Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

2009-жылы жаңы кызматка дайындалып, зоболосу арткандар көп болду. Алардын арасынан президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин триумфалдуу түрдө “ак үйгө” келишин баса айтса болот. “Азаттыктын” респонденттери дал ушул фигураны баса белгилешүүдө.

Президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин аркасынан ал бийликке келе электе эле көптөгөн кеп-сөздөр эрчип жүрчү. Оппозиция өкүлдөрү ошондо эле Кыргызстанда кыбыр эткендин бардыгын президенттин кичүү уулу башкарып калганын, өлкөдөгү бир дагы ири инвестициялык, бизнес долбоорлору ансыз өтпөй турганын айтып, кыйкырып калышчу. Бийлик өкүлдөрү андай сөздөрдүн бардыгын түккө турбаган нерсе, ушак катары баалашып, президент үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын айтышчу. Президенттигинин алгачкы мезгилинде бир курдай К.Бакиев үй-бүлө мүчөлөрүн бийликке аралаштырбай турганын, кичүү уулу тууралуу айтылгандар ушак экенин, Максим Бакиев чет өлкөлөрдө бизнесин кылып тынч жүргөнүн айтканы бар.


Бирок былтыр 29-октябрда президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Максим Бакиев Кыргызстандын Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды. Дал ушул дайындоодон кийин бийликте “непотизм” илдети өрчүп кеткени, өлкө биротоло бир үй-бүлөнүн менчигине айланганы катуу айтыла баштады.

Маким Бакиевден мурда эле президенттин бир туугандары ар кыл мамлекеттик кызматтарга келип калышкан болчу. Маселен, президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын башына, бир иниси Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин башына, дагы башка иниси Адыл Бакиев Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине барып калган. Президенттин дагы башка бир тууганы Каныбек Бакиев Сузак районундагы Ырыс айылдык округун башкарып келатат. Ал эми президенттин өз үй-бүлөсүнөн улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары кызматын ээлеп келет.

Айрым талдоочулардын айтымында, булардын кызматта отурганы бир тең, Максим Бакиевдин бийликке келиши бир тең болду. Анткени, М.Бакиев башында турган Өнүктүрүү агенттиги иш жүзүндө премьер-министрди баш кылып баарын башкара турган күчкө ээ болуп калды.

М.Бакиевдин дайындалышы, баш мыйзамдын бузулушубу?

Кимиси тууганы, кимиси иниси болсо дагы, кимиси кайсы жакта иштесе дагы, биз алардын кылган ишине карашыбыз керек. Б.Абдрасаков


Президент өз уулун ири кызматка алып келип, баш мыйзамды бузган кадам жасаганы да көп айтылды. Президенттин мамлекеттик башкарууну реформалоо саясатынын негизинде түзүлгөн Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги учурда иштеп аткан баш мыйзамда жок орган. Бийлик оппоненттеринин айтымында, мындай болгон соң М.Бакиевдин кызмат орду да эч кандай мыйзамга дал келбейт. Анын үстүнө Эмгек кодексинде да чоң кызматта тургандар өзүнө түз баш ийген кызматтарга жакындарын алып келбеши керектиги жазылган.

Ал эми бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул жерде М.Бакиевдин президенттин уулу болгондугу эмес, анын профессионалдык деңгээлинин жогорулугу, өлкө келечеги үчүн пайдасы маанилүү.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, башкарууну реформалап алгандан кийин деле баш мыйзамды тууралап койсо болорун айтып, кыйла катуу сынга кабылган. Ал эми ушул эле фракциянын дагы бир мүчөсү Бейшенбек Абдрасаков болсо, анын президенттин уулу экендиги эмес, мыкты адис экендиги маанилүү экендигин айтат:

Бейшенбек Абдрасаков

- Кимиси тууганы, кимиси иниси болсо дагы, кимиси кайсы жакта иштесе дагы, биз алардын кылган ишине карашыбыз керек. Туугандыгына карабашыбыз керек. Адистигине, ишине, тажрыйбасына карашыбыз керек.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Эмил Каптагаевдин пикиринде, президенттин өз уулун кызматка алып келиши, өлкөнүн жогорку бийлигин укум-тукумуна калтыруу аракети жүрүп атканын ачык көрсөтүп койду:

- Муну биз башынан эле айтып келатабыз. Өлкөдө азыр бир үй-бүлөнүн жеке бийлиги орноду. Бакиевдер мамлекеттик бийликти басып алды. Мына ошол мамлекеттик бийликти Бакиевдердин укум-тукумуна калтыруу максатын көздөгөн кадамдардын бир көрүнүшү – бул баласын дайындаганы. Мына баласынын азыркы кызматы конституцияда дагы, башка мыйзамдарда да жок кызмат. Президент өзү колун коюп, ант берген баш мыйзамды аттап, тебелеп-тепсеп, өзүнүн баласын мамлекеттеги экинчи даражадагы кызматка койду…

Президент К.Бакиев мурда үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесин бир курдай айтып, убадаларын берип келген. Оппозиция күчүнө толуп турган 2006-жылы президент УТРКга интервью берип атып, өзү же үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн өлкө кызыкчылыгына каршы келген иштерге жол бербесин айткан эле:

- Президенттин баласы турат, тигиниси турат, мунусу турат десе, ушуга ишенгендер да бар экен. Булар ойлоп атышса керек, дагы эле баягы Акаедин мезгилиндей деп. Менин балдарым, эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу, бир дагы бизнеске аралашпайт. Кимдедир менин балдарымды ушинтип айтып, чоң баласы, кичүү баласы дегендерге такыр ишенбеш керек. Мен дагы мындан кийин эч качан өзүм үчүн же үй-бүлөм үчүн кандайдыр бир кызыкчылыктарга барып, жаман иштерди кылганга эч качан барбайм, шарт түзбөйм дагы…

Курманбек Бакиев

Ошол айткандарынан үч жыл өтпөй президент өзүнө түз баш ийген кызматтарга өз уулун, туугандарын алып келгенге жетишти. Алардын ичинен эң эле таасирлүүлөрү - жогорку өкмөт атка конгон Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси М.Бакиев жана Улуттук гвардияны да кол алдына алууга багыт алып калган президенттин бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев.

Domino effect

Саясат таануу илиминде “домино теориясы” же “домино эффекти” аттуу түшүнүк бар. Ал түшүнүк боюнча бир маанилүү окуя кудум домино жыгылган сыяктуу жанындагылардын бардыгына таасирин тийгизиши мүмкүн. Андыктан, президенттин өз уулун ири жетекчилик орунга алып келиши, дегеле ага-туугандарынын көбү чоң кызматтарда отурганы башка жетекчилерге да таасирин тийгизип, аким, губернатор, министрлер да урук-туугандарын айланасына топтой баштабас бекен дегендей чочулоолор бар.

Ошол М.Бакиев бекитилген күндөн баштап оппозиция дагы кайрадан өз нугуна түшө баштады. Эл дагы көрүп атат абал каякка кетип баратканын. Т.Акеров


Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, президент өз уулун өлкөдөгү эң чоң кызматтардын бирине алып келип бир чети мыйзамдарга каршы иш кылса, экинчи жагынан моралдык-этикалык жактан туура эмес өрнөк көрсөтүп койду:

- Кыргызстандын президенти мыйзамдарды бузду дагы, өз уулун өзүнө баш ийген тармактын жетекчиси, өзүнөн кийинки киши кылып коюп алды.

Маселен буга чейин Марат Кайыповду Адилет министрлигинен алып салган эле президент. Себеп дегенде өзүнүн курсташтарын, туугандарын, жердештерин жумушка алып алыптыр деп. Дагы башка бир катар жетекчилерди ушундай негиз менен кызматтан алган. Ал эми бул жолу болсо эмнегедир өзүнүн уулун алып келип, мамлекеттеги экинчи даражадагы кызматка коюп алды. Бул деген мамлекеттин мыйзамдарын, Кыргызстандын элин сыйлабастыкка жатат.

Табылды Акеров

Ошондой эле серепчи Т.Акеровдун баамында, М.Бакиевдин чоң кызматка дайындалышы менен өлкөнүн саясий айдыңы кыйла жандана түштү. Бир чети оппозиция жанданып, 2005-жылдагыдай эл арасында үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу кеп-сөздөр күчөдү. Ал эми серепчи айрым чөйрөлөрдө айтылып келаткандай, “Бакиевдин учурунда экономика өсүп, ГЭСтер курулуп атат” деген сыяктуу сөздөргө мындайча жооп берди:

- Албетте, Кыргызстанды өнүктүрүш, өстүрүш үчүн жеке эле Бакиевдердин урук-туугандары эмес, жалпы кыргыз эли аракет кылып атат да. Жалпы кыргыз эли жеңишке жетиш керек да. Мына ушундай негизде кетиш керек да. Бизде болсо тилекке каршы андай болгон жок. Ошол М.Бакиев бекитилген күндөн баштап оппозиция дагы кайрадан өз нугуна түшө баштады. Анткени эл дагы көрүп атат абал каякка кетип баратканын. Ошондуктан абал кайрадан баягы митингилик мезгилдерге жакындап баратат. Анткени тарифтер, баалар да көтөрүлүп кетти…

Ошентип, кайсы бир чиновник непотизмге жол берип, үй-бүлө мүчөлөрүн айланасына топтой баштаса аларды тыйганга жогорку жетекчиликтин моралдык укугу азая түштү.

Жаш реформаторлор келатабы?

Коомчулукта Максим Бакиевдин бийликке келиши “учурдун талабы” болчу дегендер да бар. Андай ойду айткандардын пикиринде, президенттин уулу жаш, жаңыча ой жүгүрткөн, жаңы формациядагы менежер. Анын үстүнө ал өзү сыяктуу жаш, билимдүү кадрларды айланасына топтоодо. Андыктан М.Бакиев башында турган “жаш реформаторлор” жакынкы арада өлкө экономикасын кыйла эле оңдоп коюулары мүмкүн.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Бегалы Наргозуевдин айтымында, М.Бакиевдин бийликке келиши көптөгөн үмүттөрдү жандырды:

Бегалы Наргозуев

- Мага бул дайындоо кандайдыр бир үмүттөрдү берип атат да. Элибиздин жашоо деңгээлинин өсүшүнө жакшы пайдасы тиеби деген үмүттөрдү жандырып атат. Себеби министрликтерге кандай гана акча келбесин, кандай гана акчалар өнүктүрүү бюджетине бөлүнбөсүн, ошол акчалар ар түрдүү коррупциялык аракеттердин натыйжасында кумга сиңген суудай жок болуп, жыйынтыгы чыкпай жатчу эле. Азыр бул дайындоонун негизинде менин оюмча Максим Курманбекович иштин жыйынтыгына кызыкдар киши катары ар бир тыйын эсебинде болот. Мен ойлойм, бул киши жаш жетекчи катары жыйынтыкка кызыкдар. Анын негизинде коррупцияга бөгөт коюлуп, кийинки жылдары элдин жашоосунун оңолушуна жардам береби деген чоң үмүт менен отурам. Менин оюмча биздин элдин жашоо-жыргалчылыгына алып келчү дайындоо деп эсептейм.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин айтымында, М.Бакиевдин бийликке келиши менен өлкө экономикасын алдыга сүрөй турган эмес, тескерисинче өлкөнү артка тарта турган жагдай пайда болду. Ошондой эле президент өз уулун өзүнөн кийинки жогорку орунга алып келип, жалпы коомго чакырык таштады. Ал чакырык - “мыйзамыңды да сыйлабайм, өзүм каалагандай болот” деген чакырык дейт ал:

Темир Сариев

- Президент – коомго атайын чакырык жасады. “Мен мобундай кылып коём, ушундай болот. Мыйзамыңды, конституцияңды да сыйлабайм. Бул менин оюм”,- деп уулун коюп койду. Бул – коомго, мыйзамдарга каршы чакырык. Албетте мындайды көргөндөн кийин аким, губернатор, министрлери ушинте баштаса, мыйзамды буза башташса кантип айтат ал, “өз иниңди же балаңды алып келбе” деп. Ошондой боло баштаса эч кимдин моралдык укугу жок болот аларды тыйганга. Анткени президент өзү үлгү көргөзүп атат.

Баары план боюнча баратабы?

Айрым талдоочулар эртели-кеч М.Бакиев бийликке келмектигин, керек болсо ал кийинки президент болуп калуусу толук мүмкүндүгүн, эгер ал жарабай калса башкы бийликти Бакиевдердин бирөөсү кармап кала тургандай абал жаралып келатканын, башынан бардыгы ушундай пландаштырылганын айтышат.

2005-жылы бийлик алмашкан маалда мурдагы президенттин эсепсиз байлыгы боюнча атайын комиссия иштеп, өлкөдөгү кирешелүү тармактардын бардыгы Акаевдердин колунда болгону айтылган. Ошондо А.Акаевдин миллиондорун таптырам деп вице-премьер-министр болуп турган Данияр Үсөнов чет элдик адвокат Эдвард Либерманга өз чөнтөгүнөн 500 миң доллар берип, бирок анын дайыны чыкпай калган. Мындай болгонун кийинчерээк мурдагы премьер-министр Феликс Кулов айтып чыккан. Ошол маалда Башкы прокурор болуп турган Азимбек Бекназаров да мурдагы президенттин мүлкү боюнча иштерге киришип, кийин кызматтан алынган.

“Мен мобундай кылып коём, ушундай болот. Мыйзамыңды, конституцияңды да сыйлабайм. Бул менин оюм”,- деп уулун коюп койду. Темир Сариев

Мурдагы президенттин байлыгы боюнча иштердин тынчып калышын, ал мүлктөрдүн кайра бөлүштүрүлүшү менен байланыштырышкан. Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, ал жерде негизги ролду дал ушул М.Бакиев ойногон. Ошол 3-4 жылдан бери президенттин кичүү уулунун ар кыл бизнеси, өлкө экономикасын көмүскөдөн башкарары тууралуу толгон-токой сөздөр айтылды.

Бир курдай анын Орусия издөө салган олигарх Борис Березовский менен байланышы бар экенин, ал тургай Б.Березовский Кыргызстанга жашыруун келип кеткенин айтышкан. Бирок кийин М.Бакиев “Время новостей” басылмасына интервью берип, Б.Березовский менен байланышы жоктугун, ал Кыргызстанга келбегенин айткан.

Евгений Гуревич


Кийин аны “MGN Gorup” компаниясындагы өнөктөштөрү менен өлкө экономикасын өз кызыкчылыгына иштетип атканы үчүн да айыпташты. Аты аталган компания өлкөнүн бир катар стратегиялык тармактарынын активдерин Өнүктүрүү фонду аркылуу башкарууга жетишкен эле. “MGN Gorupтун” алдындагы “MGN Asset Management” компаниясы “Манас” аэропортунун, “Кыргызгаздын”, “Түндүкэлектро”, “Түштүкэлектро”, “Кыргызтелеком”, “Ошэлектро” сыяктуулардын кыйла акциясын башкарууга алган.

“MGN Gorupтун” башкы директору Евгений Гуревич болсо, президенттин уулу менен тааныштыгы жок экенин, Кыргызстанда өз күчтөрү менен эле кыска аралыкта чоң ийгиликтерге жетишкенин айтат. Муну ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып ырастаган. Айтмакчы “MGN Gorupту” М.Бакиев, Е.Гуревич жана М.Надель үчөө курушканы, “MGN” деп дал ушул үчөөнүн ысымдарына байланыштуу аталып калганы да айтылат (Максим – M, Гуревич – G, Надель - N).

М.Надель башкарган “АзияУниверсалБанктын” директорлор кеңешинде да ошол эле Е.Гуревич, А.Елисеевдердин жүргөнү көп нерседен кабар берип турат.

Эми Өнүктүрүү агенттиги иш жүзүндө өлкөнүн бүтүндөй экономикасын, анын ичинде “MGN Gorupка” байланыштуу долбоорлордун бардыгын башкарууга алмакчы. Ал эми М.Бакиев менен башынан келаткан А.Елисеев сыяктуулар чечүүчү кызматтарга барып отурушту.

Ушул сыяктуу ой жоруулардан улам М.Бакиев башынан эле абдан пландуу түрдө өз командасы менен бийликке келүүнү көздөгөнбү деген ой жаралат. Ошол эле “MGN Gorupка” карайт делген “Flexi Communications” компаниясы былтыркы президенттик шайлоодо К.Бакиевдин үгүт иштерин колго алып, эч кандай ысымы жок эле Бакиев деген фамилияны ийгиликтүү түрдө коомго сиңирүүгө аракет кылды. “Бакиев, накта президент!”, “Албетте Бакиев!” деген сыяктуу ураандардын жер жайнап кетиши, ошондо эле бардыгы план боюнча баратканын көрсөткөн дешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG