Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Үрүмчүгө кытай бийликтери жыйырма миң аскер киргизди. Бирок кырдаал дале коогалуу бойдон турат. Коопсуздук күчтөрү уйгурлар жана ханзулар жашаган маалаларды өз-өзүнчө бөлүп, катуу күзөтө баштады. Шаршемби күнү майда-барат кагылыштар болгону кабарланды. Шаар бийликтери кырдаал көзөмөлгө алынганын айтышууда.

Шаарды күндүр-түндүр агитациялык автобустар кыдырып, алардан үн күчөткүчтөр аркылуу калкты "сабырдуу болууга, бардык улуттарды жаркын келечек үчүн биригүүгө" үндөгөн чакырыктар айтылууда. "Шинжандагы бардык элдин тагдыры жана жүрөгү бир экенин" шаар үстүнө ташталган баракчалар да эскертүүдө.

Кытайдын коомдук коопсуздук министри Менг Жианжу үрүмчүлүктөргө кайрылган сөзүндө тополоң үчүн күнөөнү калкты кайраштырып, өрт чыгаргысы келгендерге жүктөдү. "Мунун түпкү тамыры саясатта, бу жаңжал сепаратисттер менен антисепаратисттердин саясий күрөшүнүн бир бөлүгү болуп саналат", - деп айтты кытай министри.

Жоопкерчиликти кытай бийликтери Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессине жүктөгөн эле. Бирок бул уюмдун АКШдагы,Европадагы лидерлери муну караманча четке кагышты.

Шинжандан алынган маалыматтарга таянып, конгресстин баш катчысы Долкун Иса үч күн ичиндеги кагылыштарда набыт болгон уйгурлардын саны 600-800 адамга жетти деп ырастады. "Бийликтер аларды эч качан аябай турганын билип туруп,өз боордошторубузду кагылыштарга кантип тукурмак элек",-деп айтты ал Батыш маалымат агенттиктерине.

Үрүмчү шаардык компартиянын жетекчиси Ли Чжи тополоң маалында кылмыш кылгандардын, адамдардын канына забын болгондордун баары өлүм жазасына тартыларын эскертти. Ушу күнгө чейин 1400дөй киши кармалды, набыт болгондор саны ырасмий маалыматтарда 156 адам, алардын көбү ханзулар деп айтылат.

Үрүмчүдө дүкөндөр жабылды, базарларда азык-түлүк үч-төрт эсе кымбаттады. Эң зарыл тамак-аштын түрлөрүн шаарлыктар талап алып жатышат. Үрүмчүнүн өзүндө,ага жакын Кашкарда жана Турпанда телефон байланышы үзүл-кесил иштеп калды,интернет буулуп салынды.

Шинжандагы жагдайды эл аралык коомчулук да агылгалап байкап-багып турат. Евросоюздун төрагасы Швеция бардык тараптарды токтоолукка, тополоңдун себептерин мыйзам жолу менен тынч териштирип чыгууга, кармалган бардык адамдарын укугун так сактоого чакырды. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон да ушундай чакырык менен кайрылды. Россия болсо Шинжандагы окуяларды толугу менен Кытайдын ички иши деп баалады.

Түркиянын премьери Режеп Тайып Эрдоган Шинжанда түрк тилдүү калк туш болгон абал ырасмий Анкараны камтама кылып жатканын айтып, Түркия алдыдагы эки жыл ичинде Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары уйгур проблемасын сөз кыла турганына ишендирди. "Тек адамгерчилик жүйөөдөн улам деле көңүл бура турган иштер бар",-деп айтты түрк премьери.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин вице-президенти Аскер Жан Мюнхендеги маалымат жыйынында "немец канцлери Ангела Меркел бул маселеге Италиядагы саммитте "чоң сегиздин" назарын бурат деп үмүт кылып жатышканын" билдирди.

"Эгер кытай бийликтери акылына келбесе, эгер алар мындан ары да баарын одоно күчкө салып басканга аракет кыла берсе, кырдаал ого бетер курчуп кетиши мүмкүн",- деп эскертти уйгурлар конгрессинин жетекчиси.

Соңку үч кылым ичинде Шинжанда көз карандысыздык үчүн уйгурлар 400 жолу көтөрүлүшкө чыгышкан. Кытай бул аймакты 1955-жылы гана биротоло өзүнө каратканга жетишти. А кезде Шинжанда бар болгону 200 миң гана ханзу бар эле, азыр алардын саны кырк эсе көбөйдү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG