Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Үрүмчүдө кырдаал татаал бойдон калууда


Кимди ким угат? 7-июлдагы Үрүмчүдөгү аялдардын нааразылык акциясынан бир көз ирмем.
Кимди ким угат? 7-июлдагы Үрүмчүдөгү аялдардын нааразылык акциясынан бир көз ирмем.

Кытайдагы Шинжаң-уйгур автономиясынын борбору - Үрүмчүдө жаңы баш- аламандыктарды болтурбоо максатында коменданттык саат киргизилди. Мындай чара хан кытайлардын тобу шаардагы уйгурларга таандык дүкөндөрдү талкалагандан кийин кабыл алынды.

Үрүмчүдө шейшемби күн да калаба менен өттү. Уйгурларга караштуу дүкөндөрдү талкалап жүргөн шамшар-союлчан жүздөгөн хан кытайларды полиция көздөн жаш агызчу газ атып таркатты. Эртелеп 200дөй уйгур, көбүн эсе аялдар 5-июлдагы кандуу окуяга

"Үрүмчү, Или, Кашкар, Хотан жана Яркендде абал опурталдуу. Бул шаарларда коопсуздук күчтөрү эки эсе көбөйтүлүп, танктар жана куралдуу машинелер көчөлөрдү күзөтүүдө."
Эркин Алптекин.

катыштыгы бар деп кармалган 1400дөн ашуун адамды бошотууну талап кылып, көчө жүрүшүн өткөрүштү. Атын атабаган уйгур киши кытайча мындай деди:

Үрүмчүдөгү уйгур аялдардын нааразылык акциясынан бир көрүнүш. 7-июль.

- Алар баарын кармап кетишти. Бардык аялдарды, балдарды да кармап кетшти. Алар али камакта отурушат. Жети, сегиз жаштагы балдар азыр темир тордун артында отурушат. Кытайда мыйзам жок. Мыйзам тандалган адамдарды гана коргойт.

Хан кытайлар менен уйгурлар арасында кагылышуу болгону, али да Шинжаңдын көпчүлүк бөлүгүндө Интернет байланышы жок экени кабарланды. Кагылышуу нааразылык акциясынын катышуучулары полицияга чукулдап калганда чыккан.

Кытай Компартиясынын Үрүмчү шаардык комитетинин катчысы Ли Жу полициянын күч колдонуусун жактап, бул башкалар үчүн сабак болот деди:

– Биз аялдардын жана балдардын коопсуздугун коргойбуз. Ким тополоңго катышса, ким зобун жасап, тартип бузган болсо, аларга сабак болсун үчүн тийиштүү жазасын беребиз.

Үрүмчүдөгү чатактын жаңырыгы тыш өлкөлөргө да жетти. Дүйшөмбү-шейшемби күндөрү Гаагадагы, Мюнхендеги Кытай консулдугу жана Анкарадагы Кытай элчилиги алдында уйгурлардын тобу нааразылык акцияларын өткөрүштү.

Кытай бийликтери Шинжаңда болгон тополоңдор үчүн Уйгурлардын дүйнөлүк курултайын күнөөлөдү. Курултайдын төрайымы, АКШда сүргүндө жашаган Рабия Кадыр “Азаттыкка” берген интервьюда айыптоону четке какты:

- Кытай өкмөтү тынч жана мыйзамдуу демонстрацияны “толкундоо” деп мүнөздөдү. Алар бул окуялар үчүн мени күнөөлөштү. Бирок ага менин эч катышым жок. Кытай өкмөтүнүн 60 жыл бою уйгурлардан башка да өзбек, казак жана кыргыз сыяктуу түрк элдерин басынтып келди. Алардын он миңдеген өкүлдөрү абакка салынды. Бул эл демократия дегенди билет жана нааразылык акциясына чыгышты.

Кадыр айымдын сөзүнчө, ага түшкөн маалыматтар боюнча Үрүмчүдөгү калабада 400дөн ашуун адам өлгөн. Кытай өкмөтү 156 киши өлүп, 800дөй адам жараат алганын билдирген.

Ырасмий булактар региондун экинчи чоң шаары Кашкарда дүйшөмбү күнү кечинде демонстрацияга чыккан 200гө жакын уйгурду полиция кууп таркатканын маалымдашты.

Уйгурлардын дүйнөлүк курултайынын мурдакы төрагасы Эркин Алптекин жана Тибеттиктердин сүргүндөгү көсөмү Далай Лама.

Уйгурлардын дүйнөлүк курултайынын мурдакы башчысы Эркин Алптекин Мюнхенден “Азаттыка” берген интервьюда, Шинжаңдагы кырдаалды мындай мүнөздөдү:

- Кырдаал өтө татаал. Үрүмчү, Или, Кашкар, Хотан жана Яркендде абал опурталдуу. Бул шаарларда коопсуздук күчтөрү эки эсе көбөйтүлүп, танктар жана куралдуу машинелер көчөлөрдү күзөтүүдө. Түн ичинде адамдардын көчөгө чыгуусуна уруксат жок. Коопсуздук күчтөрү бул шаарларда үймө-үй тинтүү жүргүзүп, демонстрацияга катышты деген жана катыша алчу жаш жигиттер менен аялдарды камакка алууда.

Алптекиндин бул сөзү көз карандысыз булактар тарабынан тастыктала элек.

Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча кеңсеси тараптарды “чоң трагедия” дагы кайталанбас үчүн тараптарды сабырдуулукка үндөдү. БУУнун Адам укугу боюнча башкомиссары Нави Пиллай айымдын өкүлү Руперт Колвилле шейшемби күнү Женевада башкомиссардын атынан мындай билдирүү жасады:

“Башкомиссар жекшемби күнкү Үрүмчүдөгү тополоңдо көп адамдар набыт болгонуна жана региондогу курч кырдаал жөнүндөгү кабарларга тынчсызданууда. Жогорку комиссар кытай жана уйгур жамааттарыныни лидерлерин, ошондой эле бардык деңгээлдеги Кытай бийликтерин жаңы зобун-зордуктарды жана кан төгүүлөрдү болтурбоо үчүн сабырдуу болууга чакырат.”

Бир катар укук коргоочу уюмдар камакка алынгандар кыйноого алынышы ыктымал, уйгурларга катаал мамиле кылуу этникалык тирешүүгө дагы от таштайт деген кооптонууларын билдирди.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги адам укугун коргоочу уюмдарды нааразылык акциясынын катышуучулары “өлтүргөн же жарадар кылган адамдарга эч кандай ымаласын билдирбеди” деп сындады.

XS
SM
MD
LG