Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Кочкордо окуучу өлүмүнөн соң мектеп директору иштен алынды


Нарындын Кочкор районунда киши өлүмүнө алып келген окуучулардын мушташынан соң Капар Кадыралиев атындагы мектептин директору иштен алынды. Ошондой эле Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы да жумуштан бошотулду. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева ушундай чечим чыгарганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

19-январда Кочкордо аталган мектептин 10-классынын окуучулары мушташып, бирөө каза тапкан. Экинчиси оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы "Азаттыкка" билдиргендей, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов окуя болгон жерге барып, жаңжалды дыкат териштирүүнү күч органдарына тапшырды. (SE)

XS
SM
MD
LG