Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Көзү тирүү болгондо Чыңгыз Айтматов бүгүн сексенге толмок. Адам баласына өлчөлүү өмүр, өктөлүү тагдыр берген жазмыш аны быйыл жайда арабыздан алып кетти. Улут үчүн бул опсуз чоң жоготуу болду.

Өзү жок болсо да эсил кишинин мааракеси эл-журтта майрамдалып жаткан бу күндөрү анын улут тарыхындагы жана тагдырындагы, көркөм маданияттагы орду тууралуу ой толгоп отуруп, кайра эле: “Айтматовдой чыгаан бир азамат кыргыздан эми чыгар бекен?” - деп камсыктырган санаага кабылбай кое албайсың.

Деги мынчалык кабырга кайышып, өктөө кылгыдай азыркы кыргыз үчүн Айтматов ким эле? Тек бир таланты менен көптөрдү тамшандырган жазуучубу же башка кыяпта да баалап, барктай турган адамбы?

Дүйнөлүк адабияттын алтаны

Айтматов, арийне, биринчи кезекте сүрөткер эле. Болгондо да азыркы заманда залкар аталган сөз зергерлеринин алдыңкы сабында турган, алардын алтандарына кирген сүрөткер болчу. Ал эми мындай таланттар көрүнгөн эле элдин шыбагасына бүтө бербейт, ар кандай эле калкка жазмыш аларды атаа кыла бербейт, андайлар жаза тайып кылымдап барып бир жаралып калат. Алп таланттардын аз сандуу элдер арасынан чыкмагы андан бетер кыйын болот.

Чыңгыз Айтматов. Фрунзе, 1985-ж.
Эгер Айтматов ушундай улуу таланттардын уркунан болбогондо кыргыз аны төбөсүнө көтөрүп, ураалап турганда да анын атак-даңкы азыркыдай бийик угумга жетмек эмес. Айтматов азыр катаал тарых өзү тандап, кылчыпкасынан сарыктырып өткөрүп, адамзаттын көөнөргүс көркөм байлыгы катары тааныган дөөлөттөрдү түзгөн дүйнөлүк сүрөткерлер менен ойчулдардын арасында турат.

Россиялык белгилүү адабиятчы Евгений Сидоров биздин Москвадагы кабарчыбыз Муса Мураталиев менен болгон маегинде Айтматов кара сөздүн эле чебери эмес, өз чыгармалары менен бүтүндөй бир ааламды жараткан жазуучу болгонун, ушу замандагы орус интеллигенциясына да анын таасири тийгенин белгиледи. Орус адабиятчысынын айтымында, Айтматов “далай кылымды карыта турган” жазуучу.
“Айтматов – дүйнөлүк адабияттын көч башчысы”. М.Шаханов, казак акыны.

Белгилүү казак акыны Мухтар Шаханов Айтматовду “дүйнөлүк адабияттын көч башчысы” катарында баалайт. “Айтматов кыргыздын Манастан кийинки эч кайталанбас улуу инсаны”,- деп айтты ал кабарчыбыз Кожогелди Култегинге.

Жаны өзүнүкү, жасаты элдики

Албетте, таланты таш жарып, аты урумга угулган сүрөткер деле элдин табагына аш салып, анын арыбас абыгерчилигин азайтып бере албайт. Бирок чыныгы сүрөткер өз эли үчүн андан да ашкан маанилүү озуйпаны аткарат: өзү аркылуу дүйнөгө өз элин даңаза кылат, анын атын чыгарат, өзү аркылуу өз элинин рухий каркын-күчү канчалык экенин көрсөтөт. Чыныгы жазуучунун жаны өзүнүкү, жасаты элдики болот.

Анын сыңарындай Айтматов ХХ кылымдын экинчи жарымында жеке бир адамдын ысымынан улуттун ысымына өсүп чыкты, “Чыңгыз” жана “кыргыз” деген эки сөздү бир түшүнүктүн туюнтмасына айлантты. Алыс-жуук жамааттын баары айрып алгыс эгиздей Чыңгыз десе кыргызды, кыргыз десе Чыңгызды таанып калды.
“Айтматов далай кылымды карыта турган жазуучу”. Е.Сидоров, орус адабиятчысы.

Дегинкисинде Мухтар Шахановдун өйдөкү оюн улап, Айтматовду улуттун соңку беш жүз жылдык реалдуу тарыхында Мукамбет-кыргыздан кийинки экинчи улуу кыргыз деп айтса болот. Мукамбет-кыргыз – уламыштарда аны Тагай бий дешет – чабылып -чачылгандан калган ар уруу тайпадан кыргыз деген эл кураса, Айтматовдон азыркы замандагы элдин көбү бүгүнкү кыргыздын аң-сезим деңгээлин, анын ой чабыт бийиктигин, улуттук рухунун ажайып көркүн көрдү; Айтматов аркылуу алар азыркы кыргыздар көп элден калышпаган, аларга эгей-шыгай турган калк экенине ынанышты. Ушундан улам Айтматовду азыркы замандагы кыргыздын рухий атасы болгон деп айтсак толук жарашат. Бери эле дегенде ал кыргыздын улуттук мандаты, анын азыркы доордогу “кароол дөбөсү” экени калетсиз.

Кыргыз, Чыңгыз – эгиз сөз

Кыргыздын канча кылым карыткан өтмүшүндө караңгыдан жол тапкан акылмандары, капилеттен сөз тапкан ак таңдай акындары менен чечендери, жетимиш илек кол келсе, жеке кирип кол салган баатырлары, айтор, өз өнөрү менен калың журтка аттын кашкасындай таанылган, коңшу-колоңдогу замандаш элдерге даңкы жеткен далай эле таланттуу адамдары болгон. Бирок өз элинин гана эмес, жалпы Евразиянын улуу өкүлү, өз заманындагы көңкү көк түрктүн абийири, ар-намысы жана сыймыгы, анын кеменгер философу жана озук ойчулу деген баага арзыган мүлдө тарыхтагы атпай кыргыздан жалгыз ушу Айтматов болду.

Далай заман өтүп, эчен доор алмашар, бирок кыргыз аман турганда Чыңгыз Айтматовдун ысымы улуттун сыймыгы, анын туусу болуп жашай берет!

Ылайым Кыргыз жана Чыңгыз деген эки ысым эгиздей болуп түбөлүк турсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG