Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Былтыркы Тибеттеги козголуудан кийин Кытай өкмөтү Тибеттен чет элдик журналисттерди дароо чыгарган эле, бирок интернет кызматына жана уюлдук телефондордун ишин токтотууда кеч калган. Бирок Шинжаңдагы соңку толкундоолор Кытай өкмөтү буга чейинки кризистерден сабак алып, маалымат каражаттарын жаңыча көзөмөлдөөнүн технологиясын мыкты өздөштүрүп жаткандыгын айгинелейт.

Шинжаңдагы өткөн аптадагы толкундоолордо кытайлык цензорлор чапчаң аракеттеништи. Интернеттеги Твиттер кызматы дароо жабылды, маалыматтын Гугл булагындагы Үрүмчү окуялары тууралуу кабарлар улам «тазаланып», бүт Шинжаң боюнча уюлдук телефон кызматы кан буугандай токтотулду. Ошол эле мезгилде бийликтер чет элдик журналисттерди Шинжаңды кыдырттырды. Мындай кыдыруулар менен Кытай өкмөтү өзүнө залал келтирип жаткандай көрүндү. Бирок иш жүзүндө бийликтер маалымат каражаттары менен иштөөнүн жаңы ыкмаларын ыкчам өздөштүрүп жаткандыгы айгине болууда.

Үрүмчүдөн чет элдик журналисттер кабар берип жатышты. ББСнин англис тилиндеги дүйнөлүк кызматынын кабарчысы шаарга киргизилип жаткан кытай армиясынын кас катар тизилген аскерлеринин алдында туруп сүйлөдү. Жарадар болгон же артынан куугун түшкөн адамдарды тасмага тартты. Британиялык журналист тополоңдун күч менен басылышына нааразы болгондордон интервью алды.

Чет элдик журналисттерди айкакты кыдыртуу менен Кытай бийликтери маалымат каражаттарына шарт түзүп жатат деген пикир жаратууда. Бирок мындай медиа-сапарларга Непал жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн кабарчылары тандалып алынды. Аталган өлкөлөрдө журналисттик стандарттар кыйла ийкемдүү, өкмөттөрү Кытай менен ымалаш мамиледе, ошондуктан бул журналисттер Кытай Бээжин бийликтерин жактаган кабарларды таркатаарында күмөн аз.

Бүгүнкү күндө маалыматтын сапатына караганда, Интернеттеги издөө системасында чыккан кабардын саны көбүрөөк мааниге ээ. Ушундан улам кытай бийликтеринин ББС же Нью-Йорк Таймс өңдөнгөн англис тилинде чыгуучу ири маалымат каражаттарынын терс мазмундагы бирок аз сандагы кабарлары көз жаздымда калаарына ишеним артып жатканы таң калычтуу эмес.

Кытай өкмөтү уйгурлардын козголоңун былтыр Тибеттегидей эле улуттук азчылыктардын хан-кытайларга тиш кайроосу катары көрсөтүүдө. Бийликтер уйгурларды «тополоң салды, булар террористтер, аларды Вашингтондон туруп алып, уйгур ишкери, мурдагы саясий айыпкер Ребия Кадыр козутуп жатат» деп ырастоодо. Тибеттегидей эле, мамлекеттик сыналгыдан уйгурлардын хан-кытайларга кол салуусун улам кайра көрсөтүлдү, бирок хан-кытайлардын уйгурларга карата зордукчулугу тууралуу карапайым жарандар кабар алган жок.

Чет элдик баяндамачылар улуттарды кайраштыргандан да кайра тартпаган өкмөттүн өзүнө болгон ишеними төмөн экендигин белгилешүүдө.

Вашингтондук серепчи, Жорж Буштун администрациясында Азия саясаты боюнча кеңешчи болгон Келли Кюринин пикиринде, Кытайдын мындай аракеттери «өлкөнүн бүгүнкү жетекчилери баарынан да стабилдүүлүктү биринчи орунга коет» деген ырастоонун канчалык негизсиз экендигинин далилдейт. «Өзүн сактап калуу үчүн баарына барууга жөндөмдүү болгон кытай өкмөтү улам жаңы технологияларды колдонуунун амалында болуп жатат» деп белгилейт баяндамачы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG