Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

Тибет кайрадан курчоодо


Кытай - 1959-жылы 10-мартта Тибетте кытай бийликтерине каршы козголоң башталган.Тибет кечилдерин коммунисттик Кытайдын элдик боштондук армиясы курчоого алып,камап жаткан учуру.1959-жылдын апрелинде тартылган сүрөт.

Кытай - 1959-жылы 10-мартта Тибетте кытай бийликтерине каршы козголоң башталган.Тибет кечилдерин коммунисттик Кытайдын элдик боштондук армиясы курчоого алып,камап жаткан учуру.1959-жылдын апрелинде тартылган сүрөт.

Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао тибет лидерлерин сепаратизмге чечкиндүү каршы турууга чакырды. Андан бир күн мурда өкмөт Тибетке кошумча аскер күчтөрүн тартып келген эле.

Кошумча аскер күчтөрү Тибеттин Индия жана Непал менен тогошкон чек араларына жайгаштырылды.

Негизги кан жолдордун,өткөөл жайлардын баары күчөтүлгөн режимде күзөткө алынды.

Быйыл Тибеттеги көтөрүлүшкө 50 жыл болот. 1959-жылы мартта башталган козголоң ырайымсыз басылып,он миңдеген адам кырылган. Тибеттин Далай-лама баштаган өкмөтү Индияга качканга аргасыз болгон.

Былтыр да ушу маалда Тибетте массалык тополоңдор тутанып, алардын арты куралдуу кагылыштарга айланган. Укук коргоочулар эсебинде 200дөй киши мерт болгон, кытай өкмөтүнүн ырасмий санактарында алардын саны 21 деп гана айтылат.

Кытай бийликтери былтыркыдай окуялардан чочулап, провинцияда озунуп коопсуздук чараларын күчөттү.

Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлдөрү ырасташкандай, армияга өлкөнүн чек араларында, айрыкча Тибетте стабилдүүлүктү камсыз кылуу милдети жүктөлдү.

“Тибеттеги демократиялык реформалардын 50 жылдыгы” деп аталган датага байланыштуу Кытайдын мамлекеттик кеңешинин - өкмөттүн - басма сөз кеңсеси атайын билдирүү да жарыялады.

Документте Тибеттин “не жартылай”, “не кеңири укуктагы автономия түрүндөгү көз карандысыздыгына эгерим жол берилбей турганы” эскертилет, мындай пландын эч качан ишке ашпастыгы айтылат. Провинцияда былтыркыдай окуяларга да жол берилбейт.

Британиядагы “Тибет коомунун” башчысы Филиппа Кэррик буга байланыштуу өз пикирин билдирип,“мунун өзү кытай бийликтери тибеттиктерде капыстан эле адилеттикке жана туурачылдыкка негизденген керемет саясат жүргүзө баштады деген сөз эместигин” баса белгиледи.

Тескерисинче, “мунун баары Тибетте алар согуш абалын киргизип, жергиликтүү элди кысмактай баштаганын көрсөтөт”.

Далай-ламанын бөлөсү,тибеттиктердин сүргүндөгү парламентинин депутаты Кхедруб Тхондуп кытайлыктар такай күч колдонуп жатканын, Тибет проблемасын алар кантип чечүүнү билбей турганын билдирди.

Эгер бул маселени чечкиси келсе, биринчиден, алар Далай-лама менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү зарыл, экинчиден,тибет эли эмнени каалап, эмнеге умтуларын түшүнүшү керек. Тибет эли – адам укуктарынын сакталышын, диний эркиндик берилишин каалайт”, - деп айтты Тхондуп.

Мамкеңештин басма сөз кеңсеси таркаткан документте батыштагылардын Далай-ламаны “тибеттиктердин диний лидери”, тынчтыктын элчиси”, “адам укуктарынын коргоочусу” катары караган көз караштары, дегеле “тибет маселесин” дамамат козгоп жүрүшкөнү “Кытайды ичтен бөлүп-жарууну көздөгөн империалисттик күчтөрдүн аракети”, ”Кытайды колонияга же жарым колонияга айланткысы келген ири державалардын тымызын кутумдугу” деп бааланат.

Бүткүлкытай эл өкүлдөр жыйынын туруктуу комитетинин төрагасы У Банго буга удаалаш “демократиянын батыштагыдай түрү Кытайда эч качан болбой турганын” эскертти.
XS
SM
MD
LG