Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Шиңжан-уйгур автоном районунун башкалаасы Үрүмчү үч күндөн бери тынчыбай, бул ирет нааразылыкты кытайлардын өздөрү билдиришүүдө.

20-августтан кийин көчөдө бараткандарды кимдир бирөөлөр ууланган ийнелер менен сайышкан. Кытайлар аны жикчил уйгур жанкечтилери жасады деп айыптап, автоном райондогу Кытай коммунисттик партия катчысын кызматтан алууну талап кылышууда.

Көчөдө бараткандарга кайсы бир караниеттер сайып кеткен ийнелерде эч кандай вирус табылбаганын Шиңжан-уйгур автоном районунун саламаттык сактоо кызматы ырастап берген. Анын үстүнө балакеттүү ийне жалаң эле кытайларга сайылбай, башка улут өкүлдөрүнө деле колдонулганы маалымдалууда. Шойкомдуу жорукту баштагандардын биртобу кармалып, ушу тапта жаңжалга тиешеси бар делинген адамдар камакка алынууда.

Бирок да Кытай сыяктуу ачык маалыматка чукак жабык өлкөдө миш-миштердин күнү тууп, анын натыйжасы эки ай мурунку канабайрамдын изи сууй электе 2,5 миллион калк жашаган шаарды кезектеги калабага кабылтууда.

Айрым маалымдоо каражаттарынын кабарлашынча, көчө жыйынга чыккан кытайлар коммунисттик партиянын автоном райондогу башкатчысын кызматтан кетирүүнү талап кылышууда. Жергиликтүү аткаруу бийлигинин башында уйгур улутундагы инсан турганы менен автоном райондун “эки тизгин, бир чылбыры” коммунисттик партия төбөлүнүн колунда.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин жетекчиси Рабия Кадыр Кытайдагы кандуу окуяларга карата Батыш өлкөлөрү, Улуттар уюму кайдыгер мамиле жасаганына нааразы.

“Мен үмүтүмдү үзө элекмин,- деп айтты Рабия Кадыр “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып.- Бириккен Улуттар уюмунун ушул ишке кечигип мамиле жасашы күнөөсүз адамдардын набыт болушуна себепкер болду”.

Кыргызстандагы “Иттипак” коомунун жетекчиси Дилмурат Акбардын айтуусунда, ушу тапта Кытай менен байланыш үзүлүп, ал жердеги тууган-уруктун абалы кандай экендиги беймаалым бойдон калууда.

“Бир нерсе айта албай отурушат,- дейт Дилмурат Акбар.- Кытайлар көп чыгыптыр деп уктук. Ал жакта телефондор тыңшалат экен. Уйгурлар бир нерсе телефондон айтыштан коркуп жатат”.

Ушундай эле маалыматты Кыргызстандагы уйгур жамаатынын өкүлү Розмухаммед Абдубаки да бышыктады:

- Интернеттеги бүт бардык телефондору өчүрүлгөн. Телефон байланышы жок.

Кытайда элүүдөн ашуун улуттук азчылыктын өкүлдөрү жашайт. Алардын эң ириси Ички Монголия, Тибет анан да Шиңжан-уйгур автоном районунда. Кийинки экөөнүн Кытайдын борбордук бийлиги менен кыйла эле салкын-суз мамилеси кез-кез нааразылык жыйын-жүрүштөргө алып келип, расмий бийлик аны күч менен басып келатат. Мына быйыл 5-июлда ошол эле Үрүмчүдө уйгурлар менен кытайлар ортосундагы этникалык жаңжалдан расмий бийлик маалыматы боюнча 200гө жакын адам набыт болуп, 1700 ашуун адам жаракат алган. Бейрасмий маалыматтар боюнча, Үрүмчүдөгү кагылышуулар 2 000ден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен.

Кандуу окуянын изи сууй электе ал жерде болгон кыргызстандык ишкерлердин бири Алийма шаардагы абалды мындайча сүрөттөйт:

- Караңгыда калып калган уйгурларды кытайлар өлтүрүп коюп жатат, деп сөз кылышты. Мен бир жумадан кийин кайта турган болуп калганымда “Бир жакшы уйгур ырчы жигит бар эле. Өлтүрүп машиненин ичине салып коюптур. Бул кытайлардын, ханцулардын кылганы”, дешти.

Иш боюнча Үрүмчүгө тез-тез каттап турган Батма аттуу келин да ошол калаймандан кийинки жагдайды өз көзү менен көрүп кайткан.

- Урушту деле уйгурлар баштаган жок, кытайлар өздөрү башташты, дешти. 2 миң уйгурду өлтүрүп коюудан башталган. Ал жөнүндө сөз болбой жатат. Азыр уйгурлар чыкты деп бизден көрүп жатат. Башында баштаган булар болчу, дешти. Уйгурлар өздөрү аябай коркуп, көчөгө чыкпай, ишке чыкпай, иштебей жатышыптыр.


Кыргызстандагы уйгур жазуучусу Турсун Исламдын ырасташынча, уйгурлардын кыйла жылдардан берки келаткан нааразылыгын, улуттук өз алдынчалыкка умтулуу кыймылын Кытай бийлиги диний бөлүнүп-жаруучулукка, жикчилдикке байланыштуу түшүндүрөт:

- Кытай көчмөндөр Шиңжанга келип уйгурларды жакшы жерлерине, суулуу жерлерин ээлеп алганына нааразы болгон жөнөкөй кишилер, жөн бир дыйкандардын каршылык, нааразылык сөзүн бул кытайлар эмне деп айыптап жатат? Стандарттуу айыбы: “Силер бүлгүнчү, силер жикчилер, силер террорчулар” деп айыптап жатышат.

Учурдагы геосаясий шартта уйгурлардын улуттук өз алдынчалыкка умтулушу, кыргызстандык Анвар аттуу уйгур жигитинин ырасташынча, ийгиликке жетиши күмөн.

- Бул жерде айта турган сөз көп. Бирок менин оюмча, уйгурлар тигил жакта жакшы жашайт. Бул чаң-тополоңду эмне кылат? Жөн эле жүрбөйбү! Тополоңчулар ар өлкөдө бар да.

ХVIII кылымда Чыгыш Түркстандагы уйгурлардын жана башка түрк калктарынын жери Кытайдын Цин-Манжур сулалеси тарабынан басылып алынып, бул ири аймак улам кайра улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жеңишине күбө болуп турган. ХХ кылымдын ортосунда ал Чыгыш Түркстан республикасы катары салыштырмалуу өз алдынчалыкка ээ болуп келген.

1949-жылы Кытай Эл Республикасынын курамына кошулгандан бери уйгурлардын улуттук өз алдынчалыкка умтулуу кыймылы токтолбой, расмий Бээжин курч маселени чечүүнүн бир жолу катары автоном районго кытайларды (ханзуларды) арбын көчүрүп келүүдө. Азыр алардын саны жалпы калктын 40% түзөт. Уйгурлардын саны алардан болгону 5% гана арбын.

Биздин телефон аркылуу өтүнүчүбүзгө Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Үрүмчүдөгү окуялар тууралу болочокто маалымат бере тургандыгын билдирүү менен гана чектелди.


Видео тасма.




Үрүмчүдө нааразылык жыйындары кайталанды

Кытайдын расмий Синхуа кабар агенттигинин маалымдашынча, Шинжаң Уйгур автоном районунун ордо шаары Үрүмчүдө ар кандай уруксатсыз жыйындарга тыйуу салынды. 3-4-сентябрда Үрүмчүдө ханзу улутундагы тургундар демонстрацияга чыгып, атуулдардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылышкан. Алар ийне сайып киши өлтүргөн учурларды жикчил уйгурлардан көрүүдө. 5-июлда шаарда жергиликтүү уйгурлар менен келгин ханзулардын кандуу кагылышуулары болуп, бери дегенде 200дөй киши набыт болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG