Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Уйгурлар Шинжаңда эмнеге көтөрүлүштү?


Үрүмчү толугу менен аскерлердин колуна өттү. 9-июль, 2009-жыл.

Үрүмчү толугу менен аскерлердин колуна өттү. 9-июль, 2009-жыл.

Бир кылым мурда эле Шинжаңда басымдуулук кылган уйгурлар бүгүн өз мекенинде улуттук азчылыктардын катарына кошулганы калды. Ондогон жылдардан бери хан кытайлардын агып келиши уйгурларды айрыкча нааразы кылган жагдай болуп саналат.

Уйгурлар Чыгыш жана Борбор Азиянын тарыхында терең из калтырган байыркы элдерден. 8-9-кылымдарда алардын Манчуриядан Каспий деңизине чейин созулган империясы болгон.

Орто кылымдарда да, андан соң 19-кылымдын 70-жылдары уйгурлар башка түрк элдери менен эгемен мамлекетке ээ болгон.

Бүгүн уйгурлар негизинен Кытайдын батышындагы Шинжаң дубанында жашайт, бирок Өзбекстанда, Кыргызстанда, Казакстанда да алар бир топ бар. Уйгур жамааттарын Азиянын башка аймактарынан да табабыз.

Чыгыш Түркстан 1940-49-жылдары өз алдынча мамлекет болуп туруп, жумурияттын кыргыздар да кирген жетекчилиги коммунисттик Кытай менен конфедерацияга кошулууга макул болот. Бирок Кытай бийликтеринин айла-амалы менен Чыгыш Түркстан Шинжаң автоном аймагы болуп калат.

Башында Алтай тоолорун байырлаган уйгурлар өз маданияты бар түрк тилдүү калк, дини суни мусулман.

Разимухаммед Абдылбакиев Кыргызстандагы "Иттипак" же «Биримдик» деп аталган уйгурлардын өкмөттүк эмес уюмунун мурдагы жетекчиси. "Азаттык" менен маегинде ал Шинжаң автоном аймагы деген түшүнүктүн өзүнө каршы экендигин мындайча билдирди:

- Шинжаң автоном району деген макамы болгону менен автономиянын жыты да жок. Уйгурларда эч кандай укук жок. Мао Цедун жазган укуктар да жок. Бул саясий, коомдук маселе. Кытайдын тоталитардык бийлиги сөз эркиндигин, басма сөз эркиндигин, жеке адамдын эркиндиктерин, дин тутуу эркиндигин бүт басып койгон. Анан албетте эл көтөрүлөт да.

Өткөн жекшембиде Шинжаңдын баш калаасы Үрүмчүдөгү тополоң Түштүк Кытайдагы оюнчук жасаган фабрикада хан кытайлар эки уйгур жумушчуну өлтүрдү деген кабардан улам башталды.

Тополоңдө Кытай бийликтери 150дөй кишинин каза тапканын кабарлады, бирок аймактагы уйгур булактарына таянып, «Уол Стрит Жөрнал» басылмасында Дүйнөлүк уйгур конгресси полициянын атып, уруп сабоолорунан Үрүмчүдө 400, Кашкарда 100 кишинин өмүрү кыйылганын жазды.

Бул окуя хан кытайлар менен уйгурлардын ортосундагы терең карама-каршылыктын үстүрт белгиси гана. Кытай бийликтери 40 жылдан бери Шинжаңга хан кытайларды массалык көчүрүп, калктын улуттук курамын кытайлар тарабынан өзгөртүүнүн аракетинде болуп келет.

Мындай саясаттын кесепеттери тууралуу Лондондогу Уйгур биримдигинин өкүлү Низам Саметов биздин радиого буларды билдирди:

- Уйгурлардын мынча нааразы болгону, күн сайын өкмөт биздин Ата Мекенибизге жүздөгөн, миңдеген хан кытайларды жөнөтүп турат. Ошол эле убакта Чыгыш Түркстандын түпкүлүктүү эли жумуштун жоктугунан кыйналып келет.

Саметовдун ырастоосунда, Кытай бийликтери ошондой эле улуттун уюткусун суюлтуунун аракетинде уйгурларга Кытайдын башка аймактарынан иш сунуш этет. Натыйжада бүгүн уйгурлар Шинжанда улуттук азчылыкка айлануу коркунучуна кабылды. Уйгурлар бүгүн калктын 45 пайызын гана түзөт, бул калган башка улуттардан аз гана пайыз жогору.

Саметов ошондой эле Кытай бийлиги Шинжан минералдык кендерге, мунай-газга бай болгондугуна да кызыгаарын белгилейт. Ал эми кыргызстандык "Иттипак" уюмунун мурдагы жетекчиси Абдулбакиевдин сөзү боюнча, Кытайда демократиялык система болгондо Шинжаңда абал бүгүнкүдөй курчумак эмес:

- Советтер Союзу кыйрап, кыргыз, казак, өзбек элдери өз алдынча мамлекет болгондо, уйгурлардын да өз алдынчалыкка умтулуусу күч алган. Ал эми бүгүн Кытайдын өкмөтү демократиялык болуп, саясий реформаларды жүргүзсө, мындай тирешүү өзүнөн-өзү жок болмок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG