү катары аздектелген жайга барып кайтышты.

Эл аралык туруктуу алтай таануу (алтаистика) жыйынынын (Permanent International Altaistic Conference - PIAC/ПИАК) 52-жолу өткөрүлгөн жылдык отурумунун катышуучулары үчүн Кытайдын Ички Монголия автоном районунун Ордос аймагын кезүү абдан кызыктуу жана маанилүү окуя болду.

Ал эми байыркы хуннулар жана кыргыздар тууралуу жазган авторлор үчүн бул саякат – ого бетер маанилүү эмеспи, анткени дал ушул Ордос аймагы көчмөндөр цивилизациясынын бешигин түзгөн көөнө аймактардын бирине кирет. Бул жерде оболу эң байыркы түрктөрдүн, таңгуттардын, тохарлардын жана башка ички азиялык калктардын бабалары жашаганы да маалым.

“Ордос” сөзү түрк-монгол элдеринин “ордо” – “хан турган жай” – деген сөзүнөн алынган жана ал монголчо көптүк түрдө колдонулган, башкача айтканда, аны “ордолор” деп которууга болот.

Түрк калктары да “ордо” сөзүн монгол чапкынына чейинки доорлордон тартып арбын колдонушкан. Маселен, Караханийлер каганатынын түндүк байтактысы Баласагун шаарынын дагы бир аталышы – “Куз Ордо” болгон.

Ал эми азыркы Ордоско келсек, орто кылымдардагы бул түрктүк жана монголдук аймак кийинчерээк толугу менен монголдорго өткөн. Ал 18-19-кылымдарда монголдордун жайыттарынан жана чөлдүү дөңсөө жана талаалардан турган. 21-кылымдын башында болсо бул жердеги дыӊ жана чөл талаалар шаарларга орун берип, дээрлик жашыл аймакка айлантылды. Ушул тапта Ордос шаарындагы жана анын алыскы бөлүктөрүндөгү калктын басымдуу бөлүгү – ханзулар, он пайыздан саал ашууну гана монголдор экен.

Кытайдын расмий тарыхнаамасында Чыңгыз-хан жана монголдор жалпы Кытай тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү катары каралат, ошол себептүү тээ 13-кылымдын башында Кытайды каратып алган Чыңгыз-хандын жортуулчул бейнесин ханзулар эч өөн көрбөстөн, ал тууралуу кеңири маалымат таркатып, ага арнап улам жаңы эстеликтер куруп жатканына күбө болдук.

Жергиликтүү монголдук уламышка караганда, 1226-жылы Чыңгыз-хан ушул Ордос аймагы аркылуу жортуулга баратып, камчысын түшүрүп алган экен жана өзүнүн сөөгүн кийинчерээк ушул аймакка койгула деп керээз айтыптыр. Кийинки жылы ал кайтыш болуп, анан аны ушул аймакка коюшкан экен. “Манас” дастанындагы Манастын сөөгүн жашыруу окуясы сыяктуу эле, бул уламышта да Чыңгыз-хандын сөөгүн жашыргандардын башы алынгандыгы баяндалат.

Албетте, Ички Монголиядан башка аймактарда жашаган монголдор таптакыр башка уламыштарды айтышат, бирок ордостуктар 1956-жылы өз уламышын ого бетер бекемдөө үчүн Чыңгыз-хандын бир жарым гектар аянтты ээлеген “көрүстөн жайын” куруп алышкан. Бул жараянга өз учурунда бутрапастарды (буддага табынуучуларды) куугунтуктаган коммунисттик Кытай бийлиги да атайын колдоо көрсөткөн. Соңку жылдары болсо бул эскерүү жайынын аянты 10 гектарга чейин кеңейтилген экен.

Бул жай көрүстөн аталган менен, анда Чыңгыз-хандын сөөгү жок, бирок анын доорунан калганы түкшүмөлдөнгөн жана кылымдар бою дархаттар сактап келген бул улуу хандын дооруна таандык нерселер, маселен, Чыңгыз-хан өлгөндө сөөгү убактылуу жаткырылып турган делген кийиз, анын ат жабдыктары же алардын көчүрмөлөрү сакталып турат.

Ажайыпкананын чоо-жайын сыпаттап жаткан кызматкерден дархаттар тууралуу толугураак айтуусун өтүнгөнүмдө ал мындайча жооп узатты:

- Дархаттар (дархууд) – Чыңгыз-хандын доорунда бир монгол уруусу болгон. Демек, алар - Чыңгыз-хандын буюм-тайымдарын сактоо ишенип берилген уруктун өкүлдөрү, - дейт монгол гид айым.

Кытай өкмөтү соңку жылдары эле Чыңгыз-ханга багышталган бул музей-комплексти жакшыртуу үчүн 120 миллион доллардан ашуун каражат бөлдү.

Тарыхый мураска мындай мамиле – Ички жана Борбордук Азиядагы башка өлкөлөр үчүн да өрнөк болчудай көрүнүш.

Айрым адистердин пикиринде, расмий Бээжин улам жайыттары тарып, улам мурдагы салттык мейкиндигинен ажыраган азыркы ички монголиялык жергиликтүү монголдорду өзүнө тартып, алардагы жикчилик маанайды таптакыр жоюу үчүн Чыңгыз-ханды эскерүү жаатында алдына ат салдырбай далаалат кылууда.

Кандай болсо да, Чыңгыз-хандын көрүстөнү эл аралык туризмдин бутасына айланды.

Быйыл август айында бул жайда ордостук монголдордун салттык “Наадам” майрамы жана азиялык деңгээлдеги айрым эл аралык маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG