Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Кытайда тибет кечилдери камалды


Индия -- Далай-лама 12-мартта өткөргөн маалымат жыйыны маалында.

Индия -- Далай-лама 12-мартта өткөргөн маалымат жыйыны маалында.

Кытайдын түндүк-батышындагы Цинхай провинциясындагы тополоңдо жүзгө жакын тибет кечилдери камалды. Алардын көбү өздөрү колго түшүп беришкенин Синхуа маалымат агенттиги кабарлады.

Ишемби күнү Цинхай провинциясынын Рагуа шаарчасында Тибеттин көз карандысыздыгын үгүттөп жүргөн бир диссидент- кечил камактан качып кеткен эле.
Аны бийликтер алиге чейин таппай жатышат, башка бир булактар аны капчыгайдан сууга боюн таштап өлдү дешет.

Шаардагы тополоңго ушул каңшаар себепчи болду. Жүзгө жуук жаалданган адамдар жергиликтүү полициянын кеңсесин курчап алып, имараттан тышка чыккандарды таш бараңга алышты,айрымдарын тепкилеп салышты.

Синхуа агенттиги таркаткан кабарда полициянын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү “жеңил жарадар” болгону айтылат. Алты адам кармалды, калган 89у өздөрү полицияга колго түшүп беришти. Алардын баары шаарчадагы ибаадаткананын кечилдери дешет.

Кытай бийликтери Тибеттеги козголоңдун 50 жылдыгына байланыштуу массалык акциялардан чочулап, ушул айдын башталышында провинцияга кошумча аскер күчтөрүн киргизген, чек араларда коопсуздук чараларын күчөткөн.

Сүргүндөгү тибеттиктер жамааты өткөн аптанын этегинде интернет аркылуу кытай полициясы жергиликтүү калкты уруп-сабап, тепкилеп жаткан бир канча эпиздорду таркатышты. Кадрларда 1988-жылдан бери Тибетте болуп жаткан демонстрацияларды бийликтер күчкө салып кантип басып келатканы баяндалат.

Сүргүндөгү тибет өкмөтүнүн өкүлү 2009-жылдын 31-январына чейин эле полициянын ур-токмогунан 220 киши өлгөнүн билдирди.

Былтыр мартта Тибеттин өзүндө козголоң чыгып, ондогон адамдар набыт болгон. Тополоң тибеттиктер чогуу-чаран жашаган башка аймактарга да тараган.

Далай-лама Тибеттеги козголоңдун 50 жылдыгына байланыштуу жасаган билдирүүсүндө провинцияга “кеңири укуктагы автономия берүү” сунушун кайра айткан эле. Кытай бийликтери муну “көз карандысыздыкка тете келген” талап деп баалап, кескин четке кагышты.
XS
SM
MD
LG