Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Кытай: кум аралаш бороон коштогон кургакчылык


Кытай. Гонконгдун Виктория портунун үстү. 15-март 2010
Кытай. Гонконгдун Виктория портунун үстү. 15-март 2010

Кытай табияттын каардуу сыноосун баштан кечирүүдө. “Irish Times“ гезитинин жазышынча, 51 миллион адам кургакчылыктан кыйналууда.

Өлкөнүн түштүк-батышында айдоо жерлер кургап, суунун баасы өсүмдүк майынан кымбат болуп кеткен. Көпчүлүк аймактарда чукул кырдаал абалы жарыяланган. Кытайдын түндүгүн кум аралаш бороон каптап, борбор шаар Бээжинде асман кумдан саргылтым тартып

Кытай түштүгүндө 20,5 млн. адам, 11 млн. мал жандыктары суу жетпей кыйналууда.

көрүнөт.

Аял баласы менен кумдуу бороондо баратышат. Кытайдын түндүк батышындагы Гансу провинциясы, Ланжоу аймагы. 23-апрель 2009
Кургакчылыктан айрыкча Юньнан, Гуйчжоу, Сычуан провинциялары, ошондой эле Гуанси-Чжуанси автоном району жана Чунцин шаары жабыркоодо. Кытайдын түштүк-батышындагы береги беш аймак өлкөнүн жалпы аянтынын 83 процентин түзөт.

Бул аймактарга былтыр күздөн бери жамгыр жылдагыдан эки эсе аз жааган. Жергиликтүү бийликтер чара жоктон улам айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн булуттарга даары сээп, жамгыр чакырууда.

Өндүрүштө сууну пайдаланган ишканалар токтотулган.

“China Daily” гезитинин жазышынча, Кытайдын түштүгүндө 20,5 миллион адам жана 11 миллион мал жандыктары суу жетпей кыйналууда. Кургакчылыктын кесепетинен 4, 3 миллион гектар жер жабыркап, 940 миң гектардан ашуун жерде түшүм өспөй калганы ырасмий маалымдалды. Бул жерлердин теңинен көбү Юнан провинциясында.

Апааттуу аймактарда күрүчтүн, эттин, жумуртканын жана жашылча-жемиштердин баасы орточо 15 процентке кымбаттап кеткен.

Өкмөт кургакчылык каптаган аймактарга көмөккө 54, 4 миллион доллар чегергенин Табигый алааматка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик комиссия билдирди.
Цинглонг кыштагынын жашоочусу кумдуу бороондо. Хебей провинциясы, Кэнгбао аймагы. 21-апрельl 2006.


Ордолуу Бээжинге асмандан кум электен элегендей себелегендиктен, элге “Көчөгө өтө зарыл болгондо чыккыла, сыртка чыкканда беткап кийгиле” деген кеңеш берилген. Шаарда ошентип “аба ден соолук үчүн коркунучтуу” деп жарыяланды. Бирок анын чыныгы сапаты кандай экени коомчулук үчүн беймаалым.

Кытайдан учкан кум мухиттин аркы жээгиндеги АКШга чейин жетип, Лос Анжелесте унаалардын сыртын кум упадай каптап жатканы маалымдалууда.

Кытайда эң кубатуу кум аралаш бороон 2006-жылы болгон. Анда Бээжинге 300 тонна “кум жааган”. Баш калаада соңку 10 жылда жашап жаткан Цзянг Чең деген жигит 20-март күнү терезеге карап, өз көзүнө өзү ишенбегенин айтат: “Ойгонуп эле сыртты карасам, асман кызарып туруптур. Аалам кыпкызыл экен. Коркуп да кеттим. Шамалдын ышкырыгын эшиттим. Жумуш мөөнөтүм болгондуктан, сыртка чыксам тез эле бетим кум болду. Көзүм жакшы көрбөй калды. Эмне болуп жатканын да түшүнбөдүм”.

“Irish Times“ гезити жазганга караганда, Кытайдагы кургакчылык токойлорду айоосуз кыйып азайтуунун, шаарлардын ылдам өсүүсүнүн, мал жайыттын кеңейүүсүнүн жана кургакчылыктын туундусу болду. Азыр Кытайдын жалпы аянтынын үчтөн бири кумдуу чөлдү түзөт.

Кытай Илимдер академиясынын эсеби боюнча, өткөн кылмыдын экинчи жарымында кумдуу бороондор мурдакыдан алты эсеге өскөн жана жылына 24 жолу кум жаачу болгон.

XS
SM
MD
LG